Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Депутаттын кумсаларга мамилеси талкууга түштү


Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын «Фейсбуктагы» баракчасында жазгандары кызуу талкуу жаратты.

Депутат анда Бишкекте 8-мартта аялдардын тилектештигине арналган жүрүшкө катышкан жыныстык азчылыктын өкүлдөрүн кескин айыптаган жана коомчулукту катуу чара көрүүгө чакырган.

Ошондон кийин айрым жарандык активисттер Мусабекова «өтө орой сөздөрдү оозанганы үчүн мандатын тапшырсын» деп талап да кыла башташты.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова кийинки күндөрү жыныстык азчылыктын өкүлдөрүн жек көрөрүн ачык билдирип бир канча пост жазды. Анын пикирине каршы ой айткандар менен тынымсыз кайым айтышып жатат. Депутаттын жазгандарынан өз санаалаштарын жыныстык азчылыктын өкүлдөрүнө каршы уюшууга үгүттөгөн чакырыктарды да көрүүгө болот.

«Та-ак, үч күндөн бери ким гей, ким лесби, ким аларды колдоп, акча таап кара жанын багып аткандарды жакшы билип калдык. Эми, кыргыздын намыстуу кыз-жигиттери айтып, айтып, жазып, жазып тим калбайлы. Уюшалы... «Кыргыздын кыздары чет өлкөлүктөргө тийип атат» деп жар салган жармач патриоттордон да дайын жок. Кыргыздын жигиттери катын албай өздөрү эрге тийип атса кыздарда не күнөө? Личкага жазып, иш-чара, уюм уюштуралы дегендерге ыраазычылык. Мындай ата-бабада жок жосунсуз жорукту баштап, эркегибиз «төрөбөйм», кызыбыз «чай куйбайм» дегендерди сөкмөк тургай, сабаш керек. Ичип, жеген коррупционерлердин жазмакерлери мага асылып оокаттарын өткөрүшчү эле, эми аларга гей, лесби жана алардын жети апалары кошулуп, жинденип, жинигип атышат. Жиндерин кагалы. Намысы бар жигиттер барбы?» - деп жазды Мусабекова.

Депутат андан сырткары өзүнүн аты аталган айрым бир чуулгандуу, коомчулукта кызуу талкуу жараткан жагдайлар тууралуу да түшүндүрмө берген. Маселен, «Алиби» гезитинин кабарчысы Үпөл Анаркулованы сөккөнүн мойнуна алган. Жогорку Кеңеште мугалимдер тууралуу айткандары боюнча «Акипресс» маалымат агенттигинин кабарчысын айыптаган:

«Бүт дүйнөнүн гейлери менен кечке кармаштым. «Маданияттуумун, адабияттуумун, тил билем, укмуш кыйынмын» деген чычкактар көп экен. Мени жамандайм, шыбайм, кара көө сүйкөйм деген акылы бөксөлөр эс алгыла, мага өтпөйт. Дагы айтам, мен «Алиби» деген анда-санда чыга калган гезитке журналистикада эч тажрыйбасы жок бир кызды бирөөнү курулай жаманаттылаганы үчүн сөккөм. Мага заказ берген Нурбек Айбашев. Ал үйүнөн 50 алтын саат, оңбогондой акча табылып, мамлекетти жегени аныкталып абакта. Ал эми «Алиби» Равшан Жээнбековдуку. Мугалимдерди уйчу, саанчы деген боюнча да түшүндүргөм. Комитетте министр Элвира Сариеваны тепкилегенбиз. Себеби билим берүүгө келген 53 млн. евронун дайыны жок. Ал кезде Элвира Фариддин сүймөнчүгү болчу. Фаридге «Акипресс» баш ийчү. Ошо күнү орус кыз келген, туура эмес которгон. Сотко берсем да болмок. Айтмакчы, өзүм культур-мультур элемин, нормальный, гей эмес, гейлерди колдогон хей эместер менен маданияттуу эле баарлашам. Үнүм назик, боорукер, мээрманмын... Культураны билем кыскасы... Сопсим эле кызылдай жинди экен деп ойлобогула, мени тааныбаган айнанайындар...»

Былтыр май айында Жылдыз Мусабекова менен «Алиби» гезитинин кабарчысы Үпөл Анаркулованын телефондогу сүйлөшүүсү Интернетке жарыяланып кеткен эле. Анда депутат өзү жөнүндө такталбаган маалымат таратканы үчүн журналистти оозго алгыс сөздөр менен опузалаганын угууга болот. Кийинчерээк Мусабекова «ал аудио монтаждалган» деп айтып чыккан. Журналист болсо «жазуу жасалма» деген дооматты четке каккан. Экөөнүн жаңжалы коомчулукта кызуу талкууланганы менен ар кандай себептерден улам КСДП фракциясында каралган эмес.

Жылдыз Мусабекова 44 жашта, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. 1995-2012-жылдары «Асаба», «Агым», «Де-факто», «Аят пресс», «Эл сөзү», «Форум» гезиттеринде кабарчы, башкы редактордун орун басары, башкы редактор болуп иштеген. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда коркутууга кабылганын айтып чыккан.

Мусабекова 2010-жылдагы парламенттик шайлоого КСДП менен барган жана тизмеде 46-орунда турган. Жогорку Кеңештин ал чакырылышында Мусабековага мандат тийген эмес. Ал 2012-2015-жылдары Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарын бириктирген Бишкек шаардык мэриясынын №3 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси болуп турган. Мусабекова 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесинде 16-орунда турган жана депутат болуп шайланып келген.

Социолог, антрополог Алтын Капалова Жылдыз Мусабекованын социалдык тармактарда жазгандарын сындап чыкты. Анын пикиринде, депутаттын аракетине укуктук баа берилип, анын жоопкерчилиги каралышы керек.

«Жылдыз Мусабекованын жазгандарын ар бир кыргызстандыктын башкы укуктарын тебелеп-тепсөө деп эсептесе болот. Ал жөн эле орой сөз жазбастан, башка адамдарды да зомбулук кылууга чакырып жатат. Сөзсүз түрдө буга реакция эле болбостон, жоопкерчиликке тартыш керек. Парламентте отурган, элдин кызыкчылыгын көздөйт деген депутат. Анын ушундай талаш-тартыш жаратып жатканы абдан өкүнүчтүү. Буга КСДП фракциясы көңүл бөлүшү керек», - деди ал.

Алтын Капалова «жарандык активисттер Жылдыз Мусабековага байланыштуу юридикалык жактан кандай иш-чараларды көрсө болот деп ойлонуп жатканын» да кошумчалады. «Муну ушул бойдон калтырып койгонго болбойт» деген пикирин айтты ал.

«Азаттык» Жылдыз Мусабекованын айланасындагы соңку жагдайга байланыштуу анын айрым фракциялаштарынын пикирине кызыкты. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул өтө аяр тема экенин айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Аталган фракциянын мурдагы лидери Чыныбай Турсунбеков болсо кандай гана маселе болсо да түшүндүрүү жолу менен чечилиши керек деп эсептей турганын билдирди:

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

«Элди чагым кылбагандай, бири бирин түшүнүп жашагандай багыт, жол менен кетсе деп дайыма айтып келе жатам. Мен ошол позициямдан танбайм. Биздин коомубузда жүргөндөргө чоң казат жарыяласак андан утуш алар-албасыбыз күмөн. Аларды коркутуп-үркүтүү жолу менен эмес, түшүндүрүү жолу менен өзгөртүшүбүз керек деп ойлойм. Ар кимдин турмуштук позициясы ар кандай. Бирөөлөр болсо дароо эле кылычын алып чапкылап кирет. Кээ бирлери болсо «андай кылган болбойт, булар да Кудайдын пенделери» деп тарбиялап, дарылап, айыктырып, түшүндүрүп туура жолго салганга аракет кылат. Турмушта дайыма ошондой да».

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Жылдыз Мусабекова менен гезиттерде чогуу иштеген. Ал Мусабекованын тайбас мүнөзүн белгиледи жана кыргыз журналистикасында өз орду бар экенин айтты.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

«Анын тарыхын билбесем да, табиятын жакшы билем. Өзү «эркек» мүнөз. Тайсалдабаган, бетке чабар, кээде ойлонбой сүйлөп койгон алабармандыгы бар. Жалтанбас мүнөзгө ээ. Депутат катары ага баа деле бергим келбейт. Кээде ошол алабармандыгынан, аша чапкандыгынан артык кылам деп тыртык кылып алат. Бирок журналист катары аябай таланттуу. Саясаттын күрөө тамырын жакшы билет. Журналист катары мен ага жогору баа берет элем. Акаевдин, Бакиевдин убагында тайманбай көп нерсени ачык жазып жүргөн. Кыргыз журналистикасында албетте, анын орду бар. Жүрүм-туруму, этикалык жагы - ал башка сөз. Кандай саясатчы - аны мен айта албайм. Анын көз карашын мен урматтайм. Айрым маалыматты, оюн жеткирем деп туура эмес түшүндүрүп алып, артынан түшүп душмандарын көбөйтүп алат. Мен анын өзүнө деле «ушул жактан этият болсоң, саясат деген сактыкты, тарых деген тактыкты жакшы көрөт» деп айтам. Сактыгы, тактыгы жоктугунан аябай чарчап калат», - деди депутат.

Анткени менен Момбеков Жылдыз Мусабекова жыныстык азчылыктын өкүлдөрүн кодулаганын сынга алды. Ошол эле кезекте жыныстык азчылыкты түзгөн топтун аракетин чагым катары баалады:

«Жылдыз «Кырк чоронун» деңгээлине түшпөшү керек. «Кырк чоронун» жигиттери бул окуяны актуалдуу маселеге айланткысы, өздөрүнө упай топтогусу келет. Бул жерде этият мамиле кылыш керек. Алар башка өлкөнүн эмес, өзүбүздүн өлкөбүздүн жарандары. Эң ириде ошону эске алыш керек. Алар табиятынан ошондой жаралып калган, алар деле адам. Алардын деле жашоого укугу бар. «Кыргыздын каада-салтын коргойбуз» дегендер алардын укугун кордоп жатпайбы. «Аларды жазалаш керек, Кыргызстандан кубалаш керек» деген болбойт. Бул да Кудайдын кылганы. Ким билет, эртең «Кырк чородогулардын» балдары ошондой болуп төрөлүп калар? Эч убакта кесир сүйлөбөш керек. Бирок 8-марттагы жүрүшкө кошулгандар да аша чаап кетишти. 8-мартта «аялдардын укугун коргоо» деп чыгып алып, өздөрүнүн укуктарын коргогону туура эмес. Адам укуктарын коргоо күнүндө чыгышса болмок. 8-мартта чыгышканы элдин кыжырын кайнатып жиберди. Чагымчылдыкка өздөрү чакырык жасагандай болушту».

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева депутаттын этикасы тууралуу мыйзага ылайык, бир эл өкүлү экинчисине баа бере албасын айтты. Бирок депутат коомдо үлгү көрсөтүшү керек экенин эске салды.

Айнуру Алтыбаева
Айнуру Алтыбаева

«Депутат Мусабекованын жүрүм-турумуна баа бергенге менин укугум жок. Мисалы, азыр бир нерсе деп айтсам, силер аны жазып чыгасыңар. Анан мага «өзүнүн этикасы жок, мыйзамды бузуп жатат» дешет. Бирок депутат деген эл алдында жүргөн адам да. Коомдо, көчөдө болобу, Жогорку Кеңеште, социалдык тармактарда микроскоптун алдында жүргөндөй эле болот. Ошон үчүн биз кыздарга, жалпы эле айымдарга үлгү болушубуз керек. Бирок үлгү боло албай калдык го. Айрым эркектер да андай сөгүнбөйт. Бирок бизге бааны шайлоочуларыбыз берет. Жазган мыйзамдарыбызга, сүйлөгөн сөзүбүзгө, ал тургай кийген кийимдерибизге чейин баа берилет».

Журналист, медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикиринде, соңку окуя боюнча талаш-талкуу жаралганы кадыресе көрүнүш. Ал Мусабекованы оор басырыктуу болууга чакырды.

Азамат Тынаев
Азамат Тынаев

«Сөз эркиндиги болгондон кийин бул деле мыйзам ченемдүү көрүнүш. «Мындай-тигиндей пикир айтылып жатат» деп чачыбызды деле жулбашыбыз керек. Болгону цивилизациялуу чектен ашпашыбыз керек. Этикалык жактан караганда Жылдыз Мусабекованын сөзү абдан катуу угулуп жатат. Саясатчылар оор басырыктуу болуп, айткан сөздөрүн, берген бааларын таразаласа жакшы болмок. Ушуну менен бирге эле ошондой пикирлерди колдоп жаткан жарандарыбыз да көп болуп жатпайбы. Мусабекованы мен кесиптеш катары абдан сыйлайм. Мамилебиз деле жакшы. Бирок кээ бир курч сөздөрүнө эмнеге эл каршы чыгып жатканын ал өзү деле сонун түшүнүп жатат. Кесиптеш катары ага саясатчы экенин унутпаса деп гана кеңеш бере алам. Саясатчынын эң негизи парзы - элди бириктирүү да. Анын сөзү элди бөлүп-жарбашы керек», - деди эксперт.

Жылдыз Мусабекованын «Фейсбук» социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасына жазгандарынан коомдук ишмер, КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев тууралуу да улам-улам эле сөз кылып жатканын байкоого болот.

Жыпар Жекшеев
Жыпар Жекшеев

«72 жашка чыккыча мамлекетти саап, акырынан чөп жеген Жекшеев көрүнбөйт го? Жок, дегенде «эйгей!» деп койсо боло. Же чайкоочулуктан алгандарын чайкап бүтө албай, чалчактап атабы? Геосаясатта бир нерсе деп, АКШга акыл үйрөтүп атпады беле? Эми сөгүп-сөгүп алса, «азамат!» деп колун кысмакмын. Таңгөрү Жекшеев деле жалтак, шалтак окшобойбу?» - деп суроо салган.

Биз буга байланыштуу Жыпар Жекшеевдин өзүнөн түшүндүрмө сурадык. Ал мындан эки жумадай мурун жергиликтүү гезиттердин бирине чыккан маегинде АКШга барып, президент Дональд Трамптын сый тамагына катышып келген, анын баарын социалдык тармактарга жарыялаган депутаттарды сындап койгонун, Мусабекова ошондон бери ал тууралуу жазып жүргөнүн сөз кылды:

«Ал интервьюда журналист мага АКШга барган депутаттар боюнча да суроо берген. Мен «депутаттардын саясий деңгээли көрүнүп турат, ал жерде мактана тургандай деле эч нерсе жок, Трамптын эмне кылып жатканын баарыбыз тең эле көрүп жатабыз, элге жайып-жарыялай турган эч нерсе көргөн жокмун, тигил-бул» деп эле койгом. Ошондон бери эле ал тынбай жазып жатат. Менден бир жооп уксам дейт. Менин өзүмдүн принцибим бар - деңгээли, интеллекти менден төмөн адамдарга такыр жооп бербейм. Ушундай адатым бар, «айта берсин» деп коем».

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Жылдыз Мусабекова ондон ашык мыйзам долбооруна авторлош болгон. Ал негизи социалдык тармактарда кыйла жигердүү. Өз турмушундагы окуяларды, кайсы бир маселе боюнча ой-пикирин тынбай жарыялап, талаш-талкууга катышып турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG