Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:57

Алыста жүрүп аракка берилген мигранттар


Иллюстрация

Акыркы убакта Орусияда кыргызстандыктар ичкилик айынан кылмышка кириптер болгон окуялар көп катталууда.

Орусиядагы мигранттар арасында жосунсуз жорук менен кылмыштуулуктун көбөйүшүнө көпчүлүк убакта ичкилик себеп болуп жатканы айтылып келет.

Москвада мекендештердин иштен кийин же эс алуу күндөрү сыра кармап, чер жазып отурганы кадимки көрүнүш.

Кыргызстандыктар эс алган кафе-клубдардагы тартип бузуудан сырткары мигранттар жашаган батирлерде зордук-зомбулуктар да катталып келет.

Орусияда аракечтик айынан көчөдө селсаяк болгондорду жуунтуп-тазалантып, жол чыгымын төлөп, Кыргызстанга жөнөткөн окуялар да жок эмес.

Москвада иштеген Аида аттуу келин мигранттардын ичкиликке берилип кетишин төмөнкүчө түшүндүрдү.

- Москвадагы жашоо-шартыбызга байланыштуу болуп жатат. Батирге келсең, өз үйүңдөй кенен отура албайсың. Ишке барсаң менеджериң карап турат. Сыгыласың, көңүлдү сергиткиң келет. Анан кыргыздар чогулса жөн кетпейбиз, шоро ичпейбиз да.

Аида үй-бүлө, бир туугандардан алыс жүрүп жалгыздыктан жабыркаган мигранттар моралдык жана психологиялык колдоого муктаж экенин белгиледи:

- Тууган-урук, жакын адамдардын жылуу мамилеси, колдоосу керек. Адам алыста жүргөндө жакындары жөн эле чалып, ал-акыбалын сурап турса, «мен бирөөгө керек турбаймынбы» деген сезим менен жүрөсүң. Жакындарың акча керек болгондо эле издеп калышат. Мындай мамилеге айрымдар ыза болот. Ачуусу келип, баарына кол шилтеп кетип жатышпайбы. Кыздарыбыз мээримге муктаж болуп, ары-бери урунат, алданышат. Ошентип бардык жактан кысылып, өздөрүн таштап коюшат. Эч ким ичип, чегип кетейин деп келбейт да бул жакка.

Ал эми Айжан Мамасадыкова мигрант эркектердин аракечтигин төмөнкүчө түшүндүрдү.

Айжан Мамасадыкова
Айжан Мамасадыкова

- Эркектер үй-бүлөлүк, аталык, агалык милдеттерин унутуп коюшкандай. Алар бирөөнүн эсебинен ичет. Эркектер миграцияда чүнчүгөн деле жок. Жеңил оокатка көнүп калышты. Кыргызстанда калган эркектер деле бул жакта аялы жөнөткөн акчага ичип, досторун ашка чакырып жүрө беришет экен.

Мигранттык түйшүктү ичимдик менен басуу азгырыгы адамдын ден cоолугуна, өмүрүнө залакасын тийгизип жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин былтыркы маалыматы боюнча Орусияда 1 миң 500дөй жаран жазасын өтөп жатат.

Ал эми Орусиянын расмий органдары 2017- жылы эле 2668 кыргызстандык кылмыш ишине кириптер болгонун кабарлаган. Федералдык жаза өтөө кызматы абактардагы Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын 29 миңден ашуун жараны барын билдирген.

Мигранттардын чет жакта ичкиликтин айынан каза болгон, кырсыкка кабылган, кылмышка барган учурларын расмий эсепке алуу оор.

Москвада тергөө иштеринде котормочу болуп иштеген Майрам Бейшенова өз тажрыйбасында мигранттар ичкиликке, аракечтикке байланыштуу кылмышка барган учурлар көбүрөөк катталып жатканын айтып берди.

- Көбүнчө жаштар мас абалында кылмыш кылып, анан өкүнүп, жардам сурайт. Биз ишибиз боюнча кошумча жардам бере албайбыз. Мен үйдөн тарбия болушу керек, ата-эне баласын чет жакка ишеничтүү бирөөгө дайындап жөнөтүшү керек деп ойлойм. Балдарда укуктук, юридикалык түшүнүк болушу керек. Ичкенде эми «айлык алдым, досторум менен жолуктум» дешет. Алагүү кезде бири-бирин өлтүрүп койгондор болот, кыздарыбызды кордошот, топтошуп алып мушташат, каракчылыкка барат. Бирөөнүн ден соолугуна залака тийгизип, өз тагдырын талкалашат.

Былтыр Орусиядан Кыргызстанга 216 сөөк жөнөтүлгөн.

Орусияда кылмышка кириптер болгондордун, ар кандай себептерден улам каза тапкандардын басымдуусу жаштар экенин белгилеген Майрам Бейшенова миграцияга чыккан жаштардын билим алуусуна, келечегине шарттар каралышы керек деген ойдо.

- Балдарыбыз иштейт, Кыргызстанга акча жөнөтүшөт. Бирок мен ата-энелердин "кой, өзүңө жумша, курстарга бар, жогорку билим ал, келечегиңди ойлон" дегенин эч уккан эмесмин. Жаштардын келечеги үчүн аларга тарбия бериш керек, мыйзамди билип, укуктук түшүнүгү болуш керек. Анан жогорку билим алып, бир кесипке ээ болуусу керек. Буга кошумча «биз кыргызбыз» деп бурч-бурчка бөлүнүп алууга да болбойт. Албетте, улуттук дил, тилди сактоо милдет. Бирок чет жерде жүргөндөн кийин жергиликтүү элге аралашып, достошуп, өзүңдүн маданият, тартибиңди оңдоп, өсүш керек.

Москвада баргандардын көбүн кыргыздар түзгөн элүүдөй кафе-клуб иштейт. Алардын кожоюндарынын көбү башка улуттан болгону менен кыргызстандык мигранттарга ылайыкталган.

Мындай эс алуучу жайлардагы кооптуулук, мыйзамсыз иштер жана кылмыштуулук жөнүндө көптөн бери талкуулар жүрүп келет.

Айрым жарандык активисттер топтошуп алып Москвада мындай кафелерди жабуу демилгесин көтөрүп чыккан учурлар да болгон.

Раимкул Аттокуров
Раимкул Аттокуров

Кыргыз диаспорасынын төрагасы Раимкул Аттокуров чет жакта кыргыз кафе-клубдарынын ишин коомдук тескөөгө алуу аракеттери болгону менен башкы көйгөй эс алуучу жайларда эмес деди:

- Кафелердин ээлери менен жолугушуулар болду. Алар "Орусиянын мыйзамдарынын чегинде иштеп жатабыз" деп жатышат. Эч кимдин оозуна арак куйганыбыз жок дешет. Алардыкы деле туура. Кафенин ичине киргенден кийин ар кимибиз өзүбүзгө жооп берип, жүрүм-турумубузду карашыбыз керек.

Орусиянын Элдер достугу университетинин профессору Турсумбай Кубатбеков кыргызстандыктар арасында болуп жаткан окуялар Орусиянын коопсуздук кызматын да кооптондуруп жатканын белгиледи:

- Мигранттардын бардыгы бирдей эмес. Жакшынакай балдар толтура, ишин кылып, түз жүрүшөт. Мунун баары адамдын өзүнөн, тарбиядан. Кыргыздардын кафелерин жаап салышса, алар башка жакка деле барышат да. Жыргап деле кеткен эч ким жок. Ашып кетсе 50 миң рублдай алышат. Бизди Орусиянын укук коргоо, коопсуздук органдары жолугушууга чакырганда, алар деле «кыргыздар эмне болуп жатасыңар» деген суроону беришет.

Москвада Кыргызстандын ички иштер кызматында көп жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлеринин биримдиги түптөлгөн.

Муктар Ибраев
Муктар Ибраев

Бул биримдиктин башчысы, отставкадагы полковник Муктар Ибраев Орусиядагы кыргыз коомчулугу мекендештердин арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн биргеликте ар тараптуу иш алып барышы керек деген ойдо.

- 9-10-классты эле бүтүрүп, Бишкекти көрбөй келип жатышат. Ай деген ажо, кой деген кожо жок. Анан кыйналып иштеп, кичине акча тапса эле, түнкү клубдарга барып ичип, ар кандай кылмыштарга кириптер болуп жатышат. Орустар кааласа, заматта эле баарын кармап, депортация кылып, жолду жаап коюшат. Жаштар башкаларга да кесепети тийип жатканын түшүнбөй жатат. Бөтөн эл, бөтөн жерде уят болуп турабыз. Акмакчылык.

Азыркы кезде Мамлекеттик Думада эл өкүлдөрү Орусиядагы арак-шарап саткан дүкөндөрдү кыскартуу демилгесин көтөрүшүүдө. Мындай сунушту депутат Виталий Милонов 11-сентябрь - ичкиликтен баш тартуу, соо жүрүү күнүндө билдирген.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги Орусияда аракечтик акырындык менен кыскарып баратканын кабарлап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG