Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Москвадагы өрттө сегиз кыргызстандык мерт кетти


Москвадагы өрт.
Москвадагы өрт.

30-январда Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү тигүүчү цехте чыккан өрттөн каза болгон 12 адамдын сегизи кыргызстандык экени аныкталды.

Москвада 12 адамдын өмүрүн алган өрт боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин “мүлктү атайлап жок кылуу” деген беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Буга чейин “эки же андан көп адамды өлтүрүү” деген негизде ачылган иш жогорудагы беренеге алмаштырылганын “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы Лазат Такырбашова Тергөө комитетинин маалыматына таянып билдирет.

30-январдын түнүндө Москванын Стромынка көчөсүндөгү тигүүчү цехте чыккан өрттө 500 чарчы метр жер өрттөнгөн, жалын жалпысынан 3000 чарчы метрди каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр төрт кишини куткарып калышкан.

Москванын мэри Сергей Собянин шаардын чыгыш тарабындагы мигранттар иштеген өндүрүш зонасын тыкыр текшерүүгө атайын тапшырма берди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү имараттын бириндеги тигүүчү цехте каза болгон 12 адамдын сегизи кыргыз жараны, дагы экөө орус жарандыгын алган кыргызстандыктар экени аныкталды. Алардын арасында бир бала да бар. Ошондой эле тилсиз жоодон Өзбекстандын эки жараны көз жумганы аныкталган. Ал эми эки кыргыз жараны жана орус жарандыгын алган дагы бир кыргызстандык аман калган.

Москвадагы "Азаттыктын" кабарчысы Лазат Такырбашова сөөктөрдү таануу, кырсыкты иликтөө иштери боюнча билдирет:

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:32 0:00
Түз линк

Кырсыкта аман калган Кыргызстандын үч жана Өзбекстандын бир жараны дүйшөмбү күнү Тергөө комитетине барып сурак беришти. Цехти ижарага алган жеке ишкер Алым Тогузаков дагы суракка алынды.

Элчилик алдын ала маалыматтарга таянып, каза тапкандардын тизмесин жарыялады:

1. Сажида Масалиева, 1988-жылы туулган, Баткен району, Кызыл-Бел айылы,

2. Токтокан Салиева, 1983-жылы туулган, Баткен району, Таян айылы

3. Уулкан Салиева, 1997-жылы туулган, Салиева Токтокандын бир тууганы;

4. Иса кызы Айзат, 1995-жылы туулган, Баткен, Кайыңды айылы,

5. Миликаждар уулу Кошонбай, 1990-жылы туулган,

6. Төлөгөн Козуев, 1991-жылы туулган,

7. Манас, 1995-жылы туулган, Козуев Төлөгөндүн бир тууганы,

8. Даниэл 4-5 жашта. Орус жарандыгын алган, өрттөн каза болгон Эргешбай Жапаровдун уулу,​

9. Эргешбай Жапаров, 1984-жылы туулган, Орусиянын жараны,

10. Эркинбек Тогузаков, Орусиянын жараны.

Кырсыктын чыгышы боюнча кылмыш иши козголду. Ишти Орусиянын Тергөө комитетинин башкармалыгы жүргүзүүдө.

Тигүү цехинде кырсык 30-январь күнү кечинде болгон. Ал атайын уюштурулган болушу мүмкүн деген божомолдор да каралууда.

"Россия 24" телеканалынын видеосу

Орус телеканалдарынын жазышынча, имараттагы цехти кыргыз жараны, жеке ишкер Алым Тогузаков ижарага алып иштетип жүргөн. Ижара келишиминде цехте иш күнү-түнү жүрөрү белгиленген.

Кырсыктан каза тапкан маркумдар өз ара туугандар экени аныкталды.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин вице-консулу Алмаз Букалаев да барып, алгачкы тергөө иштерине катышып, котормочулук кылган. Ошондой эле ал Тергөө башкармалыгынын тиешелүү жетекчилери менен жолугушкан.

Элчилик жабыр тарткандарга бардык зарыл болгон жардамдар көрсөтүлөрүн убада кылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев да Москва шаарында өрттөн каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчысы каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүүнү буйруп, президенттик aппаратка бул маселени көзөмөлүнө алууну тапшырды.

Президент мындан тышкары каза тапкандардын сөөктөрүн мекенине алып келүү жагын колго алууну өкмөткө тапшырды.

Ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Орусиянын бардык шаарларынан "Жүк-200дү" “Кыргызстан” жана “Эйр Бишкек” авиакомпаниялары бекер ташыйт. Бул шартты пайдалануу үчүн өрттөн каза тапкандардын жакындары Миграция кызматына арыз менен кайрылышы керек. Эгер арыз жазылгыча каза тапкандардын сөөгү мекенине кайтарылса, Миграциялык кызмат маркумдардын жакындарына жол чыгымын кийин жазылган арыздын негизинде кенемте катары төлөп берерин айтууда.

Ал эми өкмөт башчы Темир Сариев кырсык боюнча Тышкы иштер министрлиги жана Миграция кызматы менен бирге жыйын өткөрдү. Ал каза тапкандардын сөөгүн алып келүү боюнча максималдуу жардам көрсөтүлүшү керектигин белгилеп, бул ишке көзөмөл жүргүзүүнү Тышкы иштер министрлигине тапшырды. Мындан тышкары тийиштүү органдарга каза тапкандардын жакындарына медициналык-психологиялык жардам берүү жагын колго алуу тапшырмасы берилди.

XS
SM
MD
LG