Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Орусия: кыргыз мигрант айына 30 миңдей табат


Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 622 миңге жетти. Алардын орточо айлык акысы 29 миң рублдын тегерегинде. Мындай иликтөөнү Орусиядагы Жогорку экономика мектеби жүргүзгөн.

Орусияда казакстандык мигранттардын орточо айлык маянасы 32 миң рубль, кыргызстандык жана өзбекстандык жарандардыкы 29 миң рубль, ал эми тажикстандыктардыкы 28 миң рублды түзөт. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Беларустун жарандары Орусияда айына орточо эсеп менен 41 миң рублдан ашык маяна алаары аныкталган.

Орусиялыктар жумасына 39 саат иштешсе, чет өлкөлүк мигранттар жумасына 60 саатка чейин эмгектенишет. Акыркы жылдары үй чарбасында, мейманкана, тамак-аш, транспорт жана байланыш тармагында иштеген чет өлкөлүк мигранттардын саны кескин өскөнү байкалган.

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Жумуштун табылышына жараша кең Москвада көчүп-конуп жашаган мигранттар үчүн эң көйгөйлүү нерсе – батир маселеси.

Мындай иликтөөлөрдү Орусиядагы Жогорку экономика мектебинин Этносаясий иликтөөлөр борбору жүргүзгөн. Жалпысынан социологиялык сурамжылоого тогуз миңге жакын КМШ өлкөлөрүнүн эмгек мигранттары катышып, алардын 70 пайызга жакыны Орусияда мыйзамдуу эмгектенишерин билдиришкен.

Иликтөөдө орусиялык жумуш берүүчүлөрдүн чет элдик мигранттарды ишке алганы тууралуу билдирүүлөрү мурунку жылга салыштырмалуу азайганы, өзгөчө үй чарбасында мыйзамсыз иштеген мигранттар көбөйгөнү аныкталган.

Кыргызстандыктардын саны өстү

Борборазиялык мигранттардын ичинен кыргызстандыктардын саны бир жылда 545 миңден 622 миңге көбөйгөн. Орусияда мыйзамдуу иштеген кыргызстандык мигрант айына орточо эсеп менен 29 миң рубль, мыйзамсыз иштегендер 27 миң рубль айлык алаары белгиленет.

Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын адиси Доорбек Абдразаков кыргызстандыктардын иштеп тапканы менен эмгек келишиминде көрсөтүлгөн маяналары бир кыйла айырмаланаарын белгилейт:

- Жарандарыбыз 25 миңден 100 миң рублга чейин айлык акы алышат. Ширетүүчү, кранчы деген кесиптердин айлыгы 100 миң рублга чейин жетет. Ал эми тазалыкта иштегендердин айлыгы 25-40 миң рубль. Эркектер үчүн айдоочунун жумушу жакшы экен, айлыгы 60 миң рублга чейин болот. 30 миңден аз акчага кыргыздар иштебей калган. Белгилеп коюучу нерсе салыктардан качып жумуш берүүчүлөр келишимде толук маянасын көрсөтпөйт. 15-17 миң рубль деп коюп, кийин өзүнчө төлөп беришет экен.

Орусияда иштеген кыргыздар.
Орусияда иштеген кыргыздар.

Ошол эле кезде Орусияда жасаган эмгеги үчүн акы ала албай калган мигранттардын көйгөйлөрү орчундуу маселелердин бири. Мамлекеттик миграция кызматы быйылкы жылдын январь-июнь айларында Орусияда кыргызстандык мигранттар жалпысынан 46 миллион рубль айлыгын албай калышканын, Москвадагы өкүлчүлүктүн жардамы менен жумуш берүүчүлөрдөн анын 16 миллион рублы өндүрүлгөнүн маалымдаган.

Мигранттын күнүмдүк чыгымы

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Турсунбай Кубатбеков мигранттар иштеп тапканынын дээрлик жарымы күнүмдүк жашоо тиричиликке сарпталаарын айтат:

- Бир бөлмөлүү батирде 6-10 адам болуп жашап, 6 миң рублдан төлөшөт. Тамак-ашына айына 10 миң рублдай кетет. Жол чыгымдары менен кошсок, ошондо тапкандарынын жарымын Кыргызстанга жөнөтүп жатышат. Азыр айына үйүнө 250-300 доллар салгандар бар.

Кыргызстандын Улуттук банкы Орусиядагы мигранттар быйыл жарым жылда 1 миллиард доллардан ашык акча которушканын маалымдаган.

Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев Орусиядан акча которуулардын көбөйгөнү мигранттардын санынын өскөнүнөн тышкары жеке ишкерлердин акчаларына байланыштуу дейт:

- Азыр Орусиядагы экономикалык кризис Батыштын санкцияларына байланыштуу түшүп кетүүдөн кийин кайра көтөрүлө баштады. Кыргызстандын экономикасынын көлөмү расмий түрдө 6-6,5 миллиард долларга барабар, айрым адистер 9-16 миллиард доллар дешет. Ошондо бул акча которуулар чоң көлөмдү деле түзбөйт. Бир нерсени унутпаш керек, бул акча которуулардын ичинде экспорттоочу жана импорттоочу ишкерлердин акчалары дагы бар. Каржы институттарына төлөнүүчү салыктардан качып, мындай жеке которууларды колдонгон ишкерлер да бар. Кыргызстандын экономикасы негизинен соода-сатыкка жана экспорт-реэкспортко көз каранды.

Искендер Шаршеев.
Искендер Шаршеев.

Кыргызстанга Орусиядан эң көп акча которуулар 2013-2014-жылдары болгон. 2013-жылы 2 млрд 80 млн доллар которулса, 2014-жылы мигранттар 2 млрд 26 млн доллар жиберген. Анда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 500 миңге жакын болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG