Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Түркия: оору менен алышкан Ширин


Түркиядагы оорукана.
Түркиядагы оорукана.

Түркиянын Деңизли шаарында 22 жаштагы Ширин Бейшембекова 45 күндөн бери оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Ден соолугун тобокелге салып иштеп жүргөн кыздын дарты өтүшүп, эки бөйрөгү иштебей калган.

Түрк жергесине эмгек визасы менен келип, бала багып иштеген Шириндин мамлекеттик медициналык камсыздандыруусу бар. Бирок мындай камсыздандыруу менчик ооруканада жаткан Шириндин дарылануусуна кеткен чыгымдын бир бөлүгүн гана жабат.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

22 жаштагы Ширин Бейшембекова​нын апасы Анара Деңизли шаарына кызы ооруп калгандан кийин, бир ай мурун келген. Ширин бул шаарда түрк үй-бүлөнүн эки жашар кызын бакчу экен.

- Эки жаштагы кызды багып ушул жакта иштечү. Азыр эми минтип ооруп калды. Абалы өтө оор. Үч күндөн бери дене табы түшпөй ичи ысып жатат. Догдурлар чоң сүлгүрлөрдү суулап туруп, колтугуна коюшат экен. Жасалма дем алдырып, эки күндөн бир диализ аппаратына киргизип жатышат.

Деңизли шаарындагы “Эрпа” деп аталган менчик оорукана менен телефон аркылуу байланышканыбызда, бейтап тууралуу толук маалыматты анын жакындарына гана бере алышарын айтып чектелишти:

- Ооба, Ширин азыр биздин реанимацияда жатат. Догдурубуз жакындарына гана маалымат берүүгө уруксат берген. Ошондуктан башка маалымат бере албайм.

Түркиядагы оорукана.
Түркиядагы оорукана.

45 күндөн бери эсине келе албай, оор абалда жаткан Ширинге Түркияга келээрде иш берүүчүлөр эмгек визасын жасатып беришкен. Түрк мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк жарандарга берилген эмгек визасы милдеттүү мамлекеттик медициналык камсыздандырууну да камтыйт. Бирок Ширин менчик ооруканада жаткандыктан медициналык камсыздандыруу чыгымдын баарын төлөп бербейт.

Кыргызстан менен медициналык туризм жаатында иш алып барган Ибрагим Долапчыоглу Түркиянын мамлекеттик камсыздандыруусунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп берди:

- Эгер бейтаптын визасынын төлөмдөрү ай сайын төлөнүп турса, анда болгон чыгымдын 80 пайызын мамлекет төлөп берет. Бирок бейтап жаткан оорукана жеке менчик болсо, мамлекет менен түзүлгөн келишимине да карайт.

Ширин иштеген үй-бүлө оорукананын буга чейинки чыгымдарын төлөгөн. Бирок бейтаптын апасы Анаранын айтымында, мындан кийин кызынын чыгымдары өз чөнтөгүнөн чыгат:

- Кызым иштеген үйдүн кожойуну 100 миң лирадан ашык короттум деп ачык эле айтты. Менчик оорукана болгондон кийин камсыздандыруусу болсо деле ошончо айырма чыкты окшойт. Эми бүгүндөн тарта өзүм төлөп башташым керек. Мындай акчаны кайдан табам деп отурам...

Анкарадагы кыргыз элчилиги бул иш боюнча Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жөнөткөн. Анда Ширин Бейшембекованы эки өлкө ортосундагы акысыз медициналык дарылоо боюнча атайын квотага киргизүү сунушталган. Андан сырткары элчилик Ширин Бейшенбекованы Түркиядагы башка мамлекеттик ооруканага тез арада которуу боюнча Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүүдө.

Бейтаптын апасы Анара ушул тапта кызы иштеген түрк үй-бүлөнүн үйүндө жашап жатат. Колунда жок эненин болгон үмүтү Кыргызстандын өкмөтүндө:

- Биздин мамлекеттен жардам сурайм. Биздин чоңдор деле үнүмдү укса болот эле. Же кызымдын өлгөнүн күтүп отурушабы? Кыргызстанда жыргал жашоо болсо, ушунча кыздарыбыз талаалап иштегени кетмек беле? Кыз-келиндерибиз кандай шартта иштеп, жашагандарын көрүп зээним кейип отурат.

Түркиянын Деңизли шаары баш калаа Анкарадан 400 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шаарда негизинен текстиль жана жеңил өнөр жай ишканалары арбын.

Түркияда расмий каттоодон өткөн кыргызстандыктардын саны 19 миңге жакын. Бирок каттоодон өтпөй, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттардын саны мындан алда канча көп.

Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандык мигранттардын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйдү. Былтыр 3612 кыргызстандык жаран эмгек визасын алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG