Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Үй-бүлө чырына депутат жардамчысы кийлигишкенби?


Иллюстрация
Иллюстрация

Күйөөсү токмоктогон келинди Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысынын телефон чалуусунан кийин Базар-Коргон райондук ооруканасынан чыгарып салышканын укук коргоочулар айтып чыкты.

Ушул окуядан кийин укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен кордолгон келин азыр кайрадан бейтапканада дарыланууда.

Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылынын тургуну, 22 жаштагы Назгүл Сатарова учурда райондук оорукананын сынык-жараат бөлүмүндө дарыланууда. Таяктан кийин сол жаагы катуу жабыркап, баш мээси чайкалган келин 14-август кечинде балдары жана күйөөсү менен таксиде келе жатканда уруш чыкканын, жолдошу аны машинеден түшүрүп салганын айтууда.

- Жолдошум менен улуу баламдын туулган күнүн белгилөө үчүн Жалал-Абад шаарына барганбыз. Андан келе жатып таксинин ичинен урушуп кеттик. Адеп муштаганда башым машиненин эшигине тийди. Анан жарым жолдон түртүп түшүрүп, өзү кетип калды. Мурда да катуу уруп, башымды оорутуп койгон, анда эч кимге айтчу эмес элем.

Жабырланган келинди апасы милиция менен биргеликте кечинде издеп таап, райондук ооруканага жаткырышат. Бирок эртеси күнү Назгүл бейтапканадан белгисиз себептерден улам чыгарылган. Буга күйөөсүнүн бир тууган агасынын бейтапкана жетекчилигине телефон чалганы негиз берген. Дарыгерлерге чалган адам Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашовдун жардамчысы болуп иштери маалым болду.

Мындай маалыматты жагдайды өз көзөмөлүнө алган "Кылым шамы" адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди:

- Депутат Мурашовдун жардамчысы Улукбек Мырзамамытов травматология бөлүмүнүн башчысына телефон чалган экен. Түн ичинде кайненеси жана күйөөсү келип, келинден тосмо арыз жаздырып кетишкен. Өзү кыйналып араң жатса, алар алдоо жолу менен ушул ишке барышкан. Биз кийлигишип олтуруп, анан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан жолдомо алып ооруканага кайрадан жаткырдык. Азыр биз да өз алдынча териштирип жатабыз.

Келиндин жолдошу, 26 жаштагы Ноокен районунун тургуну Бахадыр Мырзамамытов келинчегине кол көтөрбөгөнүн айтып, бул багытта "Азаттыкка" маалымат берүүнү каалаган жок.

Назгүл Сатарованын жакындары күйөө баласын айыптап, милицияга экинчи жолу арыз менен кайрылышкан. Учурда бул ишти райондук ички иштер бөлүмү иликтөөгө алды. Тергөөчү Жаныбек Абылкасымов экспертизанын жыйынтыгы менен гана аракет көрүлөрүн билдирди:

- Ал келин биринчи тосмо арыз жазып берген экен. Кийин мен ооруканага барып сүйлөшсөм, өзүм жаздым деп айтып берген. Кийин эле энеси ал тосмо арыз жалган деп кайра кат таштап кетти. Экөөнү тиркеп азыр экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ал чыкса, анан ошого жараша чара көрүлөт.

Жабыркаган келин учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Апасы Чынара Өмүрова дарыгерлер кызымды жакшы карабай жатат деп доомат коюуда.

Райондук оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Калмурза Жолдошев болсо бейтаптын баш мээси чайкалганын жана абалы дурус экенин айтты. Ал келинди алгач келгенде ооруканадан чыгарган себебин минтип түшүндүрдү:

- Мен аны 15-август күнү көргөм. Жолдонмосу жоктугунан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып, жолдонмо менен кел деп чыгаргам. Биз аны кууп же сыртка чыгарып салган эмеспиз. Азыр мына бизде дарыланууда. Ал эми депутаттын жардамчысын тааныбайт экенмин.

Жаш жубайлар үй-бүлөдөгү келишпестик жана чыр-чатак айынан эки айдан бери бирге жашабайт экен. Ошол күнү тун уулунун туулган күнүн белгилөө үчүн гана чогулушкан.

Адистер соңку учурда үй-бүлөдө кызыл камчы жолдошунан токмок жеген аялдар арбын орун алып жатканын белгилешет. Өткөн жумада эле Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарынын тургуну, 30 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза тапканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG