Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Картөшкө өтпөй, сарымсак чириди...


Чириген сарымсакты көрсөтүп жаткан сатуучу.
Чириген сарымсакты көрсөтүп жаткан сатуучу.

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында керектөө баалары 1,1% төмөндөдү. Баарынан азык-түлүктүн баасы өткөн жылга караганда 30% арзандаган.

Картөшкө, пияз, сарымсак ит бекер сатылууда, аны өстүргөн дыйкандардын мээнети акталган жок.

Дыйкандар талаада ташып кетчүлөргө картөшкөнүн килограммын 5-6 сомго карматып жатат. Баш калаанын базарларында алып сатарлар анын баасын 8-9 сомго көтөрүп соодалашууда, былтыр ушул маалда картөшкөнүн баасы 20 сомго чыгып калган.

«Жазында өкмөт "биздин картөшкөнү Өзбекстан алмай болду" деп жар салып, ага ишенген дыйкандар айдоо аянттарын кеңейткен. Бирок коңшулар "картөшкө албайбыз" деп чыккандан бери аны эч жерге сата албай отурабыз.

Былтыр Орусия менен Казакстанга экспорттодук эле, быйыл, кыязы, ал жакка жөнөтпөйт окшойбуз. Эмне болуп жатканын билбей деле калдык», - дейт Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан келген Талант Асанбаев.

Көл кылаасындагы бул район - Кыргызстанды картөшкө менен камсыз кылчу ири аймактардын бири.

30 миллион кардары бар Өзбекстанга Кыргызстан картөшкөсүн сата турганын айтып, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков дыйкандарды жыл башында кубанычка батырган.

Февраль айындагы Жогорку Кеңештин жазгы талаа иштерин караган жыйында ал коңшу республика Кыргызстандын 500 миң тонна картөшкөсүн сатып алууга даяр экенин билдирген.

Өлкөдө жыл сайын 1,4 млн. тоннага жакын картөшкө өстүрүлөт.

Депутат Зиядин Жамалдинов өкмөттөн Ысык-Көл, Нарын, Ош облусунун дыйкандарына картөшкө өстүрүү кирешелүү, пайдалуу болорун ишендирүүгө үндөгөн.

Май айында өзбек маалымат каражаттары картөшкөнүн баасын түшүрүү үчүн өкмөт аны Кыргызстанда сатып аларын жарыя кылган.

Ташкенттин “Чорсу” базарында картөшкөнүн килограммы миң сумдан 6-6,5 миң сумга чейин (60-65 сомго жакын) арзандаганы кабарланган. Ошол эле учурда Ош облусунда картөшкө кымбаттай баштаган.

“Ош Пирим” телеканалынын маалыматына караганда, 10 күн ичинде картөшкөнүн баасы 35 сомдон 50 сомго чейин көтөрүлгөн. Телеканалдын кабарчысына бир сатуучу картөшкө “тонналап Өзбекстанга кетип жатканын айткан.

Өзбекстандагы картөшкө кезеги

Бирок жайында өзбек тарап кыргыз картөшкөсүн сатып алууга тыюу салганы ачыкка чыкты.

Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Амангелди Исаевдин 24.kg маалымат агенттигине билдиргенине караганда, бул тууралуу расмий кабар, түшүндүрмө келген эмес.

«Июлда биз Өзбек Республикасынын Айыл чарба министрлигине жагдайды тактап берүүнү өтүнүп кайрылганбыз. Жообу эмдигиче келе элек. Өндүрүмдү жеринде көрүш үчүн биз аларды Кыргызстанга да чакырганбыз», - деп билдирген Исаев.

Анын айтымында, бул маселени чечиш үчүн экономика министри Олег Панкратов Ташкентке бармай болгон. Бирок министрдин Өзбекстанга сапары болбой калганын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Өзбекстанда картөшкөгө кезекке тургандар.
Өзбекстанда картөшкөгө кезекке тургандар.

​Эми жайды-жайлай тер төккөн дыйкандардын бир жылдык мээнети талаага кеткени турат.

«20 күн мурда каза баштаганбыз. Болжолдуу эсеп менен ар бир гектарда 10 миң сом калып калып жатат. Меники бир эле гектар», - деди Ак-Суу районунан келген дыйкан Кыдырбек Жумабаев.

Ушундай эле жагдай пияз айдагандардын да маанайын чөктүрүп жаткан кези.

Бишкектеги “Сары-Өзөн” дүң соода базарында пияздын килограммы 7-8 сомдон сатылууда. Кийинки эки жылдан бери аны Казакстандан ташып келе баштаган, быйыл тескерисинче болмок. Базарга барганыбызда бир "КамАЗ" толтура пиязды түшүрүп жатышкан экен.

Жумушчулар Казакстандан келген пиязды түшүрүүдө. Бишкектеги “Сары-Өзөн” базары. 2018-жылдын 11-октябры.
Жумушчулар Казакстандан келген пиязды түшүрүүдө. Бишкектеги “Сары-Өзөн” базары. 2018-жылдын 11-октябры.

​«Биздин дыйкандардан пиязды 5-6 сомдон сатып алабыз, Казакстанда – 3-4 сомдон”, - дейт алып сатар Сооронбек Алмазбек уулу. – Алардын сапаты да дурус».

«Дыйкандарга убал. Былтыр пияз эки эсе кымбат эле. Аларга эми эч нерсе калбайт», - деп кошумчалады экинчи бир сатуучу.

Баарынан кыйын абал сарымсак эккендердики болуп турат, алар өстүргөн түшүмүнүн килограммы ушу тапта 10 сомдон 30 сомго чейин бааланууда.

Сарымсактын эң кымбат деген сорту базарда 60 сомдон турат. Былтыр дүңүнөн сатканда килограммы 100-110 сом болчу. Атамекендик азык-түлүктү Өзбекстан менен Тажикстандан келген өндүрүм кысмакка алууда, бажы төлөмдөрүнөн өтүп келгенден кийин деле алардын баасы жергиликтүүлөр өндүргөндөн кыйла арзан.

Андан да аларды алайын деген киши аз. Дыйкандар тонналаган сарымсактарын кампаларында сактап отурушканын базарда соода кылгандар айтышты.

Быйыл сарымсактын баасы арзан.
Быйыл сарымсактын баасы арзан.

​«Мынабу 6 тонна сарымсакты Сокулуктан алып келишти, бирок ал чирип кетиптир. Килограммын бир сомдон десе да эч ким алган жок. Ысык-Көлдө сарымсакты казып алуунун чыгымы оордугунан дыйкандар жыйнабай талаага таштап кетишти. Менде 9 тонна сарымсак бар, ушуну 10 сомдон да сата албай отурам. Дыйкандар күйүп атышат.

Былтыр Орусиядан соодагерлер келип 50-100 тоннаны килограммын 80-90 сомдон баалап алып кетишкен. Быйыл баары чирип жатат”, - деди нааразы болгон Замирбек Чокмошев аттуу сатуучу.

​Мээнети күйүп жаткан дыйкандар бийликтен жардам сурагандан башка айласы жок.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу аткаминерлер! Мобу картөшкө азыр алты сомдон сатылууда. Кытайдыкын бир мүшөгүн 7 сом 30 тыйындан алабыз, эки колкап 2 сомдон. Солярканын литри 45 сомдон түшөт. Картөшкө жыйнаган кишиге 1000 сомдон төлөйбүз.

2018-жылды сиз Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялагансыз, ал болсо өнүктүрүү жылы эмей эле, өлтүрүү жылы болуп жатат го. Сарымсактын баасы беш сомго түштү. Баасын жок дегенде 12 сомго чыгартып бериңиз», - деп кайрылды Ысык-Көлдүк дыйкан Бакытбек Асанбаев.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG