Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Демократия: укук жана улуттук кызыкчылык


Эл аралык «Freedom House» уюму жаңы баяндамасында акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча демократиянын абалы начарлап баратканын билдирүүдө.

Дүйнөдө демократиянын деңгээлинин төмөндөп жатышынын негизги себеби эмнеде? «Жарым-жартылай эркин» аталган Кыргызстанда адам укуктарын, сөз эркиндигин, мыйзамдуулукту сактоону канткенде өнүктүрөбүз?

«Арай көз чарай» талкуусуна президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова катышты.

«Азаттык»: - Алмазбек мырза, «Freedom House» уюму дүйнөдө демократиянын абалы 13 жыл катары менен начарлап баратканын билдирүүдө. Анын негизги себебин сиздер эмнеден көрөсүздөр? Глобалдык саясий кырдаал ушундайбы же айрым мамлекет башчыларынын саясий режимдери кедергисин тийгизип жатабы?

Алмаз Акматалиев.
Алмаз Акматалиев.

Алмазбек Акматалиев: - Менин оюмча акыркы жылдары дүйнөлөшүүнүн шартында «Демократия деген эмне?», андан келип чыккан «Адам укуктары деген эмне?» деген философиялык суроолорго ой жүгүртүү башталды.

Ушул негизден алып караганда дүйнөдө демократиянын солгундап жатышынын негизги себеби АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын саясаты менен байланыштуу болуп турат. Ал «Мексикадан мигранттарды киргизбейм, эки мамлекеттин ортосуна дубал салам» деп жатса, Конгресс менен эсептешпей жатса, туугандарын «бийликке алып келем» деп ачык эле айтып жатса, дагы көп маселелер аталган уюмга начар жыйынтык чыгарууга шарт түзүп жатат.

Ушул жана башка окуялардан, кырдаалдардан улам биз ушул убакка чейин түшүнүп, кабыл алып келген демократия мындан ары башка нукка өнүгүп кетиши мүмкүн.

Азыр Европада адам укуктары менен кошо улуттун укугу деген түшүнүк катуу талкууга түшүп жаткан кези. Айталы, француздар: «Биз эзелтен адам укуктарын сыйлап, урматтап келгенбиз, анын негизинде республика курганбыз. Бирок кечирип койгула, араб өлкөлөрүнөн көптөгөн мигранттар биздин өлкөгө келе берип, француздардын улуттук укуктары тебелендиде калганы турат» деп тынчсызданып жатышат.

Менимче, азыр абсолюттук деңгээлде «адам укуктары» жана «улуттун кызыкчылыгы» деген түшүнүктөр карама-каршы чыга баштадыбы деп ойлойм. Мен кыйкырып жаткан французду да түшүнгүм келип жатат. Себеби ар ким өз өлкөсүндө башка бирөөлөрдүн көпчүлүк болуп кеткенин каалабайт. Анын үстүнө келгиндер жөн жүрбөй, өзү менен кошо маданиятын, динин, тилин, кийим-кечесин алып келип жатпайбы. Европада ушуга катуу тынчсызданышууда. Ушундай шартта «Адам укуктарын сактайсыңбы же мамлекеттин, улуттук кызыкчылыгын коргойсуңбу?» деген суроо туулуп жатпайбы.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

«Азаттык»: - Азиза айым, баяндамада биз үлгү туткан АКШдагы демократиянын деңгээли Грекия, Хорватия, Монголиядагыдай бааланыптыр. Чындап эле Америкада демократия кайтып баратабы?

Азиза Абдирасулова: - Көп мамлекеттер демократия жаатында Американы үлгү тутканы менен анын өзүндө да көп маселелер бар. Биз, укук коргоочулар, адам укуктары боюнча АКШны сындаган учурларыбыз көп. Мисалы, Американын Гуанта́намо түрмөсүндөгү адам укуктарынын бузулушу, бир топ штаттарында дагы эле өлүм жазасынын жоюлбаганы боюнча катуу сын айтылып келатат.

Ошондуктан демократияны бир өлкөдөн экинчи өлкөгө толук көчүрүп келүү, аны үлгү тутуу туура эмес. Ошол эле Британияда, демократиянын дагы бир үлгүсү саналган Скандина́вия өлкөлөрүндө да айрым маселелер бар.

Менимче, демократиянын деми сууп жатышына «араб жазы» менен башталып, бир нече жылдан бери ушул убакка чейин созулуп келе жаткан араб, Африка өлкөлөрүндөгү жаңжалдар, Ирак менен Ирандагы кризисттер, Сирия менен Ооганстандагы согуштар, андан келип чыккан миллиондогон качкындар, миграциялык агымдар ж.б. көп окуялар таасири тийүүдө. Анын баарында адам укуктары биринчи планга чыгып келатат, албетте, көп жерде бузулууда.

«Азаттык»: - Алмазбек мырза, демейде бул уюмдун отчетторунда Азия, Африка жана КМШ өлкөлөрү сынга кабылып келсе, бул жолу Европанын айрым мамлекеттеринде эркиндиктин чектелип жатканы айтылат. Германия менен Британиядагы «эркиндиктин көрсөткүчтөрү» бир топ төмөндөп кеткени белгилениптир. Анын төркүнү эмнеде деп ойлойсуз?

Алмазбек Акматалиев: - Биз эки факторду эске алышыбыз керек. Биринчиси - улуттук кызыкчылыктардын, улуттук баалуулуктардын адам укуктарына тийгизген таасири кандай? Экинчиден, дин эркиндиги - адам укуктарынын бир бөлүгү.

Европада «байыртан бери христиан мамлекети болуп келген аймак да 20 жылдан кийин ислам мамлекетине айланып кетсе эмне болот» деп маселе коюлууда. «Сырттан качкындардын келиши менен алардын укуктарын коргойлу дегенибиз менен жергиликтүү христиандардын да эркиндиги бузулуп жатат» деп жатышат. Ушул негизден алып караганда дүйнөнүн акылмандары чогулуп, адам укуктары боюнча конвенцияларды кайра карап чыгышы керек.

Мүмкүн адам укуктары боюнча айрым принциптер улуттук мамлекеттердин келечегине коркунуч туудуруп жаткандыр? Эгер андай болсо кээ бирин алып салыш керек чыгар? Дегеле, демократия маселелерин өтө кенен кароого убакыт келди.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерде угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG