Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Дыйкандарды таарынткан "жарды" министр


Нурбек Мурашев.
Нурбек Мурашев.

Кыргызстанда айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин иши сын-дооматтан арыла элек. Былтыр өкмөттүн экспорт тууралуу убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдаган дыйкандардын мээнети акталбай калды.

Мурашев Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болгон жана министрлик кызматка мындан эки жылдан ашыгыраак убакыт мурда дайындалган. Андан бери үч премьер-министр алмашып, өкмөттүн курамы үч жолу жаңырды.

43 жаштагы Нурбек Мурашев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан болот. Анын эмгек жолу тууралуу расмий маалымат өтө эле жупуну. Анда Ош технологиялык университетин аяктаганы жазылган, бирок кайсы жылдары окуганы, кандай адистик алганы көрсөтүлгөн эмес. Ишин 1997-жылы Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаардык базарында баштаганы, 2000-2008-жылдары «Мур-Ашим» деген айыл чарба кооперативин башкарганы белгиленген.

Мурашев 2008-жылы Ноокен районундагы Сакалды айылдык кеңешине депутат болгон. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин бийлик алмашканда аталган райондун акими болуп кыска убакыт иштеген.

Ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоого «Республика» партиясы менен катышып, тизмеде 35-орунда турган жана парламенттин V чакырылышынын депутаты болгон.

Депутат болуп турганда негизинен чыгарган мыйзамдары, көтөргөн демилгелери, киргизген сунуштары менен эмес, жүрүм-туруму, кыял-жоругу менен коомчулукка таанылган.

Маселен, 2014-жылы Улуттук госпиталдын дарыгери Жамалбек Тургумбаев Нурбек Мурашев ага кол көтөргөнүн айтып чыккан. Мурашев дарыгердин өзүн «ишине шалаакы мамиле кылды» деп күнөөлөгөн. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, бирок жыйынтыгы эмне менен аяктаганы белгисиз бойдон калган.

Андан соң Мурашев өзүнүн үч жардамчысын сынагы жок эле Мамлекеттик салык кызматына ишке орноштуруп койгону ачыкка чыгып, сынга кабылган.

«Республика» фракциясы ичинен ыдырап, топ-топко бөлүнгөндө ал Алтынбек Сулаймановду колдоп анын тобуна, партиясына кошулуп кеткен.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо Мурашев «Бир Бол» партиясынын тизмесинде 30-орунда болгон. Үгүт маалында ал «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмесиндеги талапкер, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Кабылжан Кимсамбаевди сабаганы тууралуу чуу чыккан. Мурашев кайым айтышканын ырастаганы менен «кол көтөрдү» деген дооматты четке каккан.

Жогорку Кеңештин азыркы, VI чакырылышында Мурашевге депутаттык мандат тийген эмес.

2016-жылы күзүндө парламенттеги башкаруучу коалиция ыдырап, өкмөт жаңырып, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп дайындалганда Нурбек Мурашев айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри болуп дайындалган. Кызматка эми киришип жатканда бул тармакты алдыга жылдыруу боюнча кабат-кабат убадаларды да берген:

- Азыр ар бир облуска бирден лаборатория куруу башталат. Түп менен Кара-Буура райондорунда 10-декабрга чейин буюрса аяктайт. Жаңы жылдан тартып иштей баштайт.

Бирок ар бир облуска бирден лаборатория курулат деген убада эки жылдан ашуун убакыт өтсө да сөз бойдон калып келет.

Бирок ал министр болгондон тартып ишине байланыштуу алкоо, жакшы сөз уга элек. Академик Жамин Акималиевдин пикиринде, анын башкы себеби - кесипкөй, иш билги адис эмес экенинде.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

- Айыл чарба министри биринчи кезекте адис болушу керек, - деди ал. - Айыл чарба тармагынын татаалдыгы - анын асмандын алдында, аба ырайынан көз каранды экенинде. Адистер гана мунун сырын ачып, чемичкедей чага алат. Мурашевдин айыл чарба боюнча адистиги жок. Бул кишинин адистиги - коммерция. Күчтүү адис келмейинче айыл чарбасы алдыга жылбайт. Бул жигит эки жылдан бери эч нерсе жасай албай койду. Жылдын башында өзү туруп алып «министрмин» деп элге кайрылып: «Быйыл картөшкөнү көбүрөөк айдагыла, 1,5 миң тоннага чейин айдасаңар болот. Өзбекстан менен сүйлөштүк, жарым миң тоннасын ошол жакка сатып берем, эч кандай кыйынчылык болбойт» деп байкуш элди ишендирген. Эми болсо «Өзбекстан албай жатат» деп тескери карап кеткен киши да министр болобу? Эгер элге азык-түлүк өндүргөнгө жардам бере албаса, анда ошол азык-түлүктү жакшы баада сатканга жардам берүү - ушул министрликтин түздөн-түз милдети. Мен эсептеп көрдүм, ушул жакшы сатылбагандыктан, экспорттун, кайра иштетүүнүн жоктугунан, жакшылап сактай албагандын кесепетинен өндүрүлгөн айыл чарба азыгынын 35 пайызы коромжуга учурап жатат. Мисалы бизге, өзүбүзгө 600 миң тонна картөшкө керек. Мунун тилин алып 1,5 миң тонна айдап алып, анын жарымы чирип жок болду. Эми буга ким жооп берет? Макул, бул ишин түшүнбөгөн жигит экен, эки жылдан бери элди кыйнап жүрөт. Бирок өкмөт эмне аны кармап отурат? Мен ушуга таң калам. Элдин шорунан, убалынан да коркуш керек да!

2017-жылы президенттик шайлоодо добуш берген күнү да Нурбек Мурашевге байланыштуу милицияга арыз түшкөн. Кадыр Матисаков аттуу жергиликтүү тургун Сакалды айылындагы №2186 шайлоо участогунда министр Мурашев сабаганын айтып даттанган. Мурашев анда да дооматтарды четке каккан.

Айыл чарба адиси, ишкер Манас Саматов Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын квотасы менен жогорку кызматка дайындоодогу алешемдиктин бир мисалы деген ойдо.

Манас Саматов.
Манас Саматов.

- Мамлекеттик кызматтарга партиялык саясий система аркылуу келген туура эмес көрүнүш экенин турмуш өзү көрсөттү, - дейт ишкер. - Жалаң эле айыл чарба министри эмес, башка мамлекеттик кызматка да адистиги туура келбеген, тажрыйбасы, реформатордук жөндөмү жок адамдар келип жатат. Ошондуктан мамлекеттик кызматка, мамлекеттик кызматкерлерге элдин мамилеси кескин сууп, түңүлүп калды. Экинчи жактан бизде саясий маданият да нөл экен. Кызматка келгенден кийин колунан келбесе, жасай турган ишин билбесе, мындан улам кол алдында иштегендерге тапшырма бере албаса, анда «кой» деп намыстанып, кызматты тапшырып кетиши керек эле. Бизде мындай саясий маданият жок да. Кызмат бөлүштүрүү партиялардын бизнеси болуп калды. Жашырганда эмне, бизде кызмат сатмай системасы иштеп жатат. Түз же кыйыр түрдө мындай кызматтар сатылган. Алар шайлоодо чуркап кызмат кылгандыктан партия лидерлеринин тили аларга келгенде кыска.

​Президент Сооронбай Жээнбеков Нурбек Мурашевди былтыр 23-октябрда кабыл алган. Анда «рыноктун баасынын алдын алуу, айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо жетишсиз» болуп жатканын сынга алган.

Андан көп өтпөй эле өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да ага эскертүү берген.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Биз экспорт эмес, өзүбүздүн ичибиздегини кыла албай жатабыз, - деген премьер-министр. - Өзүбүздүн дүкөндөргө, базарларга чыгара албай жатабыз. Эгерде биз ошону сапаттуу алып барсак, элибиз деле «өзүбүздүкүн жейли» дейт. Ошондой министрликтин ордун көрө албай жатабыз, ошондой саясат жүргүзө албай жатат. Статистика катары эле окуйсуңар, айтасыңар. Мына, эки эле өндүрүмдү - төө буурчак менен картөшкөнү эмне кыларыбызды билбей жатабыз. Картөшкөнү башка жакка сатуунун же кайра иштетүүнүн жолдорун ойлонушубуз керек. Министрлик мына ушуну жасашы керек да! Мына, канча институт бар, 300 мин тонна картөшкөнү сата албай жатасыңар. Мына, силердин кылган ишиңер! Азыр айыл чарбасына акча, грант берилип жатат. Технологиялар келип жатат. Нурбек Мурпазылжанович, министрликтин ордун таппай жатасыз. Фермерлердин өздөрү жасап жаткан иш боюнча эле жүрүп жатабыз. Картөшкө 500 миң тонна көбүрөк айдалып калса, ошонун айласын таппай жатабыз. Нурбек Мурпазылжанович, сизге эскертүү - эгер министрликтин ишин оңдобосоңуз, мына, эки айда алты өкмөт мүчөсү алмашты.

«Азаттык» Нурбек Мурашев боюнча парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдон комментарий алып, ага байланыштуу жоопкерчилик тууралуу пикирине кызыкты. Анткени Мурашев ушул фракциянын квотасы менен кызматка келген. Сулайманов болсо күнөө министрде эмес, системада деген ойдо экен.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

- Ал биз сунуш кылган кадр, жоопкерчилик алышыбыз керек, жоопкерчилик алганга даярбыз, - деп сөз баштады ал. - Бирок маселе министрде эмес деп ойлойм. Министрдин буту-колу байланган. Жоопкерчиликке тартуудан мурун ага мүмкүнчүлүк бериш керек. Министрдин кандай мүмкүнчүлүгү бар? Ал кандай маселе чече алат? Каржы маселеси кандай? Кадр маселесин өз алдынча чече алабы? Ушул жана башка көптөгөн суроолорго жооп издеп көрүп, анан жоопкерчиликке келсек туура болмок. Премьер-министр андай эскертүүнү министрге эмес, өзүнө бериши керек. Ал эскертүүнү туура эмес берип алган. Биринчиден, ал министрдин мүмкүнчүлүктөрүн чечип берсин. Жалгыз эле айыл чарба министри эмес, башка мекеме-департаменттерде жетекчилер, министрлер кадр маселесин өздөрү чече албайт, өз алдынча саясат, иш жүргүзө албайт, каржы маселеси толук чечилген эмес. Министрликтеги башкармалыктардын, департаменттин башчыларын министр өзү дайындай албагандан кийин албетте, аны укпайт, премьер-министрди угат. Кыскасы ушундай система түзүлүп калган. Бул азыркы өкмөт башчы менен азыркы айыл чарба министринин күнөөсү эмес. Жалпы системаны түп-тамырынан бери өзгөртүш керек. Мындай система менен эч бир тармак өнүкпөйт. Мисалы Мурашевди «картөшкө сатылбай калды»деп күнөөлөп жатат. Министрлик түшүмдүүлүктү көбөйткөнгө жардам берип жатат. Ал эми сатуу саясаты Экономика министрлигинде. Айыл чарба министрлиги сатуу саясатын жүргүзбөйт. Ушул суроону силер өкмөт башчы менен экономика министрине бергиле. Азыр эсепчиден юристтин милдетин талап кылгандай болуп жатат.

Министр Нурбек Мурашев өзү мекеменин ишине карата айтылган сын пикирлерге жооп берген жана эгерде жетекчилик «ишти жакшы жүргүзө албайт» деген чечимге келсе, кызматтан кетүүгө даяр экенин айткан.

2017-жылы айрым маалымат каражаттары Мурашев өзүн «президенттин оң колумун» деп тааныштырган шылуунга алданып калганы тууралуу жазган. ИИМ ал 38 жаштагы Санжарбек Супатаев аттуу мурда бир канча жолу соттолгон жаран экенин, «министрлик орунду майлаш керек» деп айрым бир министрлерден 150 доллардан чогултуп алганын, алданып калган министрлер арыз жазганын билдирген.

Жалал-Абад облусунда, айрыкча Ноокен районунда жергиликтүү тургундар Мурашевдер колунда бар, өтө бай деген үй-бүлөлөрдүн катарына кирерин айтып жүрүшөт.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, анын бир тууганы Дилшатбек Мурашевге ДНДТЗ дыйкан чарбасы, «Сакалды-Курулуш» фирмасы, «Мур-Ашым» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи, «Мур-Ашим Капитал» чакан насыя компаниясы өңдүү бир канча фирма-ишканалар катталуу. Андан сырткары Оштогу Кара-Суу базарында бир канча контейнерлери, соода жайлары бар экени айтылат.

Бирок Нурбек Мурашев расмий декларациясына ылайык, өтө эле жарды. Маселен, 2017-жылы 630 миң сом айлыгынан башка киреше тапкан эмес, унаасы, үйү жок, 25 сотых жеринен башка өзүнүн да, жакын туугандарынын да көзгө басар мүлкү жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG