Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Миграция: түгөнгөн өмүр, төгүлгөн көз жаш


Москвадагы 14 кыргызстандык кыз-келиндин өлүмү ошол маалда катуу талкууланып, эми унутулуп бараткандай. Бирок маселе дагы эле чечиле элек. Мындай окуя экинчи кайталанбайт деген кепилдик жок.

Мигранттар кабылган кырсыктарга ким жооп берет? Акыркы окуядан кандай сабак алышыбыз керек? "Азаттык+" миграция маселесин талкуулады.

27-августта Москва шаарындагы басмаканада чыккан өрттөн каза тапкан кыргызстандык кыз-келиндердин улуусу 45те, кичүүсү 18 жашта гана болгон.

“Азаттык плюстун” талкуусуна маркумдардын бири Гүлбара Бообекованын сиңдиси Бактыгүл Жумабекова катышып, эжесин эскерди.

Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам бөлүү жаатында иштер жүрүп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди.

Мигранттар менен иш алып барган “Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев кыргыз бийлиги мигранттар тапкан акчаны гана эсептебестен, алардын коопсуздугун жеринде камсыз кылууга убакыт жеткенин белгиледи.

Коомчулукта, интернеттеги социалдык тармактарда Москвадагы каргаша үчүн түздөн-түз өлкө бийлигин айытагандар басымдуу. Алардын бири жарандык активист Мавлян Аскарбеков Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болсо да эмгек мигранттары үчүн шарттар түзүлбөй, коопсуздугу эске алынбай жатканын айтып, өлкөдө жумуш орундарын түзүү керектигин кошумчалады.

Жаш акын, Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Улукбек Омокеев каргаша тууралуу ыр жазган:

Кармап алып татаал турмуш этегин.
Эх, өмүрлөр, батпы ушунча кетериң.
Эми туйдум карындаштар, эжелер,
Менин дагы бир тууганым экенин.

Ош түнөрүп, муңайгандыр Көл чети.
Түштү тагдыр тыйынынын сол бети.
Он жети миң урпак болуп көбөймөк,
Он жети эне. Он жети аалам. Он жети..

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG