Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Сахалинде ажал менен алышкан мигрант


Илияз Токтоназаров
Илияз Токтоназаров

Кыргызстандык Илияз Токтоназаров Сахалинде курулушта иштеп жүрүп бешинчи кабаттан кулап, сегиз айдан бери комада жатат.

Жумуш берүүчү курулушта жабыркаган мигрант үчүн жоопкерчилик алуудан баш тарткан. Токтоназаровдун туугандары укуктук жардам көрсөтүүнү суранып келишет.

Кыргызстандык Илияз Токтоназаров 9-декабрда Сахалин облусундагы Долинск шаарында курулушта иштеп жаткан жеринен бешинчи кабаттан кулап кеткен. Алгач баш сөөгүнө катуу доо кеткен мигрантты дарылатууга убада кылган жумуш берүүчүлөр, кийин жоопкерчиликтен баш тартышкан.

- Иштеп жаткан жеринен кулап кеткен. Жумуштан директору, коопсуздук боюнча инженери келип,«сарсанаа болбогула, бардык чыгымыңарды көтөрүп беребиз, азыр дарылана бергиле» деп кетишкен. Биз ары-бери чуркап жүргөн кезде эки айдай убакыт өтүп кетти. Илиязды облустук ооруканага которуп, экинчи операциясы болду. Бул убакта иш берүүчүлөр курулушта чогуу иштеген жети балага акча берип, «муну тааныбайбыз, биз менен иштеген эмес» деген көрсөтмөлөрдү жаздырып алышыптыр. Ошону менен иш токтоп калды, - дейт Илияздин иниси Эрнис.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Эрнистин билдиришинче, Илияз Токтоназаров «Вива» деп аталган курулуш ишканасында эмгектенчү. Ал эми окуяны териштирүү үчүн Долинск шаарынын, Сахалин облусунун прокуратурасына жана тергөө комитетине арыз менен кайрылуудан майнап чыккан эмес:

- Алар кача баштаганда биз сотко барабыз дедик. Анан булар жети баланын көрсөтмөсүн чогултуп коюшуптур. Мен ал балдарга деле бардым. Алар коркуп жатышат. 10 миң рублдан алышыптыр. Бирөө Кыргызстанга чыгып кетиптир, калгандары бул жакта эле жүрүшөт. Сахалин облусунун прокуратурасына чейин бардык. Тергөө комитетинин жетекчисине кирдик. «Ишти көзөмөлгө алдык» деп коюшат, арыздарды «кабыл алдык» дешет, ошол боюнча эч нерсе жок. Эмгек инспекциясына барсак, эмгек келишими жок карай албайбыз дешти. Консулдукка расмий кайрылган эмеспиз. Алар өздөрү байланышкан, кеп-кеңештерин берип жатышат, жыйынтык жок.

Ильяз
Ильяз

Сегиз айдан бери үч баланын атасы, 41 жаштагы Илияз эсине келе элек. Учурда ал Долинск шаарындагы ооруканада жатат.

- Колу-буту соо. Жерге башы менен түшкөн окшойт. Баш сөөгү, анан беш-алты кабыргасы сынып кеткен. Көзүн ачып эле жатат, бирок, бизди угуп, түшүнүп жатканы белгисиз. Ооруканада жети ай жаткандан кийин догдурлар чыгарып коюшкан, үйдө өзүбүз карадык. Анан ден соолугу начарлап, кайра тез жардам менен ооруканага алып барганбыз, - деди Эрнис Токтоназаров​.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Сахалиндеги жарандык активист Зулайка Абдразакова журтташтар Токтоназаровдордун үй-бүлөсүнө көмөктөшүп, Илиязды Кыргызстанга кетирүүгө каражат топтоп жатышканын айтты:

- Мындай кырсыктар көп эле болуп жатат. Кээ бир жумуш берүүчүлөр жардам берет, кээ бирлери ушундай кылат экен. Жаңы жумушка киргенде эмгек келишими дагы берилбейт. Анан кантип жумуш берүүчүдөн бир нерсе талап кыласың? Мекендештер иш болгон, иш берген жерге барышат, кырсык деле ойго келбейт да. Эми Илиязды үй-бүлөсү ушунча айдан бери өз күчтөрү менен дары-дармегин алып, ооруканасын төлөп жатышат. Айылда картаң ата-энеси, үч баласы бар экен. Эми Кыргызстанга атайын шартта жаткырып алып кеткенге 300 миң рублдан ашык акча керек болуп жатат. Кайдыгер эмес мекендештер жардам берип, кыргыз жамааты акча чогултуп жатабыз.

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 600 минден ашуун. Жыл сайын ар кандай себептерден улам Орусияда каза тапкан үч жүздөй кыргызстандыктын сөөгү жөнөтүлөт.

Мигранттар өндүрүштө жараат алып, жабыр тартканда мыйзамдуу эмгек келишиминин жоктугуна байланыштуу жумуш берүүчүлөр жоопкерчиликтен баш тарткан учурлар кездешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG