Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Кореядан бакыт издеген келин көчөдө калды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Корей жигитке турмушка чыгып, жаңыдан көз жарган өзбекстандык келинди күйөөсү үйдөн кууп чыкты.

Келин Кореяда он күндүк баласы калганын, азыр аны кайрып алууга аракет жасап жатканын “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде билдирди.

23 жаштагы ташкендик Замира өткөн жылы өзүнөн 17 жаш улуу, Түштүк Кореянын жаранына турмушка чыккан. Болочок жолдошу менен “нике агенттиги” аркылуу таанышып, бактылуу болом деген кыялда анын колун кармаган. Жыл айланбай, минтип көчөдө калды.

- Былтыр ноябрда турмушка чыккам. Бактылуу болом деп кубанып, Кореяга келгем. Мен ага бай болгону үчүн эле турмушка чыккан эмесмин, менин максатым үй-бүлө куруу болчу. Келгенден кийин өзү айткандай бай эмес экенин көрдүм. Ата-энеси карыган адамдар экен. Алар тамак-ашын да менден аяшат. Биз баарыбыз бир үйдө жашачубуз. Мен келгенден кийин эле кыйнала баштадым. Бир ай эч жакка чыгарышкан жок. Тилди да билбейм. Күйөөм бир ишканада иштейт. Мага акча берчү эмес.

Кореяга келгенден көп өтпөй эле боюма бүтүп калды. Кош бойлуу кезимде абдан кыйналдым, акчабыз жок аны жебе, муну жебе дешет. Төрөгөндөн кийин үч булочка жесем ушунча да көп жейсиңби, үйдөн чыгып кет дешти. Бала төрөлгөндөн кийин эле туугандары баары чогулуп келип атам сен үчүн өлдү дешип мени үйдөн кууп чыкты.

Замира Өзбекстандын Юнусабад облусунан. Колунда жок, кыйналып жашаган үй-бүлөдө чоңойгондуктан Кореяга турмушка чыгууга аргасыз болгон.

- Өзбекстанда биздин үй-бүлө кыйналып жашайт. Мени ал жакта ким алмак эле? Ташкентте бир бөлмөлүү батирде турабыз. Атам менен апам ажырашып кеткен, иним жана эжем бар. Аябай кыйналып жашачубуз. Анан мен Кореяга турмушка чыкканга аргасыз болгом. Азыр Сеулдагы мигранттарга колдоо көрсөтүү борборунда күн кечирип атам. Эми визамды узартышым керек. Документтерим да жок, аларды даярдашым керек.

Замира Кореядагы үй-бүлөсү аны эмнеге көчөгө чыгарып салганын дале болсо түшүнө албай турат. Айтымында, ал келин болуп баргандан кийин кайнатасы кайтыш болгон. Кайындары анын өлүмүнө Замираны күнөөлөшүптүр. Бөтөн эл, бөтөн жерде көчөдө калган келин элчиликке чалып, жардам албаганын айтты.

- Полиция менен эки жолу бардым үйгө, бирок эч ким мага жардам бербей жатат. Азыр эми бир ай да боло элек баламды мага көргөзбөй жатышат. Такыр эле бербейбиз дешти. Азыр ойлосом мени жөн эле өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланыптыр, бала төрөп берсин деп эле алган экен мени.

Ошентип Замира корей сериалындагыдай бакытты, телегейи тегиз турмушту ал жактан таба алган жок. Ал азыр баласынан да айрылып калуу коркунучунда турат. Кореянын мыйзамы боюнча, энеси башка өлкөнүн жараны болсо баланы ага берүү кыйынчылыкка турат экен. Бул ишти алып баруу үчүн адвокаттар да Замирадан 4-5 миң доллар сурашкан.

Бул кыз-келиндердин Түштүк Кореяга бакыт издеп барып, бирок көчөдө калган биринчи окуя эмес. Буга чейин “Азаттыктын” кабарчылары ар кандай себептер менен Кореяга турмушка чыгып бактылуу болгондорду да, Замирадай көчөдө калып, көз жашын төккөн кыргызстандык кыз-келиндердин жашоосун тартып келген.

- Менин эмне болуп жатканымды, эмнеге жана кантип келгенимди ким билет? Эми кыздарга айтарым, агенттиктердин бирине дагы ишенбесин. Алар акча алуу үчүн гана иштеп атышат. Бул жакка келгендердин көбү мага окшоп калып атышат. Баары дебесем да көбү бактысыз. Кореяга келип бактылуу болуп кетти дегенди уга элекмин, - деген алардын бири.

Анткен менен башка улутка турмушка чыгып атканда алардын маданиятын, салтын, тилин билип барса мынчалык кыйналбайт дегендер да бар. Алардын бири кыргызстандык Урпия Тураева корей жолдошу менен бактылуу экенин айтат.

- Мен жолдошумду жактырдым. Ошондуктан анын туугандарына да жакканга аябай аракет кылдым. Булар мамилеге аябай маани беришет. Кээде үйгө конуп кетишкенде таң атпай беште туруп эртең мененки тамагын даярдап берем. Муну жумуш катары эмес, бактылуу үй-бүлө куруу аракети катары караш керек. Кыргызстанда деле кайындарыңдын алдында чуркайсың, бул жакта деле салты ошондой, бирок бир аз катуураак.

Ушундай окуялардан улам Кыргызстанда кыздардын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгуусуна тыюу салуу демилгеси да көтөрүлгөн. Буга чейин Кореядагы кыргыздар нике агенттиктерин жоюуну өтүнүп, кыргыз бийлигине кайрылышкан. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы кыргызстандык 500гө жакын кыз-келин орусиялыктар менен никеге турган. Ал эми 100дөн ашууну Түштүк Кореянын жарандарынын колун кармаган. Өзбекстандык жигиттер менен түтүн булаткан кыргызстандык кыздардын саны 82, төртүнчү орунда Түркия жарандары менен кол кармашкандар (56 нике) турат. Мындан сырткары Казакстан (51), АКШ, Тажикстан, Германия жана Кытай жарандарына турмушка чыккандар да бар.

Расмий маалыматтар боюнча, Түштүк Кореяда азыр 5 миңдей кыргыз жараны бар.

XS
SM
MD
LG