Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:13

Рубль менен лиранын куну кетип жатат


АКШ доллары менен орус рубли. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары менен орус рубли. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбүдө орус рублинин долларга карата куну мурункудан да түшүп, Москва биржасында бир доллардын баасы 68 рублдан ашты. Бул соңку эки жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Рубль менен бирге Түркиянын улуттук акчасы лира да долларга карата арзандады.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин азырынча Вашингтонго жооп чара катары жаңы санкцияларды киргизүү тууралуу чечим кабыл албайт. Анткени Вашингтон Москвага каршы жаңы чектөөлөрүн расмий киргизе элек.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Москваны мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипаль менен кызы Юлия экөөнүн Британияда ууланышына байланыштуу айыптап, жаңы санкцияларды киргизерин 8-августта жарыялаган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дароо Вашингтонго каршы жооп чараларды даярдап жатканын маалымдаган. Дмитрий Песков азырынча жаңы санкциялар жөнүндө кеп кылуу эрте экенин айтты.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

- Жаңы санкциялар тууралуу жарыяланган. Жаңы чектөөлөрдүн айлампасы даярдалып жатканы, даяр экени тууралуу маалымат чыккан. Бирок санкциялар киргизиле элек. Вашингтон ойлоп тапкан жаңы санкциялар жөнүндө так маалымат болбогондуктан азырынча жооп иретиндеги чара боюнча сөз кылуу туура эмес.

​Жаңы санкциялар тууралуу маалымат чыгары менен орус рублинин долларга карата куну кескин түшүп кетти. Өткөн жума күнү бир доллардын баасы 67 рубль болсо, дүйшөмбүдө бул көрсөткүч 68 рублдан ашты. Ал эми бир евро Москва биржасында 78 рублга бааланды.

Анкара менен Москва сооданы улуттук валюта менен жүргүзгүсү келет

Кошмо Штаттар менен Түркиянын ортосундагы кийинки күндөрү курчуп кеткен алакалардан улам түрк лирасы да өз кунун жоготуп жатат.

АКШ Түркиядан ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйткөн чечимди 10-августта кабыл алды. Ага чейин Вашингтон Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлгө жана ички иштер министри Сулейман Сойлуга америкалык пастор Эндрю Брансонду кармоодогу жана анын укугун бузуудагы "башкы ролу" үчүн санкция салган.

Вашингтон киргизген санкциялардан кийин түрк лирасы АКШ долларына карата 18 пайызга арзандады. Учурда бир АКШ доллары 6,8 лирага бааланып жатат. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган анын өлкөсү өзүнүн ири соода өнөктөштөрү болгон Кытай, Орусия жана Украина менен соода жүргүзүүдө улуттук валютаны колдонууга даяр экенин 11-августта билдирди:

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

- Биз ортодо ири өлчөмдөгү соода алакаларыбыз бар - биз Кытай, Орусия, Иран жана Украина мамлекеттери менен улуттук валютаны колдонуп, соода жүргүзүүгө даярданып жатабыз. Эгер Европа мамлекеттери доллардын басымынан кутулгусу келсе, биз ушундай эле ыкманы колдонуп же башка бир альтернативалуу жолдорду сунуш кылуу менен кызматташууга даярбыз.

​Эрдогандын бул сөзүн Кремль да колдоду. Орусия бардык мамлекеттер менен эки тараптуу соода алакаларын доллар эмес, алардын улуттук акчасы менен жүргүзгүсү келет. Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул демилгени иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди:

- Улуттук акчаны эки тараптуу соода алакаларында пайдалануу тууралуу маселени Орусия көптөн бери ар кандай деңгээлдеги, ал тургай жогорку деңгээлдеги жолугушууларда да көтөрүп келет. Президент Путин да бул жөнүндө айтып келген. Бирок албетте, бул көп ишти жана эсеп-кысапты талап кылат. Бирок биз буга ар дайым умтулуп келебиз жана бул тема орус-түрк сүйлөшүүлөрүндө да көтөрүлгөн.

Маалымат каражаттары жазганы боюнча америкалык айрым сенаторлордун Москвага каршы жаңы санкцияларды камтыган долбоорунда Орусиянын мамлекеттик жети банкына доллар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мунай тармагында колдонулуучу жабдуулардын экспортуна тыюу салуу сыяктуу чаралар бар. Ал эми Мамлекеттик департамент жарыялаган санкциялар 22-августта күчүнө кирери кабарланууда. Ал чараларга ылайык, электроника, газ турбиналарынын кыймылдаткычтары сыяктуу АКШда чыгарылган технологиялык жана өндүрүштүк жабдууну Орусияга экспорттоого тыюу салынат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG