Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Орусияда ксенофобия күчөдүбү?


Москва.
Москва.

“Левада” борборунун социологдору орусиялыктардын башка улуттарга карата ксенофобиялык көз караштары көбөйгөнүн сурамжылоого таянып жарыялады.

“Орусия орустар үчүн” деген ураанды колдогондор бир жыл ичинде эки эсе көбөйгөн. Ошол эле кезде Борбор Азиядан барган мигранттарга карата мамиле буга чейинкы жылдарга салыштырмалуу бир аз болсо да оңолгон.

Москвадагы “Левада” борборунун социологдорунун сурамжылоосуна ылайык, орусиялыктар биринчи кезекте цыгандарга карата терс көз карашта экени аныкталган. Алардын өлкөгө киришине каршы болгондор 43%, алардын өлкөдө жашашын каалабагандар 32% түзгөн. 2017-жылы цыгандардын өлкөдө жашашына каршы пикирдегилер 17% гана болгон экен.

Карина Пипия.
Карина Пипия.

- Цыгандарга карата мамиле терс жагына өзгөргөнүн көрүп жатабыз. Алар бул жылы улуттук ксенофобиянын сап башында туруп жатышат. Бир-эки жыл мурда биринчи орунга кавказдыктарга жана борбор азиялыктарга карата терс мамиле чыккан болчу, - деди иликтөөнүн автору, социология илимдеринин кандидаты Карина Пипия.

Орусиялыктардын 33% Африканын, 30% Борбор Азиянын жарандарын бийлик “өлкөгө киргизбесе болмок” деген оюн билдирген. Сурамжылоого катышкандардын 31% кытайларды, 26% вьетнамдарды, 27% чечендерди, 22% украиндерди киргизбеш керек деп эсептешет, ал эми жөөттөрдүн келишине орусиялыктардын 15% каршы.

Ушул сурамжылоодо айтылгандар боюнча Москвада иштеп жүргөн айрым кыргызстандыктарга суроо салып көрдүк. Зулпидин Нурматов буларга токтолду:

Зулпидин Нурматов.
Зулпидин Нурматов.

- "Орусияда ксенофобия күчөдү" дегенге анча кошулбайм. Жалпысынан алганда Орусияда элдин кыргыздарга карата көз карашы түз эле деп эсептейм. Эми эл болгондон кийин жамандар да чыгышы мүмкүн. Бул жагынан алганда орустар да өз келечегин ойлошот деп ойлойм. Анткени Орусияда бизден башка да Борбор Азиядан, КМШдан жана башка өлкөлөрдөн келген канча деген улуттар бар. Эгер Кыргызстанда да ушундай кырдаал болсо, балким бизде деле ошондой маанай болушу мүмкүн эле.

Орусияда расмий эсеп боюнча азыр 620 миңдей кыргызстандык эмгектенет. “Азаттыктын” суроолоруна жооп бергендер Орусияда Борбор Азиядан барган башка мигранттарга караганда кыргыздарга жылуу мамиле бар экенин айтышты. Алар "мындай мамиле кыргызстандык көп мигранттар орус тилин салыштырмалуу жакшыраак билгенине байланыштуу болушу мүмкүн" деп эсептешет. Москвада 12 жылдан бери жашаган кыргызстандык Шамзуура Мамырова “жаман адамдар болушу мүмкүн, бирок жаман улут болбойт” дегенге кошулат:

- Ар бир эле улутта бузукулар бар. “Бул жакта эмне жүрөсүңөр, эмнеге келдиңер? Өз мекениңерге кеткиле!” деген сөздөр айтылышы мүмкүн, бирок андайлар өтө сейрек. Ал эми куугунтук же басмырлоону байкаган жокмун.

“Левада” борбору жогоруда айтылгандардан тышкары, ижарага батир берүүдө же адамдарды жумушка алууда орусиялыктар улутуна жана динине карата дискриминациялуу жарнамаларды беришерин белгилеген. Шамзуура Мамырова мындай учурлар адамды чыны менен ызалантат деп эсептейт:

- Мигранттар ишке кирип жатканда же батир алып жатканда андайлар учурайт. Агенттиктер телефондон “Кыргызстандан болом” дегенди укса, “жок, бизге славян улутундагылар керек” деп коюшу мүмкүн. Телефондон эле сүйлөшкөндөгү ушул сөз да жүрөккө тиет.

Орусияда жашаган кыргызстандыктардын пикиринде, мигранттар тууралуу жакшы же жаман түшүнүктү алар өздөрү калыптандырат. Ошондуктан алар ар бир адам коомдук жайда баскан-турганына көңүл буруп, мыйзамдарды сыйлап, жергиликтүү элге урмат менен мамиле кылышы зарыл экенин кошумчалашты. Эркинбек Нуралиев буларга токтолду:

- Ксенофобдук маанай күчөгөнүн байкабадым. Орус улутундагы адам башка улуттагы адам менен урушуп жатса, ал сөзсүз түрдө эле ксенофобия эмес. Ксенофобия - бул пендечилик оорусу. Башка улуттагылар менен чогуу жүрсөк - улутка, өлкөбүздө жүрсөк - облуска, районубузда - айылга, айылда - урууга, көчөгө бөлүнөбүз, бул баарында бар адат. Бирок кандай чөйрө болбосун, тилин, дене тилин (body language), мүнөзүн жакшы алып жүргөн адамга бирөө жаман сөз айтпайт. Ага кошумча, Кыргызстан Орусияга эң адептүү, билимдүү уул-кыздарын жөнөтүп жатпаганын да унутпайлы жана мигранттар күн санап көбөйүп жатат. Натыйжада чыр-чатак жана башка криминалдык маселелер көбөйсө таң калып кереги жок.

Москва.
Москва.

Иликтөөнүн автору, социлогия илимдеринин кандидаты Карина Пипия сурамжылоонун Борбор Азиядан келген мигранттарга тиешелүү жыйынтыгына мындайча токтолду:

- Борбор Азиядан келгендер тууралуу кавказдыктар сыяктуу “азырынча бир аз унутушту”. Бир-эки жыл мурда алар тууралуу көп айтышчу. Орусияда Борбор Азиядан келгендердин баарын эле мигранттар деп түшүнүшөт. Ал эми мигранттарга карата маанай акыркы кездеги социалдык оптимизге карабастан, терс болууда. Миграцияны өлкөнүн экономикасы үчүн пайдалуу нерсе жана зарылчылык катары карашпайт. Тескерисинче, атаандаштык, кошумча сандагы адамдар катары көрүшөт.

“Левада” борборунун сурамжылоосуна караганда, “Орусия орустар үчүн” деген идеяны колдогондор 2014-жылдан бери кайра көбөйгөнү байкалган. Былтыр “Орусия орустар үчүн” дегенди 10% колдосо, быйыл ал 19% жеткен. Ошол эле кезде бул ураанды фашисттик деп санагандар быйыл 30% болсо, былтыр ал 20% гана түзгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG