Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:47

Мигранттар: жол азабы, көр азабы...


Мигранттарга арналган көргөзмөдө тартылган сүрөт. 29-сентябрь, 2018-жыл.

Былтыр Москвадан Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөн. Алардын 60тан ашууну жол кырсыгында каза болгон. Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жол кырсыгында жабыркагандарды азайтыш үчүн өкмөт аба жана темир жол каттамдарына көңүл бурушу керек деген ойдо.

Өзбек өкмөтү Орусияга бараткан мигранттардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Орусиянын шаарларына жаңы темир жол каттамдарын ачууда.

Ташкент-Москва, Ташкент-Уфа поезд багыттары ачылып, Волгоградга каттамдар көбөйтүлгөн. Өзбек өкмөтү мигранттарга учак жана темир жол билеттерин сатып алууга атайын жеңилдиктерди да бермей болду.

Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын саны 3 миллионго чукулдайт. Алардын басымдуу болүгү Сурхандарыя, Кашкардарыя, Самарканд жана Фергана облустарынан келген.

Орусиядагы өзбекстандыктардын «Ватандош» биримдигинин жетекчиси Усман Баратов өкмөттүн убадалары аткарылса, узак жолго унаалар менен топ-топ болуп чыгып, кырсыкка кабылгандар кескин азаят деген үмүттө.

- Былтыр мигранттарды Орусияда ишке орноштуруу тууралуу эки өлкөнүн ортосунда атайын келишим алынган. Азырынча жеңилдиктер бул келишим боюнча Орусияга ишке келген мигранттарга гана берилери айтылып жатат. Бирок Өзбекстандан Орусияга келчү темир жол жана аба каттамдары көбөйтүлдү. Өзбекстанга орусиялык учактар да каттайт, бирок аба жана темир жол ишканалары мамлекетке тиешелүү. Ошондуктан мигранттарга тарифтик жеңилдик берилсе, элге жакшы. Азырынча жеңилдиктердин таасири сезилген жок. Бул өкмөттүн колунан келчү иш.

Орусияга бараткан кыргызстандык мигранттар жолдо каза тапкан учурлар да болгон. Москвадагы кыргыз элчилиги былтыр бир гана Борбордук федералдык аймактан Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөнүн, алардын 60тан ашууну жол кырсыгында каза болгонун маалымдады.

Жалпы Орусия боюнча январь-июнь айларында 216 мигрант каза тапкан.

Мындай кырсыктар көбүнчө борборазиялыктар миграциялык картаны жаңылатканы чек арага жеңил унаалар менен чыкканда катталат. Ошондой эле Ош менен Бишкектен Орусиянын шаарларына мигранттарды ташыган жеке микроавтобустар кырсыктаган учурлар да арбын.

Жамиля Бегиева.
Жамиля Бегиева.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Жамиля Бегиева аба жана темир жол каттамдарынын жол киреси кымбат болгондуктан, мигранттар тобокелге салып жатышканын айтууда.

- Поезддер бош эле келип жатат. Жол киреси авиабилеттей эле кымбат. Кыргыздар аргасы түгөндө «Кудай сактасын» деп жолго чыга берет эмеспи. Азыркы суукта Казакстанда эки автобус тоңуп калганын угуп жатабыз. Андан башка канча жол кырсыктары болуп жатат! Ошондуктан өкмөт башчыларыбыз авиакомпаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүп, жол кире маселесин чечиши керек. Темир жол болсо өзүбүздө, өкмөттүн колунда. Же адамдар четке чыгып жатканда мамлекет мигранттардын өмүрүн жеке менчик мекемелер аркылуу эмес, өкмөттүк мекемеде камсыздашы керек. Эки күндүн биринде эле Орусияда каза болгон мигранттардын сөөгүн узатууга акча чогултулат, ззэниң кейийт.

Бишкек менен Оштон Москвага жеңил унаа менен 3-5 миң рубл жол киреге келүүгө мүмкүн болсо, авиабилет баасы эки-үч эсе, миграция күчөгөн маалда андан да кымбаттап кеткен учурлар болот. Ал эми поезд бир гана Бишкектен Орусиянын үч эле шаарына каттайт, билет акысы да аба каттамынан кем калбайт.

Надырбек Сооронбаев.
Надырбек Сооронбаев.

Коомдук ишмер Надырбек Сооронбаев эмгек мигранттарынын коопсуздугу үчүн аба жана темир жол акыларынын туруктуулугун камсыздап, узак жолго чыккан айдоочулар менен унааларды жакшылап текшерүү керек экенин кошумчалайт.

- Аба каттамдарынын баасы туруктуу эмес. Сезон маалында Кыргызстандан бул жакка учкан кымбат. Кайра мигранттар эс алууга кетип жатканда да билет баасы асмандап кетет. Айла жоктон унаа менен чыгып жатышат. Анан ар кандай себептерден улам жолдо каза таап жатышат. Темир жол азырынча өкмөттүн колунда болгондуктан, мигранттарга атайын жеңилдиктерди кылып, каттамдарды көбөйтүп берсе, мекендештер поезд менен каттап, кырсыктар азаймак.

"Башкаларга караганда бизде жол кире арзан"

Ал эми жарандык авиация боюнча эксперт Эрмек Өмүралиев Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда аба каттамдарына жол кире кыйла арзан экенин белгилейт.

- Бишкек-Москва багытында кыргыз авиакомпанияларынын 15 рейси, орусиялык компаниялардын 19 рейси каттайт. Ал эми Ош-Москва багытында кыргызстандык авиакомпаниялардын 12 рейси, орусиялыктардын 13 рейси бар. Бул каттамдар Кыргызстан менен Орусия кабыл алган келишим боюнча жүрөт. Бул жерде улуттук кызыкчылык, паритет дегендер камтылган. Ошондой эле эки тараптуу атаандаштыкка маани берилет. Албетте, өкмөт билеттердин баасына көзөмөл кылат. Бирок баалар өтө эле көтөрүлүп же түшүп кеткен кезде гана түздөн-түз кийлигише алат. Жалпысынан азыр бизде баалар ыңгайлуу.

«Мигранттарга атайын жеңилдик берүүгө өкмөттө каражат жагынан мүмкүнчүлүк болушу керек», - дейт Өмүралиев.

- Кыргызстан он жылдан ашуун Европа Биримдигинин «кара тизмесинде». ИКАОнун эл аралык стандарттары бар. Алар коопсуздук маселелерин камтыйт. Авиакомпаниялар бул стандарттарды орундатууга көптөгөн каражаттарды сарпташы керек. Ошол эле адистердин квалификациясын жогорулатуу, учактардын тетиктерин өз маалында алмаштыруу, учактын учуу жарамдуулугу сыяктуу көптөгөн талаптар бар. Учак бузулуп калса, атайын лицензиясы бар жайда оңдоо керек. Ошондуктан авиабилеттин баасындагы ар бир жеңилдик каражат менен камсыздалышы зарыл. Тилекке каршы, Кыргызстанда бул үчүн чоң каражат булагы жок. Орусияда ардагерлерге жана башка категориядагы жүргүнчүлөргө тарифтер атайын мамлекеттик дотация менен каралган. Жөн эле буйрук берип, талап кыла бербестен, каражат жагынан колдоо керек. Кыргыз өкмөтүндө чоң өлчөмдөгү каражат булагы болбогондуктан, натыйжалуу ыкма катары атаандаштык концепциясы басымдуулук кылат.

Эксперттин пикиринде, учурда кыргызстандык авиакомпаниялар өкмөттүн колдоосуна муктаж.

- Ооба, рейстер азайды. Башында «Эйр Манас», «Кыргызстан» компаниялары «Жуковский» аэропортуна учак жөнөтө баштады эле, кийин ар кандай себептерден улам токтоп калды. Бирок мен кыргызстандык компаниялар атаандаштыкка жакшы эле туруштук берип жатат деп ойлойм. Алардын абалын жакшыртууга тышкы жана ички инвесторлор изделип жатат. Ошол эле орусиялык «Аэрофлот», лоукостерлик «Урал», «Сибирь» жана «Голос» компанияларына колдоо күчтүү. Мындан ары кыргызстандык авиакомпаниялар бул атаандаштыкка туруштук бере алабы же жокпу – бул орчундуу маселе. Биз азыр аларга мамлекеттик колдоо көрсөтөлү деген сунуштарды киргизип жатабыз. Алар кабыл алынса, биздин компаниялар жеңилирээк иштеп калабы деген үмүттөбүз.

Кыргызстандык авиакомпаниялардын каттамдарынын азайышы Орусияда каза болгон мигранттардын сөөгүн мекенге жөнөтүүдө да кыйынчылык жаратууда. «Жүк 200» маселесинде орусиялык компаниялар сөөктү алып кетүүдөн баш тарткан учурлар арбын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG