Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Апта: Зере эркиндик революциясын жасадыбы?


Зере Асылбек
Зере Асылбек

19 жаштагы Зеренин ыры коомдо карама-каршы пикир жаратты. "Хьюман Райтс Уотч" уюму кыргыз бийлигинин экстремизге каршы күрөш саясатын сындады. Сириянын Идлиб провинциясында демилитаризациялык буфер аймагын түзүү макулдашылды.

Зере Асылбек кызынын "Кыз" деп аталган музыкалык клиби кыргыз коомунда карама-каршы пикир жаратып, кызуу талкууланып жаткан убак. Ырдын мазмунун эмес, аны аткарган 19 жаштагы кыздын сырткы келбетин сындагандар басымдуу болсо, аялдарды басмырлоону токтотууга үндөгөн жаш активистти колдогондор да арбын.

Зере ырды жаратууга эмне түрткү болгонун "Азаттыкка" берген интервьюсунда айтып берди. “Кыргызстанда, деги эле дүйнөдө кыздардын дээрлик 90% көчөдө, иште же үйдө басмырлоого кабылат. Мен бул ырды өзүмдүн – кыздын атынан жазгым келди. Адегенде акындарга кайрылсамбы деп, анан өз дараметиме таянып, өзүм жазууну чечтим. Бул ыр ошентип жаралды”, – деди Зере.

19 жаштагы кыздын айтымында, өтө аялуу маселеге коомдун назарын буруу үчүн тобокелдикке барып, аны менен бирге жоопкерчиликти дагы сезген.

“Ушундай буркан-шаркан реакцияны күткөм, мен клиптеги бул образ аркылуу коомду козгоп, көңүл бурдургум келди”, – деди жаш активист “Азаттык” менен болгон маегинде.

Зере: Мен өз оюмду айттым
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

Зеренин ыры социалдык медиага тарагандан кийин кыз-келиндер кантип кийинип, кантип басып-турганды өздөрү чечет деген көз карашты жактагандар менен катар кыргыздын кызы мындай “жосунсуз жорукка” барбашы керек деп кескин сындагандар да чыкты.

Алтургай "Фейсбукка" Зереге "клипти интернеттен өчүрбөсөң өлтүрүп кетебиз" деп жазгандар, активисттин жеке өзүнө эскертүү жибергендер дагы табылды. Атасы Асылбек Жооданбеков кызынын коопсуздугунан чочулап, милицияга арыз жазууга аргасыз болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы текшерүү жүрөрүн билдирди.

Зеренин "YouTube" каналында балдарга англис тилин үйрөтүү үчүн атайын программасы бар, пьеса жазып, театрда коёт. Андан сырткары бир катар социалдык долбоорлор менен алектенет.

Кызынын ырын мактап, анын жарандык позициясын колдогондор менен аны сындагандардын соккусу Зеренин атасы, педагог Асылбек Жооданбековго дагы тийди.

“Ар кандай реакция болду. Биринчиден, өзүбүз чочуладык, анан коомчулук чочулады. Бул болгону бир образ, роль дегенге карабай, айрым адамдардын түшүнгүсү келбей же түшүнбөй, кеп-сөзгө келбей, күнөөлөгөн гана позициясы мени таң калтырды” – дейт Зеренин атасы. Көп жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип жүргөн адис “көрсө биздин коомдо бир нерсени укканда же көргөндө, аны аңдап, талкуудан кийин тыянак чыгарып, сынчыл ойлонуу жок экен” – деген ою менен бөлүштү.

Социалдык медиа айдыңында Зеренин ырынан кийинки реакцияны коомдогу сабырдуулуктун аныктоочу көрсөткүчү катары баалагандар бар. АКШда окуп жүргөн блогер Алия Суранова «Зерени жектебейли, тескерисинче, аялдарга запкы көрсөтүүнү кантип токтотобуз – ушуну ойлонолу” деп, замандаштарына кайрылды. “Зере, биз сени күткөнбүз!” деп аталган блогунда төмөнкүдөй ойду жазат.

“Зере, сени жана мени, биздин эже-сиңдилерибизди сынга алып, сөгүп, каргап, биздин жүрүм-турумду, эмне деп сүйлөшүбүздү, эмне кийим киерибизди таңуулап, ар бир кыздын ич кийимине чейин кирип-чыгып, андан ары эч нерсени көрө албай, өз деңгээлинин пастыгын, аң-сезиминин төмөндүгүн жана өз жашоосун жана ички дүйнөсүн башкара албай жатканын башкаларга асылгандыгы менен көрсөткөн айрым эркектерге көңүл бурба.

Ошондуктан, ар бир кыргыз кызы өз жашоосуна өзү гана жооп бериши абзел. Мен биздин эжелерибизди, сиңдилерибизди сындап, каргаган кыргыз айымдарга дагы кайрылгым келет: биз өзүбүздөн баштайлы, биздин кыздарыбыз өсүп келатат, биз азыр мындай жапайычылыкка жол берсек, бир нече жылдан кийин, тырмагын боёп алыптыр деп ташбараңга алышат. Эшикке чыга албай, окуй албай, иштей албай, үн чыгаргандан коркуп, эркин жүрө албай калабыз”

Зеренин музыкалык клиби кызуу талкууланып жаткан маалда Улуттар Уюмунун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети “кыз ала качууга жана күчтөп үй-бүлө курууга” такай жол берип жатканын үчүн кыргыз бийлигин сындады. Анда жабырлануучулар укуктук билиминин жетишсиздигинен жана расмий органдардын көңүл коштугунан улам акыйкаттыкка жете албай жатканы айтылат.

Докладдын авторлорунун бири Лия Надарайа “Азаттыкка” берген интервьюдакыз ала качуу жана күчтөп үй-бүлө куруу улуттук салт эмес, ага күнөөлүүлөр өз курмандыктарын зордук-зомбулукка мажбурлаган кылмыш катары саналышы керектигин” баса белгиледи.

“Маселе өтө терең жана олуттуу. Аны көз жаздымда калтырып, салт-санаага байлап койгон туура эмес. Бул коомдун өнүгүүсү үчүн кооптуу. Бул проблеманын артында зордук-зомбулук, өлкөдөгү маанилүү структуралардын сенек болуп калганы, жаш муундун талкаланган келечеги турат” – деген эл аралык уюмдун өкүлү бул маселеге, бийлик, коомдук уюмдар, диний институттар – тегиз “олуттуу мамиле жасашы абзел” деп эскертет.

18-сентябрда Женевада жарыяланган доклад комитеттин эки мүчөсүнүн купуя иликтөөсүнүн негизинде жазылган. Ошондой эле 14 укук коргоочу уюмдун кыргыз бийлиги ала качуунун курмандыгына айлангандарды коргоп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тарта албай жатканы үчүн сындаган билдирүүлөрү анализденген.

Анткен менен кыргыз бийлиги Улуттар Уюмунун тармактык комитетинин сынын жарым-жартылай гана мойнуна алып жатат.

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “күрөш таптакыр жүрбөй жатат дегенге кошула албайм, муну бир нукка салыш үчүн убакыт керек” деп түшүндүрөт. "Кыз ала качууну таптакыр жоюп салуу чынында кыйын экен. Бирок биз бул маселени жоюну өкмөттүк деңгээлде колго алганбыз. Ар бир облустун башчысына, район жетекчисине жана министрликтерге бул боюнча көрсөткүчтөрдү бекиттик. “Ошол аймакта канча кыз уурдалды?”, “Канча кыз-келин зордук-зомбулукка кабылды?” жана “Канча бала зордук-зомбулукка кабылды?” деген көрсөткүчтөр” – деген өкмөт мүчөсү көптөн бери көтөрүлүп жүргөн көйгөйдү чечүү кыйла кыйын экенин мойнуна алат.

Ички иштер министрлигине акыркы беш жылда ала качуу фактысы боюнча 895 арыз түшсө, анын 727сине кылмыш иш козголгон эмес. 68 факты боюнча гана кылмыш иши ачылган.

2017-жылы 28 иш сотко жөнөтүлсө, 11 айыпталуучунун иши кыскартылган. Ал эми 16 адам шарттуу кесилсе, бир гана айыпталуучу беш жылга эркинен ажыратылган.

Улуттар Уюмунун эсебинде, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял ур-токмокко кабылып, ар бир бешинчи аял ала качуунун курмандыгына айланат.

HRW: Эстремизмге каршы күрөш кооптондурат

Шейшембиде эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун "Биз такай коркунучта жашайбыз. Кыргызстанда “экстремисттик” материалдарды сактоо” деп аталган көлөмдүү баяндамасы да жарыяланды. Анда соңку жылдары жүздөгөн адам “экстремисттик” маанайдагы материалдарды сактаган деген айып менен үч жылдан 10 жылга чейин соттолгону баса белгиленет.

Уюмдун эсебинде, 2010-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-пункту менен кеминде 258 адам соттолгон. Дагы жүздөгөн жаран сот чечимин күтүп жатат. 2016-жылдын тогуз айында эле 167 адамга кылмыш иши ачылган.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Рейчел Денбер "Азаттык" менен болгон маегинде тыюу салынган материалдарды сактагандар башкаларды зордук-зомбулук жасоого үндөп же улут аралык жек көрүүнү козутууга колдонуп, башка кылмышка барбаса да, оор жазага кириптер болушканын белгиледи.

2013-жылы кабыл алынган мыйзамда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-пунктундагы тыюу салынган материалдарды “башкаларга таркатуу максатын” көздөсө, анда "эркинен ажыратуу" каралат деген норма жоюлган.

Рейчел Денбер
Рейчел Денбер

“Бул болсо тыюу салынган материалдарды сактагандарды жапырт оор жазага тартып, абакка кесүүгө жол ачкан. 2010-жылы бул берене менен 258 киши түрмөгө түшсө, соңку үч жылда мындай жазага тартылгандардын саны өсүп, тагдыры талкаланганын көрүп турабыз” – деди “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун өкүлү.

Денбердин айтымында, 2010-жылдан 2016-жылга чейин “экстремисттик материалдарды сактаган" деген айып менен козголгон иштердин жарымы өлкөнүн түштүк тарабында катталган. Сурамжылоого катышкандардын көбү алар күч органдарынын бутасына “улуту үчүн кабылганын” айтышкан.

“Кыргыз өкмөтү терроризм жана экстремизм менен күрөштө мына ушул аялуу жамааттар менен тыгыз иш алып барып, аларга көңүл бурушу керек. Күч органдары өзбектерди бутага алып, аларды куугунтуктап жаткандай сезимди жоготуш керек. Өзбек жамааттары менен өз ара ишенимди бекемдеп, орнотуп, алардын коомдон обочолонуп калуусуна жол бербеш керек” – деп белгиледи Денбер “Азаттык” радиосу менен болгон маегинде.

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун баяндамасындагы маалыматты "негизсиз" деп баалады. Анын белгилешинче, милиция кызматкерлери “жөн жерден эле” жарандарды кармай бербейт. “Жетиштүү фактылар менен колго түшүрүшөт. Кыргызстанда экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандар 400дөн ашат. Алардын баары эле тыюу салынган материалды сактаганы үчүн эмес, согуш тутанган Сирия, Иракка барып келгени үчүн камалышкан” – деди.

Кыргыз милициясынын өкүлү баяндамада айтылган шектүүлөр кармалган учурда "милиция кызматкерлери жасалма фактыларды колдонгон учурлар болот" деген пикирди "туура эмес" деп, четке какты.

Ал эл аралык уюмдун "экстремизм" деп эмнени түшүнгөн "позициясына каршыбыз" деген пикирин кошумчалады. "Эгер Кыргызстандын мыйзамына ылайык кандайдыр бир аракет кылмыш деп эсептелсе, ал - кылмыш", - деди Бакиев.

2019-жылы күчүнө кирчү жаңы Кылмыш-жаза кодексинде "экстремисттик материалдарды сактагандардан" кылмыш жоопкерчилиги алынат.

Идлиб кризисин Анкара менен Москва жөндөйбү?

18-сентябрдагы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сочидеги сүйлөшүүсү Сириянын Идлиб провинциясы боюнча меморандум кабыл алуу менен аяктады. Анкара менен Москва Идлибде каршылаш эки тарапты ажыраткан демилитаризациялык буфер аймагын түзүүнү макулдашты.

Орусия, Иран жана Түркия президенттеринин Тегеранда 10 күн мурун өткөн саммитинде Идлиб боюнча мунаса табылган эмес.

Сочидеги сүйлөшүүдө макулдашылгандай, Орусия жана Түркия эми провинцияда 15-октябрга карата куралдуу оппозиция менен өкмөттүк күчтөр кесилишкен тилкеден 15-20 чакырым ичкери карай демилитаризациялык аймак түзүлөт.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

“Демилитаризациялык аймак ал жактан радикал маанайдагы согушкерлерди, анын ичинде “Жабхат ал-Нусраны” чыгаруу менен түзүлөт. 2018-жылдын 10-октябрына карата Түркия президентинин сунушуна ылайык, бул аймактан бардык оппозициячыл топтордун оор куралдары: танктар, ракеталык системалар, миномёттор, замбиректер чыгарылуусу керек” – деген орус президенти Владимир Путин демилитаризациялык аймакка көзөмөлдү Түркиянын атайын бөлүктөрү, Орусиянын аскерий полициясынын мобилдүү топтору жүргүзөрүн маалымдады.

Путин айткан “радикал согушкерлер” Идлибдеги демилитаризациялык аймактан кандай жол менен чыгарыла турганы азырынча беймаалым. Маселен, “Жабхат ал-Нусра” тобу 2016-жылга чейин "ал-Каида” уюмунун Сириядагы бөлүмү деп саналчу. Азыр бул куралдуу топ үстөмдүк кылган исламчыл топтордун бирикмеси “Тахрир ал-Шам” деп аталып калган.

“Радикал” козголоңчулар президент Ассаддын бийлигине каршы күрөшкөн башка топтордон кантип ажыратыла Тургандагы беймаалым. Ошондой эле демилитаризациялык буфердик зонага Идлиб шаарынын канча бөлүгү камтылары да белгисиз.

Түркия жана Орусия президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн соң эки өлкөнүн коргоо министрлери Идлиб боюнча атайын меморандумга кол коюшту.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, меморандумдун жоболору Дамаск менен да макулдашылат. Шойгу кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Путин менен Эрдогандын макулдашуусу Идлибде эми аскерий операция жүргүзүлбөйт дегенди туюндурарын белгиледи.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Ал эми Түркия президенти Режеп Тайып сириялык оппозиция менен Башаддын армиясы көзөмөлдөгөн райондор ортосунда “куралсыз зона” түзүү макулдашылганын билдирди. “Биз Орусия менен бирге радикал топтордун бул зонада активдүү болбошун кепилдейбиз. Орусия Идлибдеги де-эскалация зонасында ок атылбашы үчүн зарыл чараларды көрөт. Түркия менен Орусия демилитаризациялык зонанын эки чек арасында тең көзөмөлдү координациялайт» - деген Эрдоган бул макулдашуу менен Идлибдеги «ири гуманитардык кризистин алдын алдык” деди.

Сириянын Орусия жана Иран колдогон өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясына чабуул жасап, аскерий операция өткөрсө мунун арты ири “гуманитардык трагедияга, кыргынга жана кыйроого” айланарын соңку апталарда Улуттар уюму, АКШ баштаган Батыш мамлекеттери утур-утур эскертип жатты.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы. Ушул тапта аймакта козголоңчулардын түрдүү топтору бар.

Жалпысынан Идлиб провинциясында, БУУнун эсебинде, үч миллиондой адам жашайт, алардын бир жарым миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер.

Улуттар уюмунун өкүлдөрү алар козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлибге буга чейинки элдешүү жараяндары учурунда атайын көчүрүлгөндөр экенин баса көргөзүшкөн.

Улуттар уюму буга дейре эгер Идлибге чабуул башталса, 900 миңге жакын киши качууга аргасыз болорун болжолдогон.

Сирияда сегиз жылга созулган жарандык согушта 400 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, миллиондогон адамдар жер которууга мажбур болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG