Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:30

Эпкинге чайпалган "эргежээл" экономика


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети өткөн жети айдын жыйынтыгын чыгарып, өлкөнүн экономикасынын өсүш көрсөткүчү былтыркы ушул маалга караганда 0,2 пайызга кемигенин жарыялады.

Экономика министрлиги муну Кумтөр кенинен алтын өндүрүү азайганы менен түшүндүрүп, аны кошпогондо жалпы тармактар боюнча экономикада өсүш бар экенин белгиледи.

Эркин экономисттер болсо өлкө чийки зат өндүрүү менен майда товардык мамиледен өйдө көтөрүлө албай, ири агрардык жана өндүрүштүк долбоорлорду жөнгө салуу боюнча натыйжалуу башкаруу жок экенин сынга алып жатышат.

Ылдыйлоонун себеби

Быйылкы жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүш ыргагы бир топ төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн алдын ала көлөмүн эсептеген талдоосунда көрсөтүлдү.

Баштапкы эсеп боюнча жети айдын ички дүң өнүмү 261 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул учуруна карата 0,2 пайызга азайган. Былтыр ушул кезде ички дүң өнүмдүн өсүшү Кумтөр алтын кен өндүрүшүн кошкондо 6,2 пайызды түзгөн.

Ички дүң өнүмдү кармап турган тармактар катары тейлөөдөгү, соодадагы, курулуштагы жана айыл чарбасындагы өсүштүн үлүшү аталган. Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев Кумтөрдөгү алтын өндүрүүнүн азайышы жалпы ички дүң өнүмгө таасир эткенин белгиледи:

Автандил Алыбаев.
Автандил Алыбаев.

- Бул эми Кумтөрдөгү алтын өндүрүүгө байланыштуу. Андагы алтын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыдан бир топ азыраак болуп жатат. Ошого байланыштуу ички дүң өнүм быйылкы жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча 0,2 пайызга төмөн түшүп кетти. Бирок азыр биз ички дүң өнүмдүн көлөмүн Кумтөр алтын кен өндүрүшү жок эсептеп карасак, анда анын көлөмү 2,2 пайызга арбыды. Тармактар боюнча алып, салыштырып көргөнүбүздө деле өсүштүн деңгээли аз болсо да айыл чарбасында, курулушта жана соодада жакшы эле болуп жатат. Болгону Кумтөрдөгү алтын өндүрүүнүн азайышынан улам өнөр жайындагы өсүштүн деңгээли төмөндөп кетти.

Аргасыз сандар, алсыз экономика

Улуттук статистика комитетинин талдоосу боюнча ички дүң өнүмдүн курамында кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 47 пайызды, айыл чарбасыныкы 10,2 пайызды, курулуштуку 6,4 пайызды түзгөн. Анын ичинен айыл чарбасында былтыркы ушул мезгилге карата 2,1%, соодада 5,5% өсүш байкалган. Сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2018-жылдын биринчи жарымында 3,2 млрд. сомду түзүп, былтыркы ушул маалга карата 17,1 пайызга көбөйгөнү көрсөтүлгөн. Анын ичинде экспорттун көлөмү 2,7 пайызга, импорт болсо 22,8 пайызга өскөнү айтылган.

Бирок мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов буга ишенбей турганын айтып, экономиканын күрөө тамырын кармай турган натыйжалуу башкаруу жок болгондуктан артка кетүүдөн башка көрсөткүчтү көрүүгө мүмкүн эмес экенин айтты:

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

- Эгерде биз бир топ жылдан бери өзүбүзгө керектүү чарбаларды түзүп, өндүрүштү жолго коё албасак, сыртка экспортко мындай кой, өзүбүзгө жетиштүү көлөмдө өндүрүм чыгара албасак, элди жумуш менен камсыз кыла албасак, биздин экономика кантип өнүгөт? Өнүкпөйт да! Жада калса бизге келген эл аралык жардамды, жеңилдетилген насыяларды да натыйжалуу колдоно албасак, анан бизде каяктагы өнүгүү? Андыктан биз экономиканы башкарууну өзгөртмөйүнчө өнүгүшүбүз кыйын. Жалаң гана артка кетүү көрсөткүчтөрүн көрүп жүрө беребиз. Ага көнүп калдык. Бир эле мисал. "Кумтөрдөн" жылына Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 70 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт экен. Бул акчага Ысык-Көл облусунда жарытылуу бир чарба түзө албасак же бир өндүрүштү жолго коё албасак, каяктан өнүгөбүз?

Солк этпеген сом

Соңку жумада Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү жана ЕАЭБдеги шериктештери болуп саналган Казакстан менен Орусиянын улуттук валюталары рубль менен теңгенин куну чукулунан төмөн түшкөнү белгилүү. Мындай тенденция аталган кошуналарда баалардын өсүшүнө жана инфляциянын деңгээлинин жогорулашына алып келген. Бирок кыргыз сому рубль менен теңгеден айырмаланып, каржы аналитиктеринин айтымында, АКШ долларына карата бир аз арзандаганы менен негизинен баасын туруктуу сактап турат.

Эркин экономист Улук Кыдырбаев экономикада ылдыйлаганына карабастан улуттук валюта өзүнүн кунун сактап турган жагдайга мындайча токтолду:

Улук Кыдырбаев.
Улук Кыдырбаев.

- Биз жеке ишкерлер менен сүйлөшүп, сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө ишкердик кылууда бир топ кыйынчылыктар көбөйүп жатканын айтышат. Биринчиден, алар кардарлардын сатып алуу жөндөмү жылдан-жылга начарлап жатканын айтып келатышат. Анан атаандаштык курч болуп, чет элдик өндүрүшчүлөргө биздин ата мекендик ишкерлердин туруштук бериши жыл сайын кыйындап бараткан сыяктуу. Ушундай себептерден улам экономикада өсүш басаңдап калды десек болот. Бирок бул жагдайда биздин улуттук валютабыз - сом - өзүнүн кунун сактап, сырткы факторлорго туруштук берип жатканы кызык. Анткени азыр биздин өлкөгө экспорттун эсебинен түшкөн акчага караганда сырттагы эмгек мигранттарынын эсебинен чет элдик валюта келип жатат. Бул өз кезегинде биздеги сомдун абалын бир аз сактап турат. Ошол эле кезде бизде ири өлчөмдө өндүрүштө иштеп, алды-сатты жүргүзгөн эл аралык компаниялар аз. Кошуналардагы каржылык олку-солкулуктун бизге анчейин таасир эптей жатканын ошол жөнөкөй эле жагдай менен түшүндүрсөк болот.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандагы орточо айлык акынын өлчөмү 15 миң 665 сомду түзүп, былтыркы ушул мезгилге карата 6,6 пайызга көбөйгөнү байкалган. Калктын акчалай кирешеси 2018-жылдын биринчи кварталында 95 миллиард сомду түзүп, былтыркыга караганда 12 пайызга арбыганы көрсөтүлгөн. Калктын каржылык кирешесинин негизги булагын же тагыраагы 72 пайызга жакынын адамдардын иштеп тапкан каражаты түзгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG