Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Кыз-келин кандай болсо - мамлекет ошондой


Президент Роза Отунбаева “Кыргызстан аялдарынын өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымы: Уркуя Салиевадан тартып азыркы күнгө чейин” аттуу жыйында сөз сүйлөөдө. Бишкек, 28-ноябрь.
Президент Роза Отунбаева “Кыргызстан аялдарынын өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымы: Уркуя Салиевадан тартып азыркы күнгө чейин” аттуу жыйында сөз сүйлөөдө. Бишкек, 28-ноябрь.

Президент Роза Отунбаева коомчулукту кыз ала качууну токтотууга, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан оолак болууга үндөдү.

Акыркы кезде аялдар өз укуктарын коргогонду үйрөнүп, бардык тармакта лидер аялдар көбөйдү. Бул тууралуу “Кыргызстан аялдарынын өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымы: Уркуя Салиевадан тартып азыркы күнгө чейин” деген аталыштагы улуттук конференцияда белгиленди.


Үйүңдө тынч болсо - мамлекетте тынч болот


Аялдардын мыйзамдуулук боюнча альянсынын мүчөсү Гүлсана Кангелдиева аялдын көңүлү ток болсо, мамлекетте бейпилдик болот деген пикирде. Бирок ал бул көрүнүш көп учурда сакталбай, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук күчөп жатат деп эсептейт:

- Баары бир деле аялдардын аракети түшүмүн берип жатат. Анткени аял тынч болсо, үй-бүлө тынч болот. Мамлекеттин негизи үй-бүлө да. Тынчтык аял кишиден, үй-бүлөдөн башталат. Кыргыз эли касиеттүү эл. “Кыздын кырк чачы улуу” деп айтышчу. Бирок ошондон азыр кичине тайып баратабыз.

Аталган иш-чара “Зомбулукту токтотобуз: ар бир бүлөнүн бейпилдиги - Кыргызстандын бейпилдиги” деген аталыштагы 16 күндүк иш-чаранын алкагында уюштурулган. Бул Бириккен Улуттар уюмунун демилгеси менен өтүүдө.
Аял тынч болсо үй-бүлө тынч болот. Мамлекеттин негизи үй-бүлө да. Тынчтык аял кишиден, үй-бүлөдөн башталат...
Гүлсана Кангелдиева

БУУнун Кыргызстандагы координатору Александр Аванесовдун баамында, айрыкча 2010-жылы орун алган этникалык кагылышта жана андан кийин бейкүнөө кыз-келиндер зордук-зомбулукка кириптер болушкан. Азыркы бейпил күндөрдө болсо зордук-зомбулуктун түрдүү өңүтү дагы деле уланып, ал тургай өсүп бараткандыгын атайын адистер белгилейт.

“Нагима” кайрымдуулук фондунун төрайымы Латипа Асымжанова соңку жылдары укугун билбей, көчөдө качып жүргөн аялдардын саны азайды деп эсептейт. Анын пикиринде, аялдар укугу бузулган жагдайда аксакалдар сотуна, айыл өкмөтүнүн алдындагы байкоочу кеңеш жана аялдар кеңешине кайрылышат.

- Мурункудай деградация жок. Азыр аялдар өз укугу үчүн күрөшүүнү үйрөнүп жатышат. Бүгүн демократиялуу коомду түзүү аракетинин негизинде парламенттик башкарууга келдик. Азыр айылдык кеңештер, депутаттар эл менен тыгыз иштегендиктен зордук-зомбулук бир топ азайды.


Аял жасай албаган иш жок

Жетекчи кызматтагы аялдар абдан жакшы иштеп атат. Аялдар үчүн жасай албаган иш жок. Экономикалык жактан алганда бул аялзатына эркиндик, мүмкүнчүлүктөрдү берет...
Роза Отунбаева

Аталган иш-чарага президент Роза Отунбаева да катышып, “Аялдар жасай албаган жумуш жок” деп билдирди. Мамлекет башчы коомчулукту кыз ала качуу көрүнүшүн токтотууга да үндөдү.

Зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө бөгөт коюу үчүн жарандык уюмдарды айылдарды кыдырып, маалымат жеткирүүгө чакырды. Ошондой эле Отунбаева соңку жылдарда аялдардын коомдук турмушка аралашуусунда жылыштар бар экенин белгилеп, аларды мамлекеттик кызматтан баштап бардык тармакка аралаштыруу зарылдыгын кошумчалады.

- Бизде аял элчилер, министр, губернатор аялдар бар. Алар абдан жакшы иштеп атат. Аялдар үчүн жасай албаган иш жок. Экономикалык жактан алганда бул аялзатына эркиндик, мүмкүнчүлүктөрдү берет. Кыргызстанда ишкерлик менен алектенген бир топ аялдар бар, бирок алар аздык кылат. Энелер менен балдардын өлүмү аялдардын жүрөгү аркылуу өтөт. Биз ушул маселелерди чечүүдө да биригишибиз керек.

Бул иш-чаранын алкагында Совет доорунда кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы башкаруучу, аялзатынын экриндиги менен эптүүлүгүн даңазалаган символ катары Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигине гүл коюлду.

XS
SM
MD
LG