Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:30

Аталар милдетин унутканда...


Иллюстрация

Жогорку Кеңеште “Сот аткаруучулардын макамы жана Кыргызстанда аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамга" өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлду.

Долбоордун авторлору анда балдары үчүн алимент төлөбөгөн ата-энелер тууралуу маалыматты жалпыга жарыялап, алардын кээ бир укуктарын чектөөнү сунуш кылып жатышат.

Кыргызстанда ата-энелердин өз баласынын келечеги үчүн жоопкерчилиги эмнеге жоголуп бара жатат? Баласын багууга моюну жар бербеген ата-энелерди сөзсүз алимент төлөөгө милдеттендирген кандай чаралар зарыл? Жаңы мыйзам долбоору сот аткаруучулардын натыйжалуу иштешине өбөлгө түзө алабы?

“Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” талкуусуна Акыйкатчынын балдар жана жаштар укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова жана Сот департаментинин башкы адиси Канат Осмонов катышты.

“Азаттык”: Канат мырза, бул мыйзам долбоорунун авторлору "өз баласы үчүн сот чектеген алиментти төлөбөгөн ата-энелер жөнүндө маалыматты Сот департаментинин сайтына жарыялап, коомчулуктун талкуусуна коюшу керек" деп жатышат. Алиментти төлөтүү боюнча чараны күчөтүүгө эмне себеп болду? Алыңар жетпей жатабы же ыкшоолук кылып жатасыздарбы?

Кээ бир колунда бар аталар деле “мен жок жашап көрсүн” деген кыязда такыр жардам бербей, балдарын өч алуунун куралы кылган көрүнүштөр да аз эмес.
Канат Осмонов

Канат Осмонов: Акыркы убакта ажырашкандар, ага жараша алимент өндүрүү боюнча арыздар дагы көбөйдү. Мисалы, 2016-жылы соттук аткаруучулардын көзөмөлүнө 33 055 аткаруу документи түшсө, 2017-жылдын тогуз айында эле 38 500 документ түшкөн. Анын ичинен 2 364 документ боюнча карызкордун туруктуу жашаган жери так болбогондуктан сот аркылуу издөө жарыяланган.

Карызкорлордун алиментти төлөй албай жаткандыгынын негизги себептери - жумушсуздук, аракечтик жана алар миграцияга башка өлкөгө чыгып кетип жатышы. Мүмкүнчүлүгү бар болсо деле төлөбөгөндөр да арбын. Андай учур боюнча прокуратурага 33 иш, Ички иштер министрлигине 188 иш жөнөтүлгөн. Прокуратура тарабынан 23 иш козголгон, төрт иш азыр кароодо.

Ички иштер бөлүмдөрүнө жөнөтүлгөн 188 иштин ичинен 66 кылмыш иши козголгон, азыр 25 иш каралып жатат. Алиментти төлөтүүгө алыбыз жетип эле жатат, "сот аткаруучулар иштебей жатат" деген сынга макул эмесмин. Карызкорду издөө, төлөтүү боюнча ар дайым аракет кылып жатабыз. Карызкордун так дареги көпчүлүк учурда белгисиз болот. Кээ бир колунда бар аталар деле “мен жок жашап көрсүн” деген кыязда такыр жардам бербей, балдарын өч алуунун куралы кылган көрүнүштөр да аз эмес.

Эми жаңы мыйзам долбооруна киргизилип жаткан, карызкордун укуктарын чектөөгө негиз берген жоболор кабыл алынса, биздин ишти жеңилдетет деген ишенимдебиз.

“Азаттык”: Махабат айым, сиз иштеген Акыйкатчы институту балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо боюнча атайын иликтөөлөрдү жүргүзүп, алардын укуктарын коргоо механизмдерин жакшыртууга аракетин кылып келатпайбы. Демек, ата-энеси ажырашкан же кандайдыр башка себептер менен атасынын же энесинин камкордугунан ажыраган балдардын укугун коргоо жаатында абалды жакшы билесиздер. Эмне үчүн акыркы кезде Кыргызстанда ата-энелердин өз баласынын келечеги үчүн жоопкерчилиги төмөндөп бара жатат? Башкы себеби эмнеде?

Махабат Турдумаматова: Бул мыйзам долбоору туура даярдалып жатат. Себеби, Акыйкатчыга түшкөн арыздардын көбү ушул "алимент төлөбөйт" деген арыздар. Буга алимент төлөөчү адамдар боюнча бирдиктүү маалымат базасынын жоктугу жана ажырашкан адамдардын бири-биринен өч алуунун ыкмасы катары алиментти колдонушканы негиз болот экен. Сот чечим кабыл алгандан кийин сот аткаруучулар аны сөзсүз аткартышы керек. Бирок, мыйзамда карызкор адамды карызын төлөөгө мажбурлаган жобонун жоктугу маселе жаратат. Ошондуктан коомдо жалпы сот системасына дагы ишеним азайып баратат.

“Азаттык”: Махабат айым, жубайлар ажырашкандан кийин гана эне сотко арыз жазып чуркамайын алиментти өз ыктыяры менен төлөгөн аталар чанда эле. Кээ бир аталар аялын, балдарын "коркутуп", алимент төлөбөйт. Ошон үчүн жубайлар ажырашканда дароо атасын же энесин алимент төлөөгө мажбурлаган жобону да тиешелүү мыйзамга киргизүү зарылбы? Андан тышкары акыркы кезде Кыргызстанда өзүнө-өзү кол салып жанын кыйган жаш балдар көбөйүп кетти. Өткөн бир айдын ичинде эле алты мектеп окуучусу өз жанын кыйды. Ошол окуяларды иликтей келгенде көпчүлүк балдар ата-энеси ажырашкан же миграцияда жүргөн болуп чыгып жатат. Демек, ал балдар моралдык, психологиялык жактан гана эмес, материалдык жактан да басмырлангандан ушундай кадамга барып жатат деп айтууга негиз барбы?

Ажырашкандардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү абдан зарыл. Анткени ажырашкан айрым аталар соттун "алимент төлөсүн" деген чечими турса да башка өлкөгө кетип жатышат, кээ бири жарандыгын да алмаштырып алат.
Махабат Турдумаматова

Махабат Турдумаматова: Ооба, негиз бар. "Балдар жаш, эч нерсени түшүнбөйт" деген менен алар баарын сезишет, моралдык, психологиялык жактан жабыр тартышат. Ошону ата-энелер сезип, балдарына билгизбей өз ара чырын чечип алышса жакшы болот эле.

Балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча 2016-жылы Акыйкатчы жүргүзгөн иликтөө ажырашкан, миграцияга кеткен ата-энелердин балдары көп кордоло тургандыгын аныктады. Ошон үчүн Акыйкатчы институту ата-энелердин жоопкерчилигин мыйзам чегинде күчөтүүнү сунуш кылып жатат. Ата-энелердин жоопкерчилигин көтөргөн жобону тиешелүү мыйзамдарга киргизүү керек. Анткени, баласын бакпаган ата-энелер балдары чоңойгон кезде өздөрүн багууга балдарын милдеттендире албайт. Бул жагдайды да жеткиликтүү түшүндүрүү баарыбыздын алдыбызда турган милдет. Андан тышкары сөзсүз түрдө ажырашкандардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү абдан зарыл. Анткени ажырашкан айрым аталар соттун "алимент төлөсүн" деген чечими турса да башка өлкөгө кетип жатышат, кээ бири жарандыгын да алмаштырып алат.

Аталар жоопкерчиликти унутканда...(1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:33 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Демек, жыйынтыктап айтканда, жаңы мыйзам долбооруна киргизилип жаткан чаралар кабыл алынса, алимент төлөбөгөн “күкүк” ата-энелер азаят деп үмүт кылалы. Бирок ааламдашуу доорунда күчөп бараткан өзүмчүлдүктү азайтуу жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн эң ириде жаштар арасында ата-эне болууга даярдык көрүү жана бала багып, тарбиялагыдай болгондо гана үй-бүлө куруп, анан балалуу болуу керек деген жоопкерчиликти калыптандыруу керектиги анык болду деген ойдо талкуубузду жыйынтыктайлы.

Аталар жоопкерчиликти унутканда...(2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:11 0:00
Түз линк

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG