Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:27

Орусияда жылына үч жүздөн ашуун мигрант ар кандай себептерден улам каза табат. Чет жактан сөөк жөнөтүү - мигранттардын башкы көйгөйү.

Сентябрда Нурзат 27 жаштагы бир тууганын Москвадагы ооруканалардын биринде оор абалда тапкан. Көчөдөн эс-учун жоготуп жыгылган адамдын жанында документтери болбогондуктан, анын аты-жөнү билинбей калган.

Ооруканада иштеген Данияр аттуу кыргызстандык бала "Одноклассники" социалдык тармагына сүрөтүн чыгарып, жакындарын издебесе, Нурзат инисинин дайынын билбей, тирүүсүндө көз көрүшпөй калмак экен:

- Москвадан жолугушуп турчубуз. Анан телефону өчүп, таппай калдым. Иште жүрсөм, Оштон сиңдим чалды. "Ооруканада экен, бизге кабар жетти" деди. Адам жакшы үмүт менен жашайт тура. Эч кандай жамандык оюмда жок, ооруканага барсам, өтө оор абалда экен. Догдурлар "жаш экен, мурда микроинсульт болгон окшойт, бирок жүрө бериптир" дешти. Кыргызстанга алып кетем деп эле элчиликке барып документтерин жасап, учак менен алып кетүүгө акча таппай чуркап жүрдүм. Эртең алып кетем деген түнү үзүлүп кетти. Даниярга "ушул кыргыз экен" деп жетекчилигинен уруксат сурап, сүрөттү чыгарып бизди издегенине ыраазымын. Кайдыгер карап койсо иним дайынсыз, аты-жөнү жок өлүп калмак экен. Москвадагы «Кыргыз биримдиги» деген уюмга дагы ыраазымын. Болушунча жардам беришти. Тагдыр экен, инимдин сөөгүн Кыргызстанга алып кеттим.

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Быйыл январь-август айларынын ичинде бир гана Москва жана Москва облусунан каза болгон 122 кыргызстандыктын сөөгү Ата Мекенине жөнөтүлгөн. Алардын көбү жол кырсыгынан жана оору-сыркоодон каза тапса, сегиз мигрант киши колдуу болгон. Жарымынан көбүнүн өлүмүнүн себептери атайын экспертиза жүргүзүүнү талап кылгандыктан, аягына чейин аныкталбай калган.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын аксакалы Турсунбай Кубатбеков мигранттардын саны өскөн сайын өлүм-житимдердин, дайынсыз жоголгондордун көбөйгөнүн айтууда. Анын оюнча, акыркы бир жыл ичинде Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 100 миңге өскөн:

- Эл көбөйгөн сайын ооругандар, кырсыкка учурагандар болот экен. Азыр расмий 500-600 миңдей кыргызстандык бар дешет. Чындыгында миллионго жеттик. Анан өздөрүн үлгүлүү алып жүрө албагандар болот. Таң атпай мас болуп төрт-бештен көчөдө жүргөн уландарды кезиктиресиң кээде. Түнү көчөдө калса, бейбаштар дагы кол салат анан. Кыргыз кафелери дагы көп. Ошол жакта бири-бирин сабап, өлтүрүп койгондор канча. Өзүбүзгө өзүбүз дагы кылып жатпайбызбы.

Каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү Орусиядагы кыргыз диаспораларынын башкы көйгөлөрүнүн бири. Учак менен жөнөтүү орточо эсеп менен 35-50 миң рубл, ал эми ритуалдык кызматка 20 миң рубл акча талап кылынат.

Мурунтан кыргызстандык авиакомпаниялар сөөктү акысыз алып кетишчү. Акыркы кезде кыргызстандык учактардын каттамдары азайып, башка өлкөлөрдүн авиакомпаниялары сөөк ташуудан баш тарткан учурлар кездешет. Турсунбай Кубатбеков бул абалды оорлотуп турганын айтты:

- Бул маселе боюнча кыргыз өкмөтүнө кат жазып, келген депутаттар менен мамлекеттик кызматкерлерге айтып жатып тажадык. Мурда кыргыз авиакомпаниялар сөөк алып кетишчү эле. Алардын каттамы азайды. Азыр орусиялык, түркиялык жана башкалар учат. Өкмөт лицензия берердин алдында милдеттендирип койсо, көйгөй чечилет эле.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Орусиядан мекенге сөөктү узатуу муктаждыгы чыкканда чыгымдарды кыргыз жамааттары биргелешип көтөрүшөт. Бирок мындай шарт чет жакта жүргөн мигранттарда дайыма эле боло бербейт.

Активист Толкунбай Акматов өкмөт тарабынан чет жакка чыккан жарандардын өмүрүн камсыздаган атайын программа түзүлүшү керек деген ойдо:

- Бир жолун таап туруп, мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу керек. Ошондо «Жүк-200», иште кырсыкка учурагандарды жана катуу ооруга чалдыккандарды Кыргызстанга алып кетүү сыяктуу көйгөйлөр чечилет. "Жардам керек, бирөө кайтыш болуптур" дегенде мекендештер болушунча акча чогултат. Бирок эч ким өзүн ойлобойт. Мигранттар дагы эртеңкисин ойлошу керек, кайдыгер карабай. Чет жакка ишке кетип жаткан мигранттардын өмүрүн камсыздаган программаны өкмөт ойлоп чыгып, өкмөт жоопкерчилик алышы керек. Жеке ишканаларга берсе, алар өздөрүнүн чөнтөгүн гана ойлошот.

Чет жакта каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн кайтарып алуу үчүн Мамлекеттик миграция кызматына кайрылууга болот.

Миграция кызматы 2010-жылдан бери мындай төлөмдөр 399 факты боюнча берилгенин билдиришкен. Бирок ал үчүн чыгымдарды ырастаган расмий документтерди тапшыруу зарыл. Ошондой эле бул документтерди тапшырууга алыскы аймактардан борбор калаага келүүгө туура келет.

Орусияда расмий эсеп боюнча азыр 620 миңдей кыргызстандык эмгектенет. Жыл башынан бери Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн 4 миңге чукул жаран өлкөдөн чыгарылган. Ал эми "кара тизмедеги" мигранттардын жалпы саны 89 миң адам.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG