Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

"Карыз кыргыз өкмөтүнүн айласын кетирди"


"Независимая газетанын" сайты
"Независимая газетанын" сайты

Орусиянын басылмаларындагы Борбор Азия тууралуу макалаларга сереп.

"Независимая газета" "Кыргызстан дефолт жарыялады" деп жазды. Макалада бийлик мамлекеттик 4,4 млрд. доллар карызды жарандарга биргелешип төлөөнү сунуш кылып жатканы баяндалат.

Мындай демилгени премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көтөргөнү, өлкөдө коррупциялык иштерден кайтарылган каражаттар үчүн жана мамлекеттик карызды жабууга жардамдашууну каалагандар үчүн атайын банк эсептери ачылганы айтылат.

​"Стратегия Восток–Запад" аналитикалык борборунун эксперти Дмитрий Орлов муну "өкмөттүн дефолту" деп баалап, "мамлекет өз милдеттерин аткара албай калганын моюнга алды" деп билдирген. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашаларын текшерүүгө буйрук берип, коррупциялык иштерден кайтарылган каражат менен өлкөнүн бюджетин толуктоону ниет кылып турганы белгиленет.

Бул туурасында сүйлөгөн Орусиядагы КМШ институтунун экономика бөлүмүнүн жетекчиси Аза Мигранян Кыргызстанда коррупция менен күрөш начар экенин белгилеп, коррупциялык иштерден каражаттарды кайтаруу мүмкүн экенинен күмөн санаган.

Макала "мамлекеттик карызды төлөш үчүн Кыргызстанда салыктар көтөрүлүп, жеке ишкердикке жана калкка оор жүк болуп асылат "деп жыйынтыкталат.

Казакстан Каспийде аскер күчтөрү болушуна каршы

​"Регнум" "Каспий деңизине башка өлкөлөрдүн аскерлери киргизилбейт" деп жазды.

Регнум сайты
Регнум сайты

Макалада Каспий деңизинин статусу тууралуу конвенцияга чет өлкөлөрдүн аскердик күчтөрү киргизилбей тургандыгы кеп болот. Орусияда документтин долбоору жактырылып, президент Владимир Путинге жөнөтүлгөн.

Ошол эле маалда Казакстан Каспийде дегеле аскердик күчтөрдүн болушуна каршы чыгып жатканын "РИА Новости" маалымдайт.

Советтер Союзу таркагандан бери Каспийди Азербайжан, Иран, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстан талашып келишкен. Быйыл августта Астанадагы жолугушууда деңизди бөлүштүрүү маселеси чечилиши мүмкүн. Макалада Каспийде аскер күчтөрүн кармоо бир гана Орусия үчүн маанилүү экендиги белгиленет.

Экинчи аял болгондор соттолот

"Аргументы недели" гезити Түркмөнстанда көп аялдуулукка расмий тыюу салынганын кабарлады. Үй-бүлө кодексине киргизилген өзгөртүү 1-сентябрда күчүнө кирет.

Көп аялдуулукка каршы президент Гурбангулы Бердымухамедов демилге көтөрүп, аны парламент колдоого алган. Мыйзамды бузган эркектер түзөтүү иштерине жөнөтүлсө, экинчи же үчүнү аялдыкка макул болгон кыз-келиндер сойкулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылмакчы.

Тойго дагы барган барат...

​"Росбалт" Өзбекстанда тойлорго чакырууга уруксат берилген артисттердин тизмеси жарыяланганын жазып чыкты. "Өзбекконцерт" мекемеси тойлорго чакырууга уруксаты бар 70 ырчы менен артисттин тизмесин жарыялаган.

Росбалт
Росбалт

Кагазда алардын эмгек акысы 64-191 доллар өлчөмүндө туруктуу көрсөтүлгөн. Мындай көрсөтмөлөр азырынча Ташкентте таркатыла баштаган, кийин бүт өлкө боюнча түзүлмөкчү. Өзбек бийлиги Ислам Каримовдун учурунан бери эле тойлорду чектөөгө аракет кылып келет, азырынча кабыл алынган чаралар жыйынтык бергени байкала элек.

Кустурица Айтматовдун чыгармасына кызыкты

"Газета. Ру" сербиялык режиссер Эмир Кустурица Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча Казакстанда кино тартууну көздөп жатканын кабарлайт.

Бул тууралуу режиссер Астанадагы "Евразия" кинофестивалында айткан. Учурда Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасы боюнча өзбекстандык режиссер Сарвар Каримов көркөм тасма тартып жатканы да маалым.

Ага кыргыз-өзбек актерлору катышып, фильм Өзбекстандагы Наманган, Ташкент облустарынан тышкары Ысык-Көлдө да тартылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG