Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:30

Айлыгы аз, байлыгы көп аткаминерлер


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште мамлекеттик аткаминерлердин башка жарандыгы үчүн жазаны күчөтүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Антына турбаган министрдин, башка өлкөнүн жарандыгын жашырган депутаттын сурагы кандай болуш керек? Коррупцияга аралашкан “чоңдорго” жазанын дагы күчөтүү керекпи? Мамлекеттик кызматкердин жоопкерчилигин коомдо кантип жогорулатабыз?

“Арай көз чарай” талкуусуна мурдагы айыл чарба министри Карыпбек Асанов, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт Бакыт Рысбаев жана коомдук активист Мавлян Аскарбеков катышты.

“Азаттык”: Карыпбек мырза, өткөндө өспүрүмдөрдөн “келечекте ким болосуң?” деп сураса дээрлик баары “президент, депутат, министр, ишкер болом" дешти. Мугалим, инженер, дарыгер болгусу келгендер дээрлик жок. Мунун негизги себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Карыпбек Асанов: Бул жооптор биздин коомдун көрүнүшү. "Жогорку кызматка барсаң тез байып, жакшы машина минесиң, жакшы үйдө жашайсың" деген түшүнүк орноп жатат. Ошол коррупция менен байып жаткандарды жаштар көрүп өсүүдө. Элдин жашоо деңгээлинде кескин ажырым пайда болду. Союз учурунда баары бирдей жашачу да. Заводдун жумушчусу директорунан көп айлык алчу, колхоздун башкармасы чабандан аз тапчу. Баюунун эң ыңгайлуу, оңой жолу мамлекеттик аткаминер катары иштөө болуп калды.

Азыр жаштардын көбү салык, бажы, милиция, сот кызматтарына иштегиси келет. Ошол мамлекеттик органдардын жанында токтоп турган машинелердин баасын караңызчы! "Анын баары кайсы акчага келди?" деген суроо туулат. Жаңы маалыматта "Жалал-Абаддын бажы кызматкерлери 30 миллион сомдук товарды мыйзамсыз өткөрүшкөн" деп айтылууда. Анан баары эле бажыда иштегиси келет да.

“Азаттык”: Бакыт мырза, учурда коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча бир нече үлкөн чиновниктердин аттарынын аталышы, коррупцияга байланыштуу шек саналган депутаттын дайыны билинбей жатышы, дагы бир депутаттын башка өлкөнүн жараны болуп чыкканы эмнеден кабар берет? Биздин мамлекеттик аткаминердин портрети ушубу?

Өмүр бою шоопур болуп жүргөн же 25 жыл бир окуу жайын бүтүрө албагандар мамлекеттик бийликтин бийик орундарын ээлеп, бизди башкарып келишти.

Бакыт Рысбаев: Кыргызстанда эгемендик алгандан бери эле мамлекеттик кызмат маңдай тер төкпөстөн, оңой баюунун булагына айланды. Талап-тоноо, элдин, бирөөнүн мүлкүн тартып алып, өзүнө ыйгарып алуу идеологиясы жайылып келди. Жер казып иштебей же башка ишкерлик кылбай эле өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп тез байып жатышкандар аз эмес.

Кыргызда “башчың ууру болсо, тегерегиндегилер да ууру болот” деген кеп дал бүгүнкү күндү айтып турат. Баарыбыз көрүп-билип турабыз, акыркы жети жылда мамлекттик кызмат чөйрөлөрүндө коррупция абдан күчөдү. Азыркы бийлик "мамлекеттик башкаруунун кадыр-баркын өз ордуна коебуз" деген ишарат кылып жатат. Чынында ошондой ниеттери болсо колдоого татыйт. Болбосо айыл өкмөттүн жөнөкөй кызматкеринен тартып, "Ак үйдүн" жетинчи кабатына чейин уурулук менен алектенгени өөн нерсе болбой калды, уялбай деле калышты.

Бирок бул көрүнүш көпкө чейин эле боло бербейт, бир күнү жарылмак. Болгону качан жарылары белгисиз болчу. Былтыркы учактын кулашы жана Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария биздин башкаруучулардын жүзүн ачты.

“Бир чети бизди кудай да жазалап жатат” дегенге ишенгиң келет. Эки кырсык тең кычыраган катуу суукта болуп жатат. Канчалаган миллиондогон сомдор уурдалганына мамлекеттик кызматкерлер, чоң жетекчилер аралашканы кырсыктан кийин билинип отурат.

Жээнбеков: Дос-таанышка карабайм

Жээнбеков: Дос-таанышка карабайм

​Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү аёосуз жүрөөрүн эскертти.

“Азаттык”: Мавлян мырза, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары "мамлекеттик аткаминердин башка жарандыгы аныкталса жазасын күчөтүш керек" деп жатышат, ал кандай жаза болуш керек? Кайсы бир депутат же чиновник башка өлкөнүн жараны экени аныкталса, аны Кыргызстандын мыйзамы менен кантип жазалайбыз?

Мавлян Аскарбеков: Өмүр бою шоопур болуп жүргөн же 25 жыл бир окуу жайын бүтүрө албагандар мамлекеттик бийликтин бийик орундарын ээлеп, бизди башкарып келишти. Чала бандиттер депутат болуп отурушат. Бул көрүнүш өсүп келаткан жаш муундун аруу максаттарын талкалап жатпайбы?

Казакстандын жараны болгону менен биздин парламентке депутат болуп алган жигит да Бакиев заманында эле чала бандит болуп жүрүп, депутат болгон. Кийин акчанын күчү менен кайра депутат болуп келген. Башка мамлекеттин жараны экенин биздин атайын кызматтар тастыктап койсо болот эле да?

Улуттук коопсуздук кызматын агроном башкарып жатты. Ушул көрүнүштөрдүн баары биздин коомго чоң залакасын тийгизип жатат. Кош жарандык алган мамлекеттик аткаминерлерге жазаны күчөтүү боюнча демилге 2011-жылдан бери көтөрүлүп келатат. Арадан жети жыл өттү, эч нерсе жасалган жок.

Эмне кылыш керек? Бир да мамлекет өз жаранын башка өлкөгө бербейт. Бериш үчүн эки өлкөнүн ортосунда келишим болушу зарыл же ал жаранга кылмыш иши козголушу керек.

Дагы бир маселе - депутаттыкка талапкер адам Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырып жатканда: “Сиз башка өлкөнүн жараны эмессизби?” деген суроого ачык, так жооп бериши керек. Эгер кийин калпы чыгып калса, Кылмыш-жаза кодексинде тиешелүү жазалай турган беренелер бар. Азыр "депутаттарда башка жарандыгы аныкталып калган учурда 2-3 жылга чейин камайлы жана айып салалы" деген сунуштар айтылууда. Мен буга кошумча айтат элем - керек болсо мүлкүн конфискация кылыш керек. Мисалы, биздин мурдагы депутат Асылбек уулу Дамирбек Казакстандын жараны болгонуна карабай алдоо жолу менен депутат болуп, Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен канчалаган айлык алып турду. Аны төлөтүш керек...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Мамкызмат - байлыктын булагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:45 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG