Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 07:36

Мамлекеттик каттоо кызматынын статистикасына ылайык, 2016-жылы 48 миңден ашык түгөй нике күбөлүгүн алып, 900дөн ашык ажырашуу катталган. Ошол эле мезгилде жарандык никени тандаган жаштардын катары өсүүдө.

Жашы 85ке чамалап калган Ибрай Молобеков 21 жолу үй-бүлө курган. Ибрай ата биринчи үйлөнгөндө гана мыйзамдуу каттоого турган экен.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Жубайы менен ажырашканда сот процесси жараткан кыйынчылыктан кийин, калган жыйырмасын мыйзамдаштырган эмес:

- 10 балам, 22-23 неберем бар. Биринчи аялымдан башкасы менен мыйзамдык каттоодо турган эмесмин. Ал келиндер деле менден талап кылышкан эмес, мен да бул нерсени ойлогон жокмун. Анын үстүнө келинчегим менен кыйган никеге ишенбегеним да себеп болду. Калгандары менен молдо нике кыйып берген. Жаштарга айтаарым мыйзамдаштырыш керек. Менин жагдайым болсо башкача болчу.

Азыркы шартта никени мыйзамдаштыргысы келбегендер муну бир катар укуктук маселелерге байланыштырышат. 21 жаштагы Айбек:

- Менимче, биринчи эле мүлккө болгон эркиндикти чектейт. Маселен, эгер сенин үйлөнгөнгө чейин эле байлык, мүлкүң болсо, ажарышкан учурда аны менен бөлүшкөнгө туура келет. Бул акыйкатсыздык.

Мындай маанай бар экенин Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Айгүл Толуева да бышыктады:

- Документ алмаштырганда же оболу кыймылсыз мүлктү алып-сатканда сөзсүз аялынын же күйөөсүнүн уруксаты керек болот. Бул кошумча каражат, убакытты талап кылат. Айрымдар ушундан качып, мыйзамдык каттоого турушпайт.

Үйлөнүп жаткан жаштар. Кыргызстан.
Үйлөнүп жаткан жаштар. Кыргызстан.

Анткен менен нике кагаздын жоктугу алимент өңдүү айрым укук бузууларга жол берет. Мындан улам бардык төрөтканаларда нике кагазы жок балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүгө тыюу салынганын кошумчалады Айгүл Толуева:

- Учурда бардык төрөтканаларда ортодо нике кагазы жок болсо, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбейт. Бул учурда атасы арыз жазып, келинчегинин экөөнүн кайрылуусу менен алгач үй-бүлө каттоого алынып, анан баланы катташат.

Мыйзам боюнча, баш кошкон жубайлар бир ай аралыгында паспортторун жаңыртууга милдеттүү. Бирок аны ар бир эле адам так аткарат деп айтууга болбойт.​

2015-жылдын июнь айынан тарта нике күбөлүгүн алгандардын тизмеси бирдиктүү системага киргизиле баштаган. Буга паспорттогу никеси бар же жок деген графаны толтурууга ынтызарлыктын аздыгы себеп болгон. Жаңы системага ылайык, паспортсуз эле никеси бар-жогу тууралуу маалыматты алууга мүмкүн.

- Документ алмаштырганда же оболу кыймылсыз мүлктү алып-сатканда сөзсүз аялынын же күйөөсүнүн уруксаты керектелет. Бул кошумча каражат, убакытты талап кылат. Айрымдар ушундан качып, мыйзамдык каттоого турушпайт.

Батыш өлкөлөрүндө бирге түтүн булаткандардын 60 пайыздан көбү мамлекеттик каттоого турбайт. Эстония, Франция, Швеция өңдүү өлкөлөрдө калктын жарымынан көбү жарандык никеде жашашат. Орусияда болсо жарандык нике өзгөчө жаштар арасында модага айланган. Кыргызстанда да мамлекеттик нике күбөлүгүн албастан эле бирге түтүн булаткандар көп кездешет.

Анткен менен "Азаттыктын" сурамжылоолору никени расмий каттоону үй-бүлө куруунун жоопкерчиликтүү элементи катары карагандар басымдуу экенин көрсөттү:

- Чет өлкөгө чыгаарда, документ алмашканда же карыз болуп калганда нике күбөлүгүнүн маанисин билесиң. Бирок, ошол эле учурда түгөйүң болгондон кийин бирдей жоопкерчилик алышың керек.

- Менимче, нике күбөлүгү эң маанилүү документ. Документсиз балдар көбөйүп, үй-бүлө ажырашканда көйгөй жаралып жатпайбы.

Аялдар менен иштеген “Сезим” кризистик борборуна кайрылгандардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик никеде турбай, ажырашкандан кийин балдары менен талаада калгандар. Борбордун басма сөз катчысы Гүлмира Үмөталиева:

- Нике күбөлүгү үй-бүлө мүчөлөрүн юридикалык камкордукка алууда чоң кепилдик. Азыр ушул күбөлүктү албай, аялдары жакпай калса, айрым аталар балдарын таштап, алимент төлөбөй, үй-мүлкүн бөлүшпөй качкандар канча. Ошондуктан, мамлекеттик никеге катталууга ар бир үй-бүлө турса, аталар дагы сестенип, үй-бүлөнүн жүгүн тең көтөрүүгө жоопкерчиликтүү болот.

Мамлекеттик каттоо кызматынын статистикасына ылайык, 2016-жылы 48 миңден ашык түгөй нике күбөлүгүн алып, 900дөн ашык ажырашуу катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG