Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Мигрант: он айда жайраган сексен өмүр


Москва
Москва

Жыл башынан бери Москва жана Москва облусунан Кыргызстанга 80 мигранттын сөөгү жеткирилген. Мамлекеттик миграциялык агенттиктин маалыматы боюнча, январь-июль айларында жалпысынан чет өлкөдөн 171 маркумдун сөөгү мекенине кайтарылса, Орусиянын борбор шаарында ар кандай себептерден көз жумган мигранттардын саны алардын дээрлик жарымын түзөт.

Өткөн аптада Москвадан Ошко 28 жаштагы теңтушунун сөөгүн узаткан Алмаз Арыкпаев чет жерде көз жумган мекендештин өлүмүн териштирүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга чоло тийбегенин айтты:

- Мекендешибиз каза болуп калганын айтып чакырышты. Барсам, мен тааныган эле бала экен. Мен ал жакта таксист болуп иштейм, анын агасы менен дос элем. 28 жаштагы бала Орусияда он жылдан бери эле иштеп жаткан. Автосервисте унааларды караңгылатчу. Эртең менен жумушка келе жатканда каза болуптур. Тез жардам келип, “жүрөгү токтоп калыптыр, көп ичет экен” дешти. Кийин экспертиза “башынан катуу жаракат алган” деген тыянак чыгарды. Бир жерде жүрүп жыгылган окшойт. Ким билет, эми ажал экен.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Жыл башында күйөөсүнөн айрылып, эки баласы менен жесир калган Айчүрөк жолдошунун сөөгү менен кошо Кыргызстанга кайта берген.

Келин 31 жашында Москвада жайран болгон жолдошу Анарбекке бычак шилтеген кылмышкердин жоопко тартылганы тууралуу ушул күнгө чейин билбей келет.

- Эки ай мурун Москвада окуяга күбө болгон тааныштарга телефон чалып сураштыргам. Тергөөгө барып, көрсөтмө бергенин айтышкан. Сот болгондо чакырып, жыйынтыгын айтабыз дешкен. Ошол боюнча дайыны жок. Мен иштеп жүрөм, балдарымды багып жатам.

Мигранттардын өлүмүнө жол кырсыктары, оору-сыркоо, жумуш маалындагы өндүрүштүк кокустуктар, ошондой эле ишке байланышпаган, бирок белгисиз бойдон калган жагдайлар себеп болот. Ошондой эле мигранттар арасында турмуштук чыр-чатактан чыккан жаңжалдан улам кыйылган өмүрлөр да бар.

Айбек май айында чогуу иштеген курбусу каза болгонун, анын өлүмүнө шектелген адам Кыргызстанга качып кеткенин айтты:

- Чогуу иштеген балдар экөөнүн урушуп жатканын көрүшкөн. Курулушта иштечүбүз. Бардык жерде видеокамера бар. Балдар деле болгонун болгондой айтып берет. Анан тиги бала беркисин жыга чапкан. Ошол боюнча түнү менен Кыргызстанга чыгып кеткен экен. Азыр айылында жүрөт дешти. Биз болсо эптеп сөөктү Кыргызстанга жөнөттүк. Тергөөчүлөр биздин паспортубузду алып койгон. Тергөө бүтүп айыптуу жазаланбайт же бизге документтерибиз берилбейт.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова жыл башынан бери борбордук округдан элчиликтин жардамы менен 80 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлгөнүн маалымдайт. Ал эми жалпы Орусия боюнча каза болгон кыргызстандык мигранттардын саны тактала элек.

- Элчиликке түз кайрылып, консулдук аркылуу документтерди тактап, анан Кыргызстанга жөнөтүлгөн каза болгондордун саны 80ге жетет. Мындай учурларда биз документтерди тез арада бүтүрүп, ритуалдык кызматтар үчүн азыраак акы алган агенттиктер менен сүйлөшүп беребиз. Ал эми өз алдынча алып кеткендер тууралуу биз айта албайбыз.

Москва шаарынан жана Москва облусунан былтыр 157 кыргызстандык мигранттын сөөгү мекенине жөнөтүлгөн. 157 өлүмдүн 60ка чукулу соттук-медициналык экспертиза талап кылынгандыктан, аягына чейин аныкталбай калган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG