Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:54

Сахалинде эки кыргызстандык каза болду


Сахалиндеги кырсык болгон завод.

Сахалинде кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп, анда иштеп жаткан үч киши каза болду. Алардын экөө Кыргызстандын, бири Тажикстандын жараны экени аныкталды.

Уранды алдында калган тажикстандык жарандын сөөгү кырсык болгон күнү эле табылган. Ал эми эки кыргызстандык жарандын сөөктөрү бир күндөн кийин, 20-августта табылды.

Бетон урандыларынын алдында калгандардын сөөгүн куткаруучулар крандын жардамы менен алып чыгышкан. Издөө иштерине катышкан Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшим Төлбаев эки кыргызстандыктын сөөгү өлүкканага жеткирилгенин билдирди:

Эшим Төлбаев.
Эшим Төлбаев.

- Ушул тапта сөөктү таануу иштери жүрүп жатат. Биринин аялы келип кетти. 1995-96-жылдары туулган балдар экен. Эртең сөөктү Сахалинге алып барып, экспертизадан өткөрөбүз. Андан кийин Кыргызстанга жиберилет. Каражат топтоо иштери башталды.

19-августта Сахалиндин Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, анда иштеп жаткан жумушчуларды басып калган. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсык болгон учурда имаратта 10 мигрант иштеп жаткан. Алардын экөө аман калган, дагы бешөө уранды алдынан тирүү табылып, ооруканага жеткирилген. Эшим Төлбаев ооруканадагы мигранттардын абалы канааттандырарлык экенин айтты:

- Бейтапканада беш киши жатат. Абалы дурус. Дагы экөөнүн эч кандай жаракаты жок. Бирок баары нес абалда. Окуя тууралуу айтып бере албай жатышат.

Сахалиндеги кыргызстандык мигранттарды издөө иштери.
Сахалиндеги кыргызстандык мигранттарды издөө иштери.

​Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери бул окуя жөнүндө маалымат алууга аракеттенип жатышат. Ал эми Сахалин облустук прокуратурасы окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен чара көрүлөөрү мекеменин сайтында кабарланган.

Бул Орусиянын ушул аймагында кыргызстандыктар жакын арада кабылган экинчи кырсык. Эки жума мурда Сахалинде бир аялды куткарып жатып сууга чөгүп кеткен кыргызстандык жигиттин сөөгү да мекенине жиберилген эле.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы чет өлкөдөн 300дөй кыргызстандыктын сөөгү келген. Айрыкча Орусияда кыргызстандык мигранттар иш маалында кырсыкка учурап, оор жараат алып, ден соолугу зыян тарткан учурлар көп эле болот. Мигранттар иш учурунда каза болгон учурлар да кездешет. Укук коргоочулар мигранттар жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзбөгөндүктөн, кырсык болгон убакта полиция чакырып, өндүрүштүк жараатты ооруканада каттатпагандыктан жумуш берүүчүлөр жоопкерчиликтен качып кетишерин белгилешет.

Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чет жакта кырсыктагандарга көмөк көрсөтүш үчүн мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу боюнча бир топтон бери маселе көтөрүп келатышат.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары Самат Токтоболотов учурда тийиштүү долбоор даярдалып жатканын билдирди:

Самат Токтоболотов.
Самат Токтоболотов.

- Мамлекеттик камсыздандыруучу уюм аркылуу жана Кыргызстандагы камсыздандыруучу ишканалар менен бирге бул ишти алып баруунун шарттары каралып жатат. Ошондой эле камсыздандыруучу төлөмдөрдү иштеп чыгыш керек. Муну алдыдагы эки-үч айда толук иштеп чыгып, күзүндө Жогорку Кеңешке кароого киргизебиз.

16-майдан тартып кыргыз өкмөтү атайын кабыл алынган токтомдун негизинде чет жакта каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жеткирүүгө 50 миң сомдон бөлөт. Бул чет жактагы мигранттарды түйшөлтүп келген "Жүк 200" көйгөйүн кыйла жеңилдетет. Бирок өкмөттөн чет жерде кырсыкка кабылган, ооруп же жараланып, дарыланууга муктаж болгон мигранттарга көмөк каралган эмес.

Расмий эсеп боюнча, азыр Орусияда 620 миңдей кыргызстандык эмгектенет. Башка маалыматтарда алардын саны миллиондон ашык.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG