Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:50

Өкмөт жегичтерге "желе" тартат


Иллюстрациялык сүрөт.

Жемкорлук кылмыштарынан өндүрүлгөн каражаттарды топтоочу атайын эсеп ачылды. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков ушундай тапшырма берип, өкмөт атайын токтом чыгарган. Эми Финансы министрлиги ачкан эсепке Башкы прокуратура баш болгон күч органдары өндүргөн каражаттар топтолмокчу. Мындай жол менен бийлик коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, айкындуулукту камсыз кылууну көздөп жатат. Бирок бул жакшы ой менен жасалган аракеттин кооптуу жагдайларын эскерткендер да бар.

Коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражат топтолчу атайын эсепти Финансы министрлиги 3-июлда ачты. Буга чейин өкмөт ушул эсепти ачуу боюнча токтом чыгарып, он күн ичинде ишти баштоону буюрган.

Финансы министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Түгөлбаеванын айтымында, коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн күч органдарына тиешелүү кабар берилди. Эми жакын арада бул эсепке жемкордукка каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар түшө башташы күтүлүүдө:

Финансы министрлиги.
Финансы министрлиги.

- Өкмөттүн тиешелүү токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган соң 10 күн ичинде күчүнө кирет" деп айтылган. Мына ушул мөөнөт өтүп, 3-июлда атайын эсепти ачтык. Бул тууралуу тиешелүү каттарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция), Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Ички иштер министрлигине (ИИМ) жөнөттүк. Эми бул мекемелер коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражатты эсепке которушу керек.

Ал эми аталган күч органдары жакынкы арада коррупциялык иштерден кайтарылган каражатты которорун маалымдоо менен чектелүүдө. Бул эсепке болжол менен канча каражат топтолору, кандай жол менен көзөмөлдөнөрү тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражатты топтогон атайын эсеп ачууну президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган. Мындай аракет жемкордукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындыкты арттыруу максатында жасалып жатканы менен түшүндүрүлгөн. Ошондон кийин өкмөт атайын токтом чыгарып, ушул ишти баштаган.

Коомчулукта бул аракеттерди эгемендик жылдарынан бери ар бир бийлик ураан катары көтөргөн жемкордукка каршы күрөштү жүргүзүүдө учурдагы бийликтин өзгөчөлүгү катары баалагандар чыккан.

Негизи буга чейин коррупциядан өндүрүлгөн каражаттын 30 пайызын кылмыштын бетин ачкан мекемеге, калганы мамлекеттик казынага төлөм катары түшүп келген. Былтыр жемкордук аракеттен өлкөнү бюджети 600 миллион сомдон ашык зыян тартса, анын 18 миллион сому гана кайтарылганы айтылган.

Ошондуктан "Атайын эсепти ачуу менен казынадан уурдалган каражатты кантип көбүрөөк кайтарса болот? деген суроо маанилүү болуп турат. Эксперттер бул багытта механизмдерди так аныктап, жол-жобосун ачык-айкын жүргүзүү зарыл экенин белгилешет.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Темирбек Ажыкулов буга чейин өлкөгө коррупциядан канча зыян тийгенин так эсептебей туруп, аны өндүрүүнү эсепке алуу кыйын болот деген пикирде:

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

- Бүгүнкү күндө коррупциядан канча акча түшөрү эсептелген эмес. Канча акчаны жеп жатышканын билбейбиз. Бизде бирин-экин факты болгондон кийин гана "ушул жерде ушунча желиптир" деп айтып калабыз. Ошондуктан атайын эсепке канча акча келерин, анын көбөйүп жатканын айтуу кыйын. Экинчиден, бизден коррупциялык кылмыштар катары көбүнесе "тендерлерден 50 миң сом жептир" деп айтсак, ошол 50 миң сомду өндүрөбүзбү же аны эки эсе көбөйтүп кайтарабы - мына ушул механизмдерин аныктабаса кыйын болот.

Азырынча мамлекеттик органдар эсепти ачканы менен дагы кандай чара көрүлөрүн айта элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев коррупцияга байланыштуу шек саналгандер жеген акчасын кайтарып берсе, алардын жазасын жеңилдетүү мыйзамдарда каралганын айтат. Депутат ушул жол менен "сол чөнтөккө" кеткен акчаны кайтарса болоорун белгиледи:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Коррупционерди кармап, камаш оңой. Соттош кыйын. Мойнуна коюш кыйын. Коррупцияга каршы күрөштүн негизги максаты адамдарды камоо эмес, жеген акчасын кустуруу болуш керек. Бизде мыйзамдарда коррупцияга байланыштуу шек саналган адамдардын жегенинди өз ыктыярың менен казынага кайтарып берсең жазаң жеңилдейт деген бар, мына ушуну колдонсо болот.

Ал эми мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев "жемкордукка каршы күрөш" деген жакшы ураанды күч органдары өз кызыкчылыгына колдонуп, ишкерлерди негизсиз текшерүүнү адатка айландырбашы үчүн коомчулуктун көзөмөлү күчтүү болушу керек деген ойдо.

Быйыл 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылган. Ошондон соң коррупциядан өндүрүлгөн акчанын атайын эсеби ачылып, бир катар мурдагы жетекчилерге кылмыш иштери козголуп, камакка алынды.

Өткөн айда коррупцияга байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев баштаган бир нече мурдагы аткаминер камакка алынды.

Бул саясатчылардын тарапкерлери күрөш саясий негизде болуп, тандалма жүрүп жатканын билдиришүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG