Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Актөбө: мигранттар Орусияга жетпей калды


Өзбекстандык мигранттар Казакстан аркылуу Орусияга бараткан.
Өзбекстандык мигранттар Казакстан аркылуу Орусияга бараткан.

Казакстанда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 адам мерт кетти. Жергиликтүү маалымат булактары автобус өзбекстандык мигранттарды Орусияга ташып бара жатканын билдиришүүдө.

Казакстандын Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташуучу автобус өрттөнүп, 52 адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык бүгүн эртең менен жергиликтүү саат боюнча 10:30дарда болгонун маалымдады.

“Икарус” үлгүсүндөгү автобуста 55 жүргүнчү жана эки айдоочу болгон. Беш адам өрт башталганда автобустан качып чыгууга үлгүргөн. Куткарылгандардын үчөө Казакстандын жараны, экөө өзбекстандыктар.

Жергиликтүү бийлик куткарылгандардын атын атады, алардын экөө - айдоочулар:

- Максат Пернебеков, 1985-жылы туулган, Түштүк-Казакстан облусунун жашоочусу;

- Барат Танатаров, 1978-жылы туулган, Түштүк-Казакстан облусунун жашоочусу;

- Ахрор Искаков, 1988-жылы туулган, Өзбекстандын жараны;

- Исраилджон Мирзахмедов, 1980-жылы туулган, Өзбекстандын жараны;

- Нуржан Кыргызбаев, 1968-жылы туулган, Түштүк-Казакстан облусунун жашоочусу.

Мигранттар түшкөн автобус өрттөн кийин. Актөбө. 18-январь, 2018-жыл
Мигранттар түшкөн автобус өрттөн кийин. Актөбө. 18-январь, 2018-жыл

Аман калган беш адамдын арасында оор жаракат алгандар бар. Иргыз райондук ооруканасынын башкы дарыгери Жаскайрат Сулейменов учурда алардын акыбалы туруктуу экенин “Азаттык” радиосунун казак кызматына билдирген.

- Эки адамдын колу күйгөн. Алардын жарааттары таңылып, жардам көрсөтүлдү. Калган үчөө аман-эсен, алар эч кандай жараат алган эмес. Күйүк да жок.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Окуя болгон жерде Казакстандын күч кызматтары, куткаруучулар, психологдор жана дарыгерлер иш алып барууда.

Ал эми жүргүнчү ташыган автобус Түштүк-Казакстан облусунда катталганы анык болду. Облустун транспорт башкармалыгынын башчысы Асан Жумабаев автобус сезондук маршрут боюнча гана каттаарын билдирди.

- Жүргүнчү ташуу туруктуу жана сезондук болуп экиге бөлүнөт. Күйүп кеткен автобус туруктуу маршруттарда иштеген эмес. Кимдир бирөө жалдаса гана жолго чыгат.

Казакстандын Инвестиция жана өнүгүү министрлиги 1989-жылы чыгарылган Kassbohrer Setra автобус Ордухан Мехтиевге тиешелүү экенин, акыркы жолу 2015-жылы августта техникалык көзөмөлдөн өткөнүн маалымдаган.

Казакстанда өрттөнгөн автобус
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Алдын ала маалыматтарга ылайык, мерт болгондор Өзбекстандын жарандары, алар Орусияга иштегени бара жатышкан.

Актөбө облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча өткөн жылы декабрда да Самара-Шымкент жолунда автобус бузулуп, Орусиядан Өзбекстанга кайтып келе жаткан 48 адам 23 градустук суукта жолдо калган.

Ал эми октябрда өзбекстандык мигранттарды ташыган дагы бир казакстандык автобус Орусияда поезд менен сүзүшүп, ал кырсыкта 17 адам каза тапкан.

Июнда болсо Самара-Шымкент жолунда автобус трассадан чыгып кетип, тогуз өзбекстандык мерт кетип, 18 адам жараат алган.

Кырсыктан кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен премьер-министр Абдулла Арипов жетектеген атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Комиссия казак өкмөтү менен бирдикте Актөбөдөгү кырсыктын себептерин иликтеп, каза болгон адамдардын тек-жайын аныктоо иштерин аткарат. Ошондой эле жакын арада Өзбекстандын Коргонуу министрлигинин атайын борту Казакстанга куткаруучулар жана догдурлар менен учуп келмекчи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков трагедияга байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Телеграммада бул окуя орду толгус жоготуу экени, кыргыз эли каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөрү жазылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG