Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:54

Орусия доллардан баш тартаарын кыйытты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия соодада доллардан баш тартуу аракетин тездетүүгө ниеттенүүдө. Бул маселени орус расмий өкүлдөрү рубль кайрадан наркын жоготкон учурда көтөрүштү.

Москва “өз ара эсептешүүдө доллардан кутулуп, башка альтернативаны издөө боюнча аракеттерде сөздөн ишке өтө турган учур келгенин” Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков "International Affairs" журналында жарыяланган интервьюсунда айткан. Бул тууралуу орус медиасы жазды. Орусиядагы Экономикалык иликтөөлөр борборунун эксперти Вячеслав Колодков бул туура кадам болот деп эсептейт.

- Соода алакаларында доллардан баш тартуу АКШнын экономикасына чоң сокку болот. Бул биздин Вашингтондун санкцияларына карата жообубуз. Бул жолду мындан ары деле АКШга татыктуу жооп кайтаруу үчүн колдоно беребиз деп ойлойм.

Мурдараак Орусиянын энергетика министри Александр Новак да мунай соодасында, башка эсептешүүдө долларды алмаштырууга кызыккан өлкөлөр көбөйүп жатканына токтолуп, мисалы “Түркия жана Иран менен биз улуттук валюталарда эсептешүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатабыз” деп билдирген. Буга чейин АКШнын санкцияларына кабылган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган анын өлкөсү өзүнүн ири соода өнөктөштөрү болгон Кытай, Орусия жана Украина менен соода жүргүзүүдө улуттук валютаны колдонууга даяр экенин август айынын башында айткан. Орус президенти Владимир Путин журналисттердин бул багыттагы суроолоруна жооп берип жатып, АКШнын лидери Дональд Трамп менен болгон жолугушуусун туура баалай турганын белгилеп, санкцияларды "маанисиз" деп баалады.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

- Санкцияларды айта турган болсок, бул тескери натыйжа бере турган маанисиз аракеттер. Өзгөчө Орусия сыяктуу мамлекетке карата, - деди Путин.

​Маалымат каражаттарынын жазганы боюнча америкалык айрым сенаторлордун Москвага каршы жаңы санкцияларды камтыган долбоорунда Орусиянын мамлекеттик жети банкына доллар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мунай тармагында колдонулуучу жабдуулардын экспортуна тыюу салуу сыяктуу чаралар бар.

Ал эми Мамлекеттик департамент жарыялаган санкциялар мурда айтылгандай 22-августта эмес, 27-августта күчүнө кирери кабарланууда. Ал чараларга ылайык, электроника, газ турбиналарынын кыймылдаткычтары сыяктуу АКШда чыгарылган технологиялык жана өндүрүштүк жабдууну Орусияга экспорттоого тыюу салынат.

Мамлекеттик департамент Москвага каршы мындай чараны Британияда мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипаль менен кызы Юлия экөөнүн нервди шал кылуучу зат менен ууландырылганы үчүн киргизди.

Сигал Мэнделкер.
Сигал Мэнделкер.

- Биз Орусияга каршы чара көрөрүбүз шексиз. Бирок биздин аракеттербиздин жана башка каржылык чектөөлөрүбүздүн жыйынтыгы алардын стратегиялык натыйжалуулугун көрсөтүшү керек. Эгер бул мамлекеттин аракеттери чындап өзгөрбөсө биз мындан ары да санкция киргизүүдөн тартынбайбыз, - деди АКШнын финансы министринин орун басары Сигал Мэнделкер.

Орусиянын расмий өкүлдөрү доллардан баш тартуу маселесин рубль кайрадан наркын жоготкон учурда көтөрүшүүдө. 23-августтагы соодада рубль 2% арзандап, бир доллар 69 рублден ашып өткөн. Орусиянын Борбордук банкы сентябрдын аягына чейин ички базардан валюта сатып албай турганын жарыялаган соң рублдин курсу кайра бир аз оңолуп, бир доллардын сатыктагы баасы 68,14 рублге чейин арзандады.

Рублдин кунунун түшкөнү мигранттарга кандай таасир этти? Орусиядагы кыргызстандык журтташтардын жообун төмөнкү аудиодон уга аласыз:

Рублдин куну: мигранттар кантти?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG