Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 18:33

"Жаналгыч" күйөөлөр


Ош улуттук драма театрынын актрисасы Кайыргүл Жуманова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу образ жаратып жаткан учур. (Үсөн Акундун сүрөтү).

Кыргызстанда күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын саны азайбай келет. 23-сентябрда Талас шаарында 25 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты.

Ушул жылдын февраль айында 41 жаштагы аялды күйөөсү мас болуп келип бычактап өлтүргөн окуя катталган.

Анын артында төрт баласы калган. Тартип коргоо органдарынын маалыматына караганда, Кыргызстанда алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапты.

Алардын өлүмүнө жакын адамдары - күйөөсү, баласы же туугандары себепкер болгон. "Аялзат" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышы ушул маселеге арналат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, сегиз айда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жалпысынан 4700гө жакын учур катталган.

Арыздангандардын басымдуу бөлүгү күч колдонуу, уруп-сабоо орун аларын белгилешет. Тилекке каршы төрт учур адам өлүмү менен аяктаган. Укук коргоочулар аялдардын көбү жолдошунан же жакындарынан токмок жеген учурда эч жакка кайрылбай, "оңолуп кетер, экинчи кайталабастыр" деген үмүттө же күйөөсүнүн "экинчи кол көтөрбөйм" деген сөзүнө ишенип кала беришет.

Бирок аял басынтуу, ур-токмокко алуу жанына батып, азаптан кутулбасына көзү жеткенде гана туугандарына, анан тартип коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болот.

Үч бала жетим калды...

Таластагы үч баланын энеси, 25 жаштагы келиндин өлүмүнө 34 жаштагы күйөөсү шектүү катары кармалды. Ал бул кылмышын моюнга алып, иш козголду.

23-сентябрь күнү кечинде Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жаш келин бычакталган.

Жергиликтүү милициянын маалымат катчысы Динара Сарногоева билдиргендей, кылмышка шектүү кармалып учурда сурак да бере баштады. Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү күнөөнү мойнуна алган.

- Талас шаарынын 1974-жылы туулган тургуну Талас шаардык милиция бөлүмүнө 1993-жылы туулган кызы өз үйүндө бычактан жараат алып, каза тапканын билдирген. Аталган факт боюнча окуя болгон жерге тергөө-оперативдик тобу чыгып, текшерүү ишин жүргүзгөн. Кылмышка шектүү күйөөсү экени аныкталды. Ал ошол учурда мас болгонун айткан. Маркум келинчеги ага таарынып, өзүнчө жашап жаткан экен. Милициядан кошумчалашкандай, жубайлар ошол күнү чатакташа кеткен.

Каза тапкан келин Талас шаарындагы көп кабаттуу батирлердин биринде апасынын үйүндө жашап жаткан. Кошуналар келин апасынын үйүнө жакында эле келгенин билдиришкен. Алар кошумчалагандай, келин буга чейин үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашап жүргөн. Каргашалуу окуя болгон күнү маркум жашап жаткан үйдө эч кандай ызы-чуу чыккан эмес.

Окуяга биринчилерден күбө болгон Таласбүбү Эсеналиева буларды айтты:

- Эч ким эч нерсе билбей калды да. Эч кандай ызы-чуу болгон жок. Сиңдиси чуркап келип, бул кошунанын үйүн такылдатып жатыптыр. Мен ары жактан суу алып келаткам. Анан мени көрө коюп эле "эжем кан болуп жатат, көрүп коёсузбу?" деди. Мен жаны чыгып кетти деп ойлогон жокмун. Чуркап барсак эле жерде канжалап жатыптыр…

Дагы бир күбө Максат Оморбеков маркумдун мойнуна жана колтугуна эки жолу бычак сайылганын көргөнүн айтты. Натыйжада, келин окуя болгон жерден эле үзүлүп кеткен. Каргашанын чоо-жайы боюнча маркумдун жакындары комментарий берүүдөн баш тартышты.

Келинди бычактап, өлтүрүүгө түрткөн жагдайлар азырынча айтыла элек. Өз ара келишпестик, чыр-чатактын арты кичинекей мамлекетти кыйратып, сынган айнектей ар тарапка чачыратты. Ортодо балдар энеден ажырап, жетим калды. Тилекке каршы, күйөөсүнүн колунан ажал тапкан бир гана бул таластык келин эмес.

Жыл башында, февраль айында Жайыл районунда мас болуп келген күйөөсү 41 жаштагы аялын бычактап салган. Кийин ал күнөөсүн мойнуна алып, баары мастыктан болгонун, өзү да билбей калганын жана "аялым да качпай койбодубу" деп жооп берген. Маркум келиндин артында төрт баласы калган.​

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акцияда тартылган сүрөт. 2013-жыл.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акцияда тартылган сүрөт. 2013-жыл.

2017-жылы Ош шаарында 39 жаштагы аял кызыл камчы күйөөсүнүн колунан ажал тапкан. Аскер кызматкери менен жубайынын ортосунда чыр чыгып, эркек үйүнө чейин аялын ур-токмокко алып келген. Келин алган жарааттарын көтөрө албай каза тапкан. Дарыгерлер текшергенде, аялдын боору эзилип, башына кан куюлуп кеткени аныкталган. 44 жаштагы күйөөсү камакка алынган.

Ушул эле жылы Базар-Коргондун Бешик-Жон айылында бычакталган аял менен асылган эркектин сөөгү табылган. Милиция жубайлардын ортосунда кызганычтан улам чыр чыкканын, күйөөсү 30 жаштагы аялына бир нече ирет бычак уруп, андан соң өзү сарайга барып асылып калганын билдирген.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, сегиз айда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 235 кылмыш иши козголгон. Анын ичинде "киши өлтүрүү", "ден соолукка атайылап залал келтирүү" беренелери бар.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башкы тескөөчүсү Таалай Алижанов 2018-жылы өткөн жылга салыштырмалуу козголгон кылмыш иштердин саны дээрлик жүзгө көп экенин билдирди.

- Быйыл ушул мезгилге чейин 4688 үй-бүлөлүк фактысы катталган. Былтыркы жылы деле ушундай болчу. Көбүнчө күч колдонуу, зомбулук фактысы боюнча кайрылып жатышат. Зомбулукту мас абалында жасаган учурлар көп. Быйыл сегиз айда эркектерге 4673, аялдарга 216 коргоо ордери берилген.

​Алижановдун белгилешинче, 2000ден ашуун киши үй-бүлө мүчөлөрүн сабаганы үчүн (басымдуу бөлүгү жубайларын) административдик жаага тартылган. Жазанын акчалай көлүмү 500 сом.

Укук коргоочулар, кризистик борборлордун өкүлдөрү Кыргызстанда күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын саны азайбай келатканын белгилеп жатышат.

Буга чейин “Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүн, анын себептерин, жайылган түрлөрүн жана ага көбүнчө кимдер кабыларын изилдөө максатында телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкан 738 адамдын 96,3 пайызы үй-бүлөлөрдө "таш боор мамиле, зомбулук бар экенин" белгилешкен.

Алар үй-бүлөдөгү зомбулукка жумушсуздук жана материалдык кыйынчылыктар, аракечтик жана баңгилик, калктын билими менен маданиятынын төмөндүгү себеп болуп жатканын көрсөтүшкөн.

Суроолорго жооп бергендердин 62,6 пайызынын пикиринде, уруп-сабоо үй-бүлөлүк зомбулуктун көбүрөөк кездешкен түрү болуп саналат. Көп учурда кыз-келиндер күйөөсү, балдары же туугандары тарабынан зомбулукка кабылышат.

"Зомбулукту аялдар да этибарга албайт"

Өзгөчө кызыл камчы күйөөсүнөн качкандарга убактылуу баш калка берип, аларга юридикалык, психологиялык жардам көрсөтүп келаткан "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова сурамжылоонун жыйынтыгын трагедия деп эсептеп жатат.

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Сурамжылоо боюнча ар бир тогузунчу адам зомбулук бар деп айтып жатат. Бул "боло берет" деп ушундай көрүнүшкө макул болуп жатканы. Билген, сезген кишиге бул чоң трагедия. Бизде зордук-зомбулук дегенде үзө чаап, башын жарып, өлтүргөнгө чейин барып жатышат. Бизде бир кыз жанталашып качып жүрөт азыр. Мындан мурда дагы күйөөсү аялын, эки кишини атып, анан өзүн өлтүргөн окуя катталган. Ал деле ажырашкандан кийинки процесс болчу. Бизде жакында ушундай эле сот болгону жатат. Учурда "коопсуздугубузду карап бергиле" деп милицияга кайрылып жатабыз. Зордуктоого кабылган аялдар арбын. Биздин эшигибиз жабылбайт.

Ал эми жакындарынан токмок жеп, оор жараат алып ооруканага кайрылгандар 2010-жылдан бери алты эсе көбөйгөн.

Бул тууралуу Кыргызстандагы кризистик борборлор ассоциациясынын башчысы Толкун Тюлекова билдирип жатат. Анын айтымында, ИИМ же Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматтар деле Кыргызстандагы бул багыттагы анык жагдайды көрсөтө албайт.

Саламаттык сактоо министрлиги берген маалымат боюнча, бир жылда 3 миңден ашуун киши үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ооруканага жатып, дарыланып чыккан.
Толкун Тюлекова.

- Чындыгында үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси өтө курч турат. Ички иштер органдары орто эсеп менен жылына 12 миңдей учурга барып, катташат. Бул милицияга кайрылгандары гана. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги берген маалымат боюнча, бир жылда 3 миңден ашуун киши үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ооруканага жатып, дарыланып чыккан. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылышат, ал жакка орто эсеп менен бир жылда 800дөй киши кайрылат. Бул 2010-жылдагыга караганда алты эсе өстү дегенди билдирет.

Бүгүнкү аялдын токмоктолушу, сабалышы, үй-бүлөдө эзилиши кыздардын келечегине да таасирин берерин психологдор, укук коргоочулар айтып келишет. Толкун Тюлекованын айтымында, тилекке каршы аялдар бул маселеге өздөрү олуттуу карабайт, канчалык орчундуу маселе экенине сезбейт.

- Бул көйгөйгө коом кандай карайт? Аялдар кандай кабыл алат? Анткени жабыр тарткандардын басымдуу бөлүгү аялдар болуп жатпайбы. Кыз-келиндер өздөрү бул көйгөйдүн канчалык олуттуу экенин сезбейт. Кээде алар өздөрү да зомбулук көрүп жашап жатышканын билбейт. "Жашоо ушундай экен" дегендей кабылдашат. Ошондуктан адистердин жардамы жок маселени чечүү мүмкүн эмес. Мамлекет аракет кылып жатат, бирок аялдардын көбү кайрылбайт. Зомбулук көргөн кары-картаңдар кайрылбайт, анткени алар чоңойюп калган балдарынын ур-токмогун айтуудан уялышат.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон учурда жабырлануучу эле эмес, ага күбө болгон кошуна, туугандары да арыз берсе болот деген мыйзам кабыл алынган.

Бирок андан жакшы натыйжа чыкпай жатканын адистер белгилеп келишет. Үй-бүлө зомбулугуна байланышкан маселелерде адатта укук коргоо органдары сынга алынып, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери атайын окуудан да өтүшкөн.

"Эркектер зомбулукка каршы" уюмунун жетекчиси Марат Алиаскаров бул багытта коомчулукка маалымат жетишсиз болуп жатат деген пикирде.

- Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча, ага байланыштуу жоопкерчилик боюнча мамлекеттик деңгээлде маалымат жакшы берилбей жатат. Укук коргоо органдарынын иш-аракеттери бул багытта аз болуп жатат. Мектептерде болобу ушундай иштерди жүргүзсө жакшы болот эле. Экинчиден, коомчулуктун кайдыгерлиги болуп жатат. Кошунасы урушуп жатса, "буларга киришип эмне кылам" деп отура берет.

Буга чейин Улуттар Уюмунун тармактык комитети өзүнүн соңку баяндамасында кыз-келиндердин укуктарын коргоодо кыргыз бийлиги чабалдык кылып жатканын белгилеп, кыз ала качуунун алдын албай жатканы үчүн айыптаган.

Уюмдун адистери Кыргызстанда бул көрүнүштүн азайбай жатканын белгилеп, андан да өкүнүчтүүсү - жабырлануучулар даттанса да кыз ала качкандар тиешелүү жазасын албай калганына кабатыр.

Иликтөөчүлөр кыргыз бийлигин адам укуктарын бузуп, “кыз ала качууга жана күчтөп үй-бүлө курууга жол берүүдө” деп сындаган. Алар укук коргоо органдарын бул кылмыштарга күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тарта албай жатканы үчүн айыптаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG