Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Молдолор ЗАГСка иштеши керекпи?


Бейшемби күнкү гезиттерге Шайлообек сереп.

“ПолитКлиника” гезити “Башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматынан кетет экен, өзү менен байланыша албай жатабыз” деп кайсыл бир интернет сайт тараткан сөз карандай калп экенин, кызматынан кетүү жөнүндө ой болбогондугун маалымдады.

Ушул эле гезит Кубатбек Айбашовдун “Орус–кыргыз мамилеси салкындадыбы?” деген макаласын жарыялап, анда орусиялык жана жергиликтүү саясат таануучулардын ойлору талдоого алынды. Маселен автор, орусиялык “Вести.кg” сайты президент Алмазбек Атамбаевди өлкөдө кымбатчылык, коррупция, кландык башкаруу өкүм сүрүп, социалдык-экономикалык кырдаал курчуп турган маалда аракет кылбагандыгын сынга алган сөздөрүн коомчулук бул деген эки тараптын маалыматтык кармашуусу деп баалап жатканын, саясат талдоочу Табылды Акеров муну Кыргызстандын жетекчилиги дүйнөлүк коомчулук менен эсептешүүгө мажбур болуп, Орусиядан алыстооого аракет кылып жатат деп айтканын жазды.

Жарандык активисттердин бири Бурул Усманалиева, орус-кыргыз мамилеси азырынча бузула электигин, бирок ортодогу мамиленин салкындашына орус тарап өзү биринчи жол ачканын, биздин бийлик ишеним артып келаткан Камбар Ата-1 ГЭСин курууну орус тарап колдобой койгонун, экинчиден Түркия менен араздашып бизди да ыңгайсыз абалга калтырганын, биз өзүбүз да түрк элдеринин бири болгондуктан Түркияны сыйлап, урматтап жүрүшүбүз керектигин, анткени 91-жылы биздин өз алдынчалыгыбызды биринчи болуп таанып, биринчи болуп жардамга колун сунган Түрк мамлекети болгонун, бир жаман жери Орусия өзү баткан кризиске бизди да кошо жетелей кеткиси келгенинде болуп жатканын белгиледи.

Макала андан ары ушул багытта уланып олтуруп, Европа Биримдиги Кыргызстанга “ВСП+” статусун бергенин, бул жеңилдик схемасы өнүгүп келаткан өлкөлөргө 6 миңден ашуун товардык позиция боюнча тарифтерди толук жоюуну камсыздарын, эми Кыргызстан 300 миллиондук керектөөчүсү бар европалык рынокко айыл-чарба продукцияларынын дээрлик бардык түрүн, кездеме, кийиз, тери буюмдарын, кийим-кече жана килемдерди эч кандай тарифтик төлөмсүз алып чыга аларын, бул деген буга дейре укмуш болот деп мактап келаткан Евразия экономикалык биримдикке урулган сокку болорун айтуу менен, саясат талдоочулар дүйнөлүк державалар менен соодалашууда же мамиле түзүүдө начар дипломатиянын кесепети ар бир эле өлкө үчүн кымбатка туруп каларын эскертип кетишти.

Бүгүнкү санына “ПолитКлиника” гезити ошондой эле, журналист Айгүл Бакееванын “Коррупция аралаган дары-дармек департаменти” деген макаласын жарыялады. Макала “Кыргызстанга алынып келген дары-дармектер сатууга текшерилип чыгарылабы?” деген, “Эмне үчүн бул тармакка мамлекет чара көрбөйт?” деген, “Министрлик менен департамент туура эмес жолго түштү” деген, “Департамент коррупцияга жол бербей турган кадрларды четтетип жатат” деген, “Жогорку квалификациялуу адистерди кетирип жатат деген туура эмес” деген майда темалардан турат. Аталган гезиттен сиздер ошондой эле Мунара Кадырдин кызынын “Жумгалдын муз аянтчасы” аттуу сүрөттүү баянын да окуйсуздар.

“Саресеп” гезити журналист Айпери Азатбек кызынын “Укугу бузулган укук коргоочу” деген макаласын жарыялады. Анда укук коргоочу Рита Карасартованын “Акыйкатчыны” шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен райондук сотко эмне себептен кайрылганы туралуу сөз болот.

Акылай Туткучеванын макаласында жаштар үй-бүлө курууда нике күбөлүгүнө ээ болуусу керек, болбосо алардын никесин кыйган дин өкүлү кылмыш жазасына тартылары маалымдалган. Мына ушундай мазмундагы мыйзам айдын башында Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын демилгеси менен коомдук талкууга коюлганын кабарлап, гезит айрым ой-пикирлерге орун берди.

Чубак ажы Жалиловдун ою боюнча, мыйзамдын идеясы жакшы экенин, бирок чала иштелип калганын, проблеманы чечүү үчүн молдокелерди 10-15 күн атайын окуудан окутуп, айыл өкмөтүндөгү ЗАГСка кызматка алуу керектигин, ошондо никесин да кыйып, аты-жөнүн түшүрүп, колдорун койдуртуп тизмеге алмагын, ошонун негизинде нике кагазы бериле бермегин, болгону молдолорго лицензия берип каттоого тургузуу керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG