Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:18

"Аракеч атам жүрөктү муздатты..."


Иллюстрация
Иллюстрация

Атасы аракеч студент кыз үй-бүлөдөгү энелерге, балдарга болгон зомбулукту айтып, "Азаттыкка" кайрылды. Ал аракеч адамдарды ичимдигин таштап, балдарга көңүл бурууга чакырды. 21 жаштагы Айжамал энесинин укугун коргойм деп, ушу тапта юридикалык факультетте окуп жатат.

Айжамалдан бала чагы тууралуу сураганда ичип келип үйдө чыр чыгарган атасын кошо эстейт.

Атасы апасына кол көтөргөнүн беш жашында биринчи жолу көргөн экен. Ошол ый, ызы-чууга толгон көрүнүш күнү бүгүнкүдөй көз алдында.

- Апамды сабап жаткан экен. Катуу кыйкырыктан ойгонуп кеттим. Андан кийин атамдын ичип келип чыр чыгарганын көп көрдүм. Апам бизди жетелеп алып кетип да жүрдү. "Болду ичпейм" десе, кайра келебиз. Атам болсо эски жоругун кайра баштайт. Колуна урунган буюм-тайымды талкалаган адаты бар эле. Жолдо мас болуп темтеңдеп келе жатса, уялганыман жети өмүрүм жерге кирип кетчү.

Канчалык зомбулук көрсө да Айжамалдын энеси аракеч, чоң муштум күйөөсү менен ажыраша алган эмес.

- Апам силер кийин турмушка чыкканда "апасы атасын таштап кеткен экен" деп сөз кылышат. Элге уят болобуз. Андан көрө жаман болсо да атаңар" деп жашап келди.

Айжамал төрт бир туугандын кенжеси. Эжелери турмуш курган. Ата-энеси Жалал-Абадда. Алар менен байкеси чогуу турат. Алтымышка чыкса да арагын койбогон атасына Айжамалдын таарынычы күч.

- Намыстанам. Байкем 25те, атамдын ичкенин көргөн сайын ыйлайт. Досторунан уялат. Эжелерим деле жакшы жумушта иштейт. Жакында эле айылга барып келдим. Атама бир жылдан бери ичип үйдөгүлөргө уйку бербейт экен. Байкем чыдабай кол көтөрүптүр. Ушул жаныма батып кетти. Эми байкемдин келечеги кандай болот? Ал дагы балдарын уруп, балдары чоңойгондо ага да кол көтөрөбү? Атама ыйлап дагы, таарынып дагы айттым. Болбойт экен.

Айжамалдын апасы күйөөсүн ичкиликтен алыстатуу үчүн бардык ыкманы колдонгон. Бир канча жолу бейтапканага жаткырган.

Дарыгерлердин айтымында, аракечтикти оору деп кабыл алмайынча андан кутулуу кыйын. Бирок көп ичкичтер бөтөлкөнүн түбүнө эбак эле түшүп кеткенин моюнга албайт.

Ичкилик деген кесепетти башынан өткөрүп, учурда “Ыйык Рух” коомдук бирикмесин жетектеп жаткан Мусалы Иманалиевдин айтымында, аракеч адам үй-бүлөсүнө, өзгөчө балдарына кылып жаткан зомбулукту түшүнбөйт. Эрки күчтүү болсо гана өз каалоосу менен бул дарттан айыга аларын белгиледи:

- Ичкен адамдын жакындарына аябай эле кыйын. Алар ит көрбөгөн азапты көрөт. Өзгөчө аракеч атасы менен жашаган кыз кишиге кыйын. Ыйлайт, уялат. Бирок, аны ичкен адам тушүнбөйт. Мен ошол нерсени түшүнгөндө гана таштагам. Ал жон териси менен сезгенде гана айыгам деп аракет кылат. Мисалы, жакындары, аялы же балдары борборго алып келген кишилер айыгышпайт. Алар аракет дагы кылышпайт.

Көчмөндөр гени аракка туруштук бере албайт

​Көчмөндөр гени аракка туруштук бере албайт

Эксперттер ичкиликтен жабыр тарткандардын санынын азайбаганына Кыргызстанда көмүскө спирт ичимдиктерине көзөмөл жүрбөй жатканын да кошуп келишет.

Биздин каарман Айжамал "Азаттык" аркылуу ичкен адамдарга кайрылды. Ал аракеч адамдарды адегенде балдарын ойлоп, аларды аяганга чакырды:

- Ичкен кишилерге арагыңарга токтотуп, балдарыңардын келечегин ойлогула дегим келет. Бат эле карыйсыңар ошондо балаңар "сен мага эмне кылдың?" деп титиреңдеп турса жакшыбы? Мен өзүм апамды гана ойлоп, атамдын бар-жогун билгим келбейт экен. Муну мен азыр гана моюнга алдым. Көрсө, атам жүрөктүн үшүн алып койгон экен.

Кыргызстанда ичкиликке берилип кеткендердин саны азая элек. Расмий маалымат боюнча учурда каттоодо тургандардын жалпы саны 33 миң 560тан ашуун.

Наркологдордун айтымында, спирт ичимдиктери адамдын мээсине таасир берип, иштөө ыргагын бузат. Бөтөлкөгө айлап-жылдап байлануу боордун цирроз дартын пайда кылат. Көбү селсаякка айланып, аянычтуу тагдырды баштан кечирет.

Аракеч атама жүрөгүм муздап калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG