Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Түркиядагы кыргыз кыздарынын нике көйгөйү


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркиянын министрлер кеңеши муфтият жана муфтият дайындаган имамдардын расмий нике кыюу укугу жөнүндө мыйзам долбоорду парламентке сунуштады. Эгер долбоорду мыйзамчылар колдосо анда райондук жана облустук муфтияттын имамдары мамлекеттик каттоочудай эле нике кыюуга укук алат.

Түркия молдо кыйган никени тааныйбы?

36 жаштагы Гүланда Орунбаева 14 жыл мурда Түркияга келип, түрк жаранына турмушка чыккан. Бирок расмий никеге турган эмес. Ушу тапта өзүнүн да, төрт баласынын да эч кандай документи жок. Гүланданын түрк визасы болбогондуктан жергиликтүү имам эле никесин кыйып койгон.

- Менин ал убакта паспортум бар, бирок визам жок эле. Ошондуктан расмий нике кыйдыра алган жокпуз. Кийин паспорттун берилген мөөнөтү аяктаганда полицияга баргандан коркуп жүрдүм, - деген Гүланда ушу тапта төрт баласы менен тааныштарынын үйүндө баш калкалап келет. Жолдошу абактан чыккан, бирок иштебейт.

Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугу Гүланданын паспортун жаңыртуу үчүн андан арыз алган, бирок башка документтеринин жоктугу ишти татаалдаштырган.

Түркия
Түркия

Түркиянын өзүндө эле имам кыйган нике менен жашаган үй-бүлөлөр бар.

Ошол себептүү түрк парламентине муфтияттын имамдарына расмий нике кыйганга укук берүүчү мыйзам долбоору сунушталды. Стамбул шаардык муфтиятынын басма сөз катчысы Энгин Динчтин айтымында, негизи эле айыл жергесинде дагы деле имамдын кыйган никеси маанилүү.

- Айыл жергесинде диний никени расмий никеден дагы маанилүү деп ойлошот. Азыр эми бир аз өзгөрүшү мүмкүн, бирок үйлөнө турган жубайлар алгач имамга нике кыйдырган соң мэрияга барып расмий никеге турушат.

Түркиянын мыйзамына ылайык 18 жашка толгон кыз-жигит жергиликтүү бийликтердин карамагындагы нике каттоо кызматына арыз беришет. Мыйзам долбоору парламенттен өтүп кетсе, анда райондук муфтияткa барып расмий никеге турууга укук алышат. Стамбул муфтиятынын өкүлү Энгин Динч чет өлкөлүк кыз-келиндер менен түрк жарандарынын диний никеси тууралуу буларга токтолду.

- Бир чет өлкөлүк жаран түрк жараны менен үйлөнөм десе, анда эң оболу мэрияга кандай документтерди тапшырса, муфтиятка деле ошондой документтер талап кылынат го деп ойлойм. Мыйзам дагы парламенттен өтө элек, андыктан азыр божомолдоп жатабыз. Эгер өтүп калса, анда жарандарга жеңилдик болот деп ойлойм. Диний никесин дагы, расмий никесин дагы бир жерден кыйдырып алышат.

"Кыргыз кыз-келиндер сабатсыздыктан кыйналат"

Түркиянын никеге туруу мыйзамына ылайык түрк жараны менен үй-бүлө кура турган чет өлкөлүктөр тапшырчу документтердин тизмеси бар. Расмий органдар алдын ала жубайлардын документтерин текшергенден кийин гана никеге туруу боюнча арызды кабыл алышат. Беш жылдан бери Угур аттуу түрк жигити менен түтүн булатып жаткан кыргызстандык Уулжан Кыдыралиева Түркияда расмий никеге туруунун жол-жобосун айтып отурду.

- Никеге турардан мурда мага расмий органдардан берилген тизмедеги бардык документтерди чогулттум. Эң негизгиси "Кыргызстанда никеси жок" деген документти котормосу менен сурашат. Аны Бишкектеги ЗАГСтан эле алдырдым, которттум, нотариустан ырастадым. Андан соң жолдошум экөөбүз ооруканага барып анализ тапшырып, "дени сак" деген ырастама алып бардык. Ошондо гана Стамбул шаардык мэриясына караштуу нике кызматынан нике күбөлүк алдык.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Кыргызстандык адвокат Заирбек Малашев Түркияда мекендештерине ар тараптуу юридикалык колдоо көрсөтүп келет. Анын тажрыйбасында түрк жараны менен диний никеге турган кыргызстандык кыз-келиндер көп жапа чегет.

- Биздин жарандар сабатсыздыктан кыйналат. Мен бир эжебизди тааныйм, ал түрк жараны менен нике кыйдырган. Азыр ажырашам деп жатат, ага бирок расмий эч бир укугу жок. Анткени эже чет өлкөлүк жаран бойдон калган. Андай учурда сени эч бир мыйзам коргой албайт.

Ал эми Стамбулдагы Фатих Султан Мехмет университетинин Теология факультетинин магистранты Эрлан Баянов мыйзам долбоору өзгөчө Түркиядагы чет өлкөлүк келиндердин укугун бекемдейт деген ишенимде:

- Түркияда муфтиятка барып "биздин никебизди кыйып берип коёсузбу" деген чет өлкөлүк кыз-келиндердин никеси бул мыйзам өтүп калса расмийлешет деп ойлойм. Эгерде келишпестик болуп ажыраша турган болсо, анда өз укугун толук кандуу коргой алат.

Түркиянын статистикалык комитетинин маалыматына ылайык өлкөдө 2016-жылы 22 миң 583 чет өлкөлүк аялдар түрк жараны менен расмий түрдө баш кошкон. Бул жалпы турмуш кургандардын төрт пайызын түзөт экен. Алардын басымдуусу Сириянын, Германиянын жана Азербайжандын жарандары. Ал эми өлкө боюнча диний нике менен жашагандардын саны белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG