Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял таяк жейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы медициналык-демографиялык изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, 15 жаштан 49 жашка чейинки ар бир төртүнчү аял жок дегенде бир жолу ур-токмокко кабылат. Изилдөөгө катышкан кыз-келиндердин 4% жыныстык, ал эми 14% эмоционалдык зомбулукка туш болгонун айтып берген. Кош бойлуу кезинде ур-токмокко кабылганын сурамжылоого катышкандардын 7% айткан.

Үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуу жана алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын кадамдары бүгүн Бишкекте талкууланат. Ага мамлекеттик жана тартип коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышат.

Иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстанда гендердик зомбулуктун алдын алуу" долбоорунун жана "Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулуп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG