Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Мигранттар: маянабыз көздөн учту


Москвадагы мигрант аял
Москвадагы мигрант аял

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар 30 миллион рубль айлыгын албай калган. Мигранттардын жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимин түзбөгөнү мунун башкы себептеринин бири.

Кыргызстандык Алишер Талаканов эки бир тууганы менен Москванын метросунда иштеп, айлык акыларын албай калган. Мамлекеттик мекемеде келишим түзүлүп, мыйзамдуу иштегенине карабай ушул абалга дуушар болгонун айтты:

- Москванын метросунда иштегенбиз. Алгач 15 күндүк иш деп барганбыз, анан созулуп отуруп үч ай иштедик. Аванс берип жооткотуп жүрүштү. Анан Орусиянын Миграция кызматынан келип, баарыбызды кармап кетти. Ошондон кийин эмгек келишимин түзүп, мыйзамдуу иштей баштаганбыз. Метрополитен мамлекеттик ишкана да. Ага карабай жыйынтыгында сегиз ай иштеп 10 миң рубль эле алдык. Башында сүйлөшкөндө күнүнө 12 сааттан иш, ар бир күнгө 1800 рубль төлөнөт дешкен. Элчиликке кайрылдык, жардам болгон жок. Жаныбызда тажикстандыктар бар болчу, алар элчилик аркылуу жарымын, андан кийин ортого бирөөлөрдү салып жатып дагы жарымын алышты. Биз үч бир тууган иштегенбиз, белчебизден карызга батып калдык.

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга жумуш берүүчүлөрдөн айлык акысын алуу чоң көйгөйгө айланууда.

Быйылкы жылдын январь-июнь айларында Орусияда кыргызстандык мигранттар жалпысынан 46 миллион рубль айлыгын албай калышкан. Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов Москвадагы өкүлчүлүктүн жардамы менен жумуш берүүчүлөрдөн 16 миллион рубль өндүрүлгөнүн билдирди:

- Айлык боюнча көптөгөн кайрылуулар түшкөн. Арыздар боюнча алынбай калган айлык маяна жалпысынан 46 миллион рублди түзгөн, анын 16 миллион 700 миң рубли өкүлчүлүктүн жигердүү ишинин натыйжасында жарандарга кайтарылды. Бул багытта дагы иштер жүргүзүлүүдө. Бул иштерге Орусиянын Эмгек министрлиги, Эмгек инспекциясы, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдары өкүлчүлүккө жардамын көрсөтүп жатышат.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Доорбек Абдразаков мигранттардын өз убагында айлык акысын албай калышына жумуш берүүчүлөр менен мыйзамдуу түрдө эмгек келишимин түзбөй иштегендиги себеп болуп жаткандыгын айтты:

Москвадагы мигрант аял
Москвадагы мигрант аял

- Жумуш берүүчүлөрдөн жарандарыбыздын айлыгын талап кылганда бир топ кыйынчылыктар болуп жатат. Урушканга чейин барып жатабыз. Айрымдары «кризис, ана-мына төлөйбүз» дешет, айрымдары эмгек келишими жок болгондуктан "иштеткен эмеспиз, төлөбөйбүз" дешет, башкалары "эмгек келишимде көрсөткөн 10-15 миң рубль каражатты эле беребиз" дешет. Алынбаган айлык акылар миллиондон ашып кеткен учурда Орусиянын Тергөө комитетине кайрылып жатабыз.

Расмий маалымат боюнча бүгүнкү күндө Орусияда 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Быйылкы жылдын биринчи кварталында алар Кыргызстанга 433 миллион доллар акча которушкан. Ал эми Орусияда мыйзам бузгандыгы үчүн 106 миң кыргызстандык жаран «кара тизмеге» алынып, Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG