Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:22

Күйүттү арак менен басам дегем...


Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн жылы ичкиликке берилген үч аял буулукмадан (белая горячка) чыга албай жашоо менен кош айтышкан. Адистер Кыргызстанда аракеч аялдар көбөйгөнүн айтышууда.

Айнектери темир тор менен тосулган, тамекинин түтүнүнө ышталган, бозоргон имарат.

Коридордо топтолгон аялдар бар күчүн чылымдан чыгаргансыйт. Чачтары уйпаланган, бети-башы шишиген аялдардын ичинен көзүмө 22-25 жаштагы арыкчырай, өңдүү-түстүү, чачын артка түйгөн кыз көзүмө урунду.

Ал бул жерге үч күн мурда келгенин гана айтты. Башка сөз сүйлөгүсү келген жок. Уйкусураган көздөрүн ушалап, бутун сүйрөгөн бойдон палатага кирип кетти.

Республикалык наркология борборунда аялдар үчүн 20дан ашуун орун бар. Бул орундар дээрлик бош болбойт. Дарыгерлер
борборго улгайган аялдар да, суйкайган селкилер да келерин айтышты.

"Барды да, жокту да көтөрө албагандар бар"

Кыргызстанда ичкиликке берилип, каттоодо тургандардын жалпы саны 33560тан ашуун болсо алардын 3800ү аялдар.

Аталган борбордун аялдар бөлүмүнүн башчысы Чынара Кожомуратова аракечтикке барчылык да, жокчулук да себеп болорун айтты. Дарыгердин айтымында, аракечтик оору. Аны дарылоо гана керек:

- Ичкиликке болгон эңсөө оңой менен кетпейт. Аны организм талап кылат. Адам ичкиси келгенде туталанат, бук болуп бир шылтоо табат. Анан ичип алган соң токтоно албайт. Аны медицинада "белая горячка" деп коёт. Былтыр ошентип келген үч адам өтүп кетти.

Иллюстрация
Иллюстрация

Кожомуратованын айтымында, ичкен адамдар аракеч болуп калганы үчүн жакындарын, чөйрөсүн күнөөлөйт. Кандайдыр бир себеп издегенге көнүп калышат.

Дарыгер спирттик ичимдик ордуна кымыз же бозо ичүүнү сунуштайт. "Экологиялык таза азыктардан жасалган суусундуктар көз карандылыкты пайда кылбайт", - дейт ал.

42 жаштагы Суусардын (аты өзгөртүлдү) бир буту үйдө, бир буту наркологиялык борбордо экен. Беш жылдан бери ар бир эки-үч айда келип дарыланып турууга аргасыз. Жети жылдан бери аракты таштай албай жатам деген келин ичкиликке берилип кеткенине жалгыздык менен жакындарынан катар-катар ажырап калышы себеп болгонун айтты:

- Алгач апам көзүнө операция жасатып жакшы боло албай койду. Анын артынан эле атам кетти. 7-апрелде агамдан айрылдым. Анын артынан эле эжем ооруп каза болду. Ошондон кийин эле иче баштадым. Жалгыздык деген жаман экен. Болбосо үйдө баары ойдогудай, келиним, күйөө балам бар, жакшы адамдар. Бул жолкусунда да кыздар менен кафеге барганбыз, ошондон кийин эле токтоно албай калдым. Бирок ичсем да чатак салбайм, өз оокатымды кылып жүрө берем. Үч күн ичип калсам эле кызыма ооруканага алып бар деп айтам. Бул оору экенин билип калдым.

Наркология борборуна кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн пенсия курагындагы аялдар түзөт экен. Маселен, борбордо дарыланып жаткандардын дагы бири Анаркүл апа быйыл 79га караптыр. Эки жыл мурда каза болгон баласынын күйүтүн басам деп ичип жатып ооруп калганын айтты:

- Ийнең жоголсо деле издейсиң да, балаң өлүп калса кантип кайгырбайсың? Капа болосуң да, анан балдарым "муну ичип алыңыз" дешпейби. Ичкенден кийин дагы ичкиң келет. Ичсем алаксып калам. Анан эле ушинтип калдым. Эми берсе да ичпеш керек деп жатам.

Оорулуу адамга жакындары кандайдыр бир жардам бергиси келет. Ал эми аракеч болуп кетсе жаман көрүшөт. Аракечтикке дагы оору катары карап, жакындары түшүнүү менен мамиле кылуу керек.
Шайлообек Өмүралиев

Ичкиликке берилген аялдар бири муну оору катары кабылдап, дарыланууга моюн сунса, кээ бирлери кааласам ичпей калам, эрким жетет деп ойлошот. Мындайлардын бири Кайыргүлдү биз Бишкектеги Ош базарынын тегерегинен желим бөтөлкө терип, күнгө кактанып отурган жеринен кезиктирдик. Кайыргүл кызуу экен. Турмуштун оордугу ушул күнгө жеткиргенин айтып отурду:

- Кызым боюмда бар кезде ажырашып кеттим. Эмне кылайын анан, төрөдүм. Өзүм да жаман тажап кеттим... Ичпесем ичпей деле коём. Мына суук жаман экен да.

Кайыргүл дарыгерге барууга чыгынбай жүрөт. Жаз келсе аракты таштап, жаңы жашоо баштайм деп убада берди.

Аракты кууп ичкен кыз-келиндер
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:17 0:00
Түз линк

"Аракечтикти жеңүү үчүн ойду өзгөртүү керек"

Бишкектеги "Демнур" медициналык борборунун директору, нарколог Шайлообек Өмүралиев аракечтик оңой менен жеңилбес дарт экенин белгиледи:

- Турмушта кыйынчылык тартканда ажырашып кеткен, экономикалык кризиске тушуккан, депрессияга түшкөн аялдар ошол абалдан чыгабыз, көңүлдү көтөрөбүз деп арак ичишет. Анан акырындап көнө баштайт. Биздин элде аракка каршы фермент жок. Аракка берилип кеткенде капельница алышат. Ошентип дарыланып жатам деп ойлошот. Бирок оору күчөй берет. Андан арылуу үчүн адам оюн, чөйрөсүн, жашоо образын, адатын өзгөртүшү керек. Ошондо гана аракты таштайт. Дагы бир нерсе - оорулуу адамга жакындары кандайдыр бир жардам бергиси келет. Ал эми аракеч болуп кетсе жаман көрүшөт. Аракечтикке дагы оору катары карап, жакындары түшүнүү менен мамиле кылуу керек.

Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда ичкиликке берилген аялдар Бишкек шаарында басымдуу. Андан кийинки орунда Чүй облусу, анан Ысык-Көл облусу турат. Эң азы Баткенде.

Дарийка Асылбекова
Дарийка Асылбекова

Жалпылап алганда ичкилик ичкендер Ош облусунда арбын. Ош шаарындагы "Ак жүрөк" борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекова көпчүлүк аялдар күйөөсүнө же жакындарына таарынып ичип кетерин айтты:

- Буга, биринчиден, бекерчилик да себепкер. Экинчиден, көп аялдар күйөөсүнө өчөшүп ичип жүргөнүн айтышат. Кээ бирлери "күйөөм башка аялга кетип калды, күйүтүмө чыдабай ичип жатам" дешет. Бул адамдын өзүнө, аялдык касиетине дагы байланыштуу. Аялдын табияты назик, алсыз, ишенчээк дейбиз. Кордук көргөндө, башына мүшкүл иш түшкөндө кээ бирлери көтөрө албайт.

Наркологдордун айтымында, аракеч аялдардын көбүнүн турмушу бузулуп, жалгыз калат. Экинчиден, спирт ичимдиктери мээге таасир берип, иштөө ыргагын бузат. Бөтөлкөгө айлап-жылдап байлануу боордун цирроз дартын пайда кылат. Көбү селсаякка айланып, аянычтуу тагдырды баштан кечирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG