Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Орусиянын жолдорунда кыйылган мигрант өмүрү


Орусияда кыргызстандык мигранттардын жол кырсыгында жабыркап, каза тапкан учурлар көбөйүүдө.

Орусияда борборазиялыктар миграциялык документтерин жаңылатуу үчүн чектеш өлкөлөргө жеңил унаалар менен чыгышат. Акыркы кезде Ош менен Бишкектен Орусиянын бир катар шаарларына мигранттарды ташыган жеке микроавтобус жана жеңил унаалар да көбөйгөн. Бул каттамдарда мигранттар топ-тобу менен жол кырсыгына учураган окуялар катталууда.

Сентябрдын башында Сызань-Саратов-Волгоград трассасында жол кырсыгы катталып, Кыргызстандан Орусияга ишке келе жаткан тогуз кыргызстандык жабыр тарткан.

26-августта М-5 Урал автотрассасындагы жол кырсыгында бир адам каза таап, бешөө жабыр тарткан.

8-августта Оренбург облусунда автоунаа менен микроавтобустун кагылышуусунан Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары жабыр тартышкан. Бардыгы Казакстанга миграциялык картаны жаңылатууга баратканы белгилүү болду.

13-июлда Саратовдо кыргызстандыктардын Казакстандын чек арасынан алып келе жаткан микроавтобус тоголонуп кетип, жети адам жабыр тарткан.

Апрелде Ленинград облусундагы жол кырсыгында 18 мигрант жабыркаса, алардын төртөө кыргызстандыктар экени такталган.

Январда Саратов облусунда жол кырсыгында жети борборазиялык мигрант каза тапкан, алардын төртөө кыргызстандыктар болгон.

Мигранттар аба каттамдарына караганда Орусияга жеңил унаа менен келүү бир кыйла арзан болгондуктан, жолдун кооптуулугуна жана узактыгына карабай тобокелдикке барууда.

Бишкектен Москвага жеңил унаа менен каттаган Азамат Таштанбеков буларды айтып берди:

- Азыр Орусиядан Кыргызстанга учак менен 7-8 миң рубль болуп жатса, Кыргызстандан Орусияга 15-20 миң рубль. Орусияга иштейм деп келе жаткандардын баары муну төлөй алышпайт. Андан көрө 5-7 миңге үч-төрт күн болсо деле унаа менен келишет. Азыр мигранттарды ташыган минивендер бар, маршруткалар каттай баштады. Айрым учурда адамдарды жык топтоп алып, кээ бирин кошумча орундуктарга жаткырып да, тургузуп да алып келгендер болот. Айдоочулук күбөлүктү акчага жасатып алып жүргөндөр бар. Ооба, жол узак, чек арадан өтүү оор, жолдо бир нече токтоп, түнөп келебиз.

Москвада мигранттарды чек араларга ташыган ондогон кыргызстандык айдоочу бар. Мындай узак жолдордо кырсыкка көбүнчө айрым айдоочулардын жоопкерсиздиги себеп болуп жатканын Мирлан Дарман тегин белгилейт:

- Кыргызстан Евразия биримдигине киргенден бери Украинага каттабай калышты. Азыр Казакстандын чек арасына гана чыгып жатышат. Бир күндө Москвадан жок деген 30 унаа чыгат. Эң жакын жери 1200 км алыстыкта, үч күндө барып келип жатышат. Эл көп, унаа көп, чек арада тыгын. Айдоочулардын баары тажрыйбалуу деп эч ким кепилдик бере албайт. Кыргызстандагыдай эле эрежеге карабай катуу айдашат, жолдо камералар Кыргызстандын номурун аныктабайт, айып пул жазылбайт дегендей, унаанын көбүндө руль оң жагында, айдоочулар чарчашат, уктап кетишет. Негизги эле себептер ушул. Бирок жол кырсыктын баарын кыргыздар кылып жатат деп айтканыбыз дагы туура эмес.

Доорбек Абдразаков
Доорбек Абдразаков

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Доорбек Абдразаков жол коопсуздугу боюнча кыргызстандык айдоочулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келеерин айтат.

- Айдоочуларга маалымдама эскертүүүлөрдү чыгарып, Добрынинский, Тульский жана Павелецкий метролорундагы айдоочулар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Айдоочуларда унааларында камсыздандыруусу бар да, жарандар болсо медициналык камсыздандыруу алып жатышпайбы. Жабыр тарткандар болуп жатат. Азыр биздин өкүлчүлүктө ошондой жол кырсыгында каза болгон бир жарандын ишин карап жатабыз. Каза болгондун төрт кызы бар экен, айдоочудан 15 миң доллар сурап жатышат. Эми кырсык да, эч нерсе деп айтууга мүмкүн эмес.

Орусияда чет өлкөлүк айдоочулардын катышы бар жол кырсыктарынын көбөйгөнүн белгилеген орус бийлиги милдеттүү түрдө экзамен тапшырып, орусиялык айдоочулук күбөлүк алуу талабын жыл башында киргизген. Июлда Беларустун жана Кыргызстандын айдоочуларына жеңилдик берилген болчу.

Орусияда жол кырсыгында адам өлүмүнө күнөөкөр тарап Кылмыш кодексинин 264-беренеси боюнча беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG