Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:18

Жемкорлор кайтарган акча атайын эсепке түшөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Коррупциялык кылмыш иштери боюнча сот аркылуу өндүрүлгөн каражаттар эми атайын эсепке топтолот.

Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү органдарга тапшырма берди. Атайын эсеп ачуу кандай максатты көздөйт? Аны пайдалануу механизмдери кандай болот?

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана алар боюнча сот өкүмдөрүн аткарууда өндүрүлгөн акчанын эсебин алууга, сактоого жана андан ары колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелерди чечүүнү тапшырды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарда бул иштер коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындыкты арттыруу максатында жасалып жатканы айтылат.

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

Президенттин тапшырмасын аткарыш үчүн Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жана Улуттук банктын жетекчилери кеңешме өткөрүп, өкмөткө анын укук-ченемдик маселелерин иштеп чыгуу сунуш кылынды.

Жарандык коом өкүлдөрү ушундай эсеп ачуу жана ал каражатты көзөмөлдөө маселесин буга чейин эле көтөрүп келишкен.

"Коррупцияга каршы күрөш боюнча ишкерлер кеңешинин" төрайымы Нурипа Муканова эсеп ачууну колдогону менен анын коомчулукка ачык болушун жактайт. Ал жемкорлуктан өндүрүлгөн каражат өкмөткө тиешелүү болбошу керек деп эсептейт.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

- Жемкорлуктан өндүрүлгөн каражат кайсы жерге топтолот, кайсы жактан кетет, келдиби, жокпу? "Бюджетке бердик" деп башка жакка кетип, калган маалымат жок. Бизде атайын эсеп жок же бюджетте атайын бөлүгү жок. Ошондуктан мындай эсеп керек. Эл аралык тажрыйба боюнча бюджеттик циркуляр боюнча "атайын бөлүк" жана "келтирилген зыян" деген бар. Бизде туум жана айыппул эле болуп жатпайбы. Бирок кайтарылган каражаттарды колдонуунун да өзүнчө жол-жобосу болушу керек. Ал акча бир жемкордун чөнтөгүнөн экинчисине түшүп калбашы керек.

"Мамлекеттик казынага кайтарылды" деп саналган каражаттар кайрадан кайда жумшалганы туурасында Финансы министрлигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Мурдагы финансы министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, коррупциядан өндүрүлгөн каражаттын 30 пайызын кылмыштын бетин ачкан мекемеге, калган 70 пайызы түз мамлекеттик казынага салык эмес, төлөм катары түшөт. Аны коротууну өкмөт сунуш кылып, Жогорку Кеңеш бекитип берет.

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев кылмыш иштеринин бетин ачуунун негизинде өндүрүлгөн каражатты тактоо боюнча бир топ маселе бар экенин белгиледи:

- "Жемкорлордон мынча өндүрдүк" деген маалымат болот, ошону издеп кубалай келгенде эле так эмес маалыматтар чыгып калып жатпайбы. Ордуна кайтаруунун механизмдери жетиштүү. Мисалы, үй-мүлкүн камакка алат же дагы башка жолдору бар. "Каякка кайтарып берем?" дегенде тергеп жаткан орган: "Кайсы жакка зыян келтирсең, ошол жакка алып барып бер" дейт. Айыл өкмөткө төлөйт, билим берүү бөлүмүнө зыян келтирсе - ал жакка төлөп салат. Кайтаруу механизми чаржайыт болуп жатат. Муну статистика жана башка органдар тактаганга көп учурда мүмкүнчүлүгү болбой калат.

2017-жылы “Коррупция” беренеси боюнча 1037 кылмыш иши козголуп, андан мамлекеттик бюджет 670 млн. сом зыян тарткан. Анын 18,4 млн. мамлекетке кайтарылган. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков парламенттин үч фракциясында отчет берип жаткан учурда билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, укук коргоо органдары 2016-жылы 3 млрд. 495 миң сомду мамлекетке кайтарган.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров мындай каражаттарды атайын эсеп ачуу менен көзөмөлдөөдөн майнап чыкпайт деп эсептейт:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- "Коррупцияга каршы күрөшөм" дегенине канча болду? Кармай турган кишилер четинен Кыргызстандын сыртына кетип жатпайбы. "Күрөшүп, анан эсеп ачыш керек" дегени - кызылдай популисттик буйрук, эч кандай жыйынтык чыкпай турган аракет.

Коомдук ишмер, саясатчы Азимбек Бекназаров мындай тапшырма берүү президенттин ыйгарым укуктарына кирбейт деген пикирде.
Ал коррупцияга байланыштуу кылмыш иштеринен улам өндүрүлгөн каражаттарды коротуу оңой иш эмес экенин, муну бир тапшырма берип чечип коюу туура эмес болоорун айтты:

- "Атайын эсеп ачтым" деп президенттин тапшырма бергенге укугу жок. Мамлекетке түшкөн акча республикалык бюджет менен Жогорку Кеңеш аркылуу бөлүнөт, өкмөт иштетет. Андан башка конституциялык, укуктук жолун мен билбейм, андай жок. Ал үчүн Жогорку Кеңеш ошондой чечим кабыл алышы керек.

Ошону менен катар талдоочулар укук коргоо органдарында экономикалык жана кызматтык кылмыштардын бетин ачууда өндүрүлгөн каражаттын өлчөмүн ашыра көрсөткөн өнөкөт бар экенин да белгилеп жүрүшөт. Бул туурасында мурун парламентте да кеп козголуп, казынага кайтарган каражаттар боюнча иликтөө жүргүзүү боюнча демилге да көтөрүлгөн.

Эми президенттин тапшырмасы боюнча өкмөт өз сунушун бериши керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG