Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 16:13

Надарая: Кыз ала качуу "романтика" эмес


Улуттар Уюмунун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитетинин мүчөсү, психология илимдеринин доктору Лия Надарая.

Улуттар Уюмунун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети “кыз ала качууга жана күчтөп үй-бүлө курууга” жол берип жатканы үчүн кыргыз бийлигин сындады.

Эл аралык уюм жарыялаган докладда ала качуудан жабыркагандар укуктук билиминин жетишсиздигинен жана расмий органдардын көңүл коштугунан улам акыйкаттыкка жете албай жатканы айтылат.

БУУнун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитетинин мүчөсү, психология илимдеринин доктору Лия Надарая “Азаттык” менен болгон маегинде Кыргызстанда жүргүзүлгөн иликтөө жана өз байкоолору менен бөлүштү.

"Азаттык": Кыргызстандагы аялдардын укугу бузулуп, айрыкча ала качуунун курмандыгына айланып жатышы тууралуу маселенин Улуттар Уюмунун деңгээлине чейин көтөрүлүшүнө эмне түрткү болду?

Лия Надарая: Биринчиден, бул көрүнүштүн алдын алуу чараларын ыкчамдатып, буга чейин калыптанып калган көз караштан кетип, кыз ала качууну салтка байлаганды токтотуу керек. Бул салт эмес, тескерисинче, аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү, аялдардын стигматизациясы жана алардын укуксуз экенинин далили.

Экинчиден, объективдүү тергөө-иликтөө иштери жүрүп, сот адилеттиги камсыздалып, кылмышкерлер жазасын алууга тийиш. Жалпы эле укук коргоо органдары бул көйгөйгө кечикпестен, таамай реакция жасашы зарыл. Бул проблема салт катары каралбай, мыйзам алкагында жөнгө салынышы кажет. Жабырлануучуларга жетиштүү деңгээлде юридикалык жардам берилиши зарыл.

Тескерисинче, коом жабырлануучуну жектеген стереотиптерден кутулушу абзел. Ала качуу - коомго зак кетирген, аялдарды басмырлаган көрүнүш экенин айырмалап түшүндүрүү зарыл.

Биздин Кыргызстанга жасаган сапарыбыз кыргыз бийлигине оң таасир берди деп баалайт элем. Кыргыз бийлиги көйгөй канчалык актуалдуу экенинен жана эл аралык деңгээлге чыкканынан кабар алды. Маселени чечүүнүн жана аны жоюунун жолдору табыла баштады.

"Азаттык": Быйыл эле май айында 20 жаштагы Бурулай деген кыздын өмүрү кыйылган трагедияны баарыбыз билебиз. Кыргыз бийлигинин кыз ала качууну токтотуу аракетинин көрсөткүчү сыңары баа берилди. Ал окуяга дагы көңүл бурулабы?

Лия Надарая: Мен Улуттар Уюмунун атайын комитетинин мүчөлөрүнүн Кыргызстанга барган сапарына жана кыргыз бийлигинин өкүлдөрүнүн маселени ачык талкуулап, сынды туура кабыл алганына баа берип жатам. Алар Комитеттин адистик кеп-кеңешин жана жардамын алууга дилгирлигин билдиришти.

Бийлик, коомдук институттардын өкүлдөрү кыз ала качууга келгенде, маселени элдин салт-санаасы менен чүмкөп, сөздү башкага буруп, тайсалдаганы байкалды.

Албетте, маселе өтө терең жана олуттуу. Аны көз жаздымда калтырып, салт-санаага байлап коюу туура эмес.

Кыргыз коому салт-санаа жана маданий өзгөчөлүк дегенди түшүнүшү зарыл. Бул коомдун өнүгүшү үчүн кооптуу.

Проблеманын артында зордук-зомбулук, өлкөдөгү маанилүү структуралардын сенек болуп калганы, жаш муундун талкаланган келечеги турат. Бул маселеге, бийлик, коомдук уюмдар, диний институттар – баары тегиз олуттуу мамиле жасашы абзел.

Кыргызстандагы 14 уюм бул көйгөйгө чукул көңүл буруп, маселени Улуттар Уюмунун күн тартибине алып чыгып, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, кылмыштуу ишти токтотууга эл аралык механизмдерди колдонууга мажбурлаганы үчүн аларга ыраазычылык билдирем. Бирок бул жетишсиз. Биз кимибиз кайда болсок да бул көйгөйдү чечүү үчүн колдон келишинче аракет кылышыбыз керек.

"Азаттык": Кыргызстанга барып өз алдынча иликтөө жүргүзгөндө аялдардын укугун коргоодо диний институттардын ролуна көңүл бурдуңарбы?

Лия Надарая: Биз Кыргызстанда жүргөндө диний институттардын өкүлдөрү менен бир нече жолу кезиктик. Алардын жүйөсүнө караганда, диниятчылар совет бийлигине чейин эле кыз ала качууга жол бербей, андай салтты токтотуп келишкенин айтышты. Мындай зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн кыргыз коомунда имамдар жоопкерчиликти өз моюнуна алганын белгилешти. Алар дагы ала качуунун курмандыгына айлангандардын тагдыры бузулуп жатканын моюнга алышты.

Биз кандай айтсак дагы – бул жоопкерчилик мамлекетке жүктөлөт. Диний институттар мамлекетке жана анын мыйзамына баш иет.

Албетте, ар кандай шылтоо таап, ар кандай жүйө келтире берсе болот деңизчи. Бирок кыргыздар өзүнүн улуттук маданиятын терең окуп үйрөнүшү керек. Кыргыздар байыркы тамырын билип аны бааласа, мындай көйгөй жаралмак эмес. Бул элдин бай маданияты менен байыркы мурасын башкалар, анын ичинде мен дагы терең урматтайм.

"Азаттык": Кыргызстанда аялдардын укугун бейөкмөт уюмдар эле талашып, коргоп жүргөндөй таасир калтырган жокпу?

Лия Надарая: Албетте, бул жерде аялдардын күжүрмөн эмгеги турат. Аялдар кандай зор эмгек кыларын ийне-жибине чейин билем, анткени ал жолду өзүм басып өткөм. Ушул жерден дагы бир жолу Кыргызстандагы аялдардын бейөкмөт уюмдарына бул маселени эл аралык деңгээлге жеткиргени үчүн ыраазычылык билдирем.

Маселе өтө терең жана олуттуу. Аны көз жаздымда калтырып, салт-санаага байлап койгон туура эмес. Кыргыз коому салт-санаа жана маданий өзгөчөлүк дегенди түшүнүүсү зарыл.

Аялдарды колдоо, алардын коомдогу ордун бекемдөө – эң оболу мамлекеттин иши. Аялдар табиятынан назик болгону менен бардык жүк биздин ийинге түшкөн. Бул жерде мамлекет аялдарды колдоп, бизге жардам бериши зарыл.

Кыздарды коргоодо үй-бүлөнүн ролу дагы эбегейсиз экени талашсыз. Анткени үй-бүлөдө кыздар таалим-тарбия алып, өзүнө ишенген, билимдүү, жашоонун маани-маңызын түшүнгөн инсан болуп чоңоюшат.

Тилекке каршы, мурдагы советтик өлкөлөрдө, менин мекенимде дагы ушул күнгө чейин патриархаттык доор өкүм сүрөт. Эркектин катаал бийлиги, алдуунун алсызга үстөмдүк кылганы тилекке каршы, биздин коомдо кеңири жайылган. Биз буга көз жуумп койбой, анын чечүүнүн үстүндө иш жүргүзүү абзел.

"Азаттык": Улуттар Уюмунун атайын комитети кыргыз бийлигине, коомуна кандай сунуш берди?

Лия Надарая: Жеке менин башкы көзүрүм – билим берүү. Билим берүү гана коомду өзгөртө алчу күчтүү механизм. Мектепте, университетте эле эмес, ар кыл талкуулар, жаңы идеялар аркылуу коомдун көз карашын өзгөртүп, коомду тарбиялаш керек. Коом билимдүү болгондо гана эскинин саркындысынан кутулуп, өнүгүүгө арыш таштайт.

Ала качууну жаш муун “романтикалык оюн” катары түшүнөт турбайбы. Биз бул көйгөйдү кантип токтотобуз деп жүз толгонуп, миң жолу айтканыбыз менен, кыргыз коому аны "романтикалуу көрүнүш" катары кароодон баш тартмайынча көйгөй чечилбейт.

Мыйзамдык базаны чыңдап, аларды тезинен ишке киргизип, анын натыйжасында кыз ала качууну токтотуу керек. Эл аралык алкактан алганда, Кыргызстан аялдарга каршы дискриминацияны токтотуу жөнүндө бардык нормаларды жана документтерди ратификациялап, милдеттенмени алган.

Биз Улуттар Уюмунда улуттук өкмөттөргө берген кеңеш-сунуштардын аткарылышына көзөмөл жасоонун механизмин күчөттүк. Андыктан биз берген рекомендацияларды эске алып, кыргыз бийлигинин Комитетке даярдаган отчетунда позитивдүү өзгөрүүлөр жөнүндө көп айтылат деп үмүт кылып турабыз. Кыргызстан Женевадагы комитетке 2019-жылдын мартына чейин бул багытта аткарылган иштер боюнча билдирүүгө милдеттүү.

"Азаттык": Эгерде БУУнун комитетинде кыргыз өкмөтүнүн отчету жактырылбаса эмне болот?

Лия Надарая: Кыргызстандын Комитетке берген отчету жактырылбаса, эл аралык коомчулук кыргыз бийлиги кыз ала качууну токтотуп, аялдардын укугун коргоодо алгылыктуу иш жасабай жатат деп баалаганын түшүндүрөт. Ооба, биздин күчкө сала турган механизмдерибиз жок. Биз сунуш беребиз, техникалык көмөк көрсөтөбүз.

Бирок тигил же бул өлкөнүн өкмөтүнүн Улуттар Уюмунун атайын комитети берген сунуштарды жүзөгө ашырбай койгону – ал мамлекеттин эл аралык беделин түшүрөт.

"Азаттык": Кыргызстандын укук коргоо органдарында коррупция тереңдеп кеткенин эл аралык институттар белгилеп келет. Андай системада аялдарга каршы зордук-зомбулукту, анын ичинде кыз ала качууну токтотуу канчалык жигердүү ишке ашат?

Лия Надарая: Коррупция бар жерде кайсы багытта болбосун ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Мамлекетте коррупция канчалык жайылып, ага кантип чөгүп кетсе болорун, андан чыгуу эмне деген күчтү, ресурсту талап кыларын менин мекеним Грузияда көрдүк. Албетте, мындай коомдо реформа жасоо, алдыга жылуу өтө кыйын. Анан дагы экономикалык субординацияны эске алсак, аялдардын колунда каржы-экономикалык рычагдар жок. Биздин коомдо аялдар эркектер менен бирдей жумуш кылганына карабай акчаны аз табат, аялдар үй-бүлөдө капиталга ээлик кылбайт. Атургай аялдар көпчүлүк учурда өзү тапкан акчага дагы ээ эмес.

Аялдарды колдоо, алардын коомдогу ордун бекемдөө – эң оболу мамлекеттин иши. Аялдар табиятынан назик болгону менен бардык жүк биздин ийинге түшкөн. Бул жерде мамлекет аялдарды колдоп, бизге жардам бериши керек.

Кыргызстан сыяктуу коомдо аялдар атургай өз дене боюна да ээ боло албай жатпайбы. Ала качууга дуушар болгон кыздардын тагдырын карап отуруп, кайдагы экономикалык субординация жөнүндө сөз кылса болот?

"Азаттык": Кыргызстанга барып, элди аралап, коомдун ар кыл өкүлдөрү менен жолукканда кандай таасир алдыңыз?

Лия Надарая: Эң оболу жаштардан, аялдардан, эркектерден кыз ала качуу тууралуу сураганбызда алардын жүзүндө күлкү пайда болгону мени өтө таң калтырды. Эмне үчүн? Бул эмненин белгиси? Анткени кыз ала качууну жаш муун “романтикалык оюн” катары түшүнөт турбайбы. Биз бул көйгөйдү кантип токтотобуз деп жүз толгонуп, миң жолу айтканыбыз менен, кыргыз коому аны "романтикалуу көрүнүш" катары кароодон баш тартмайынча көйгөйдөн кутула албайбыз.

Албетте, жаштар арасында кыздардын тандоо эркиндиги жөнүндө бекем көз караштагылар бар экенине ынандык. Бирок негизинен жаңы муундун ала качууну "романтика" катары караганы басымдуу экен. Мен жана сөзүмдүн башында айткан ойду кайталайын, эң башкысы коомдогу стереотиптерди жоюу керек.

Бийлик, коомдук институттардын өкүлдөрү дагы кыз ала качууга келгенде, элдин салт-санаасы менен чүмкөп, сөздү башкага буруп, тайсалдаганы байкалды. Айрым жооптуу кызматкерлер “мени деле ала качып кеткен” десе, мырзалар “оо, жаш кезимде сүйлөшкөн кызымды ала качып эле алгам” деп өз окуяларын айтып беришти. Аны “биз эч кимди күчкө салып, зомбулукка барган эмеспиз, болгону үйлөнүүнү тездеткенбиз” деп түшүндүрүштү.

Улуттар Уюмунун атайын комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанга барган сапарында бул маселе эл аралык деңгээлге чыкканын, ага бийлик, диний институттар, жарандык коом, жаштар, аялдар өздөрү жапырт катышып, аны токтотуу зарылдыгын, ал үчүн аткарыла турган иштердин тартибин аныктады.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Женевадагы комитетке 2019-жылдын мартына чейин бул багытта аткарылган иштер боюнча билдирүүгө милдеттүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG