Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:42

ЕАЭБдин дыйканга жарыгы тие элек


Бишкек

Орусия акыркы бир жума ичинде Кыргызстандан ташылган 125 тоннадан ашык жашылча-жемишти артка кайтарды. Буга "азыктардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербейт" деген жүйө келтирди.

Жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана айыл чарба тармагындагы адистер бул үчүн өкмөттү айыптап жатышат. Айыл чарба министрлиги ишкерлер сертификат албай, өз өндүрүмүн экспортко өз алдынча жөнөтүп жатканын айтууда.

"Россельхознадзор" федералдык кызматы берген маалыматка караганда, өткөн аптада Оренбург облусунда Кыргызстан менен Казакстандан ташылып бараткан 116 тоннадан ашык жашылча-жемиш "фитосанитардык сертификаттары жараксыз" деген жүйө менен өткөрүлгөн жок. Орус-казак чек арасында токтотулган жүктүн 56,72 тоннасы Кыргызстандан чыккан өрүк менен сарымсак, калганы казакстандык дыйкандардын коону менен жүзүмү.

Ага чейин 28-29-июлда Новосибирск облусуна жөнөтүлгөн 57 тоннадан ашык өрүк "мыйзамсыз ташылып бараткан" деген негизде Кыргызстанга кайтарылган. 30-июлда да орус тарап "маркирленген эмес жана фитосанитардык сертификаты туура эмес" деп, Кыргызстандан бараткан жалпы салмагы 11 тонналык, курамына кургатылган жемиш, өрүк кагы, мейиз, грек жаңгагы жана сейдана кирген жүктү өткөрбөй койду.

"Россельхознадзор" карантинге алынган азыктарда анын аталышы, кай жактан чыгарылганы, сапаты, экспорттоочу жана реэкспорттоочу өлкө тууралуу маалыматтар, маркирлөө болушу милдеттүү экенин эске салды.

Ошентип, бир жума ичинде Кыргызстанга кайтарылган азыктардын көлөмү 125 тоннадан ашты. Жашылча-жемиш, сүт жана эт азыктары артка кайтарылган учурлар буга чейин да болгон.

“Ысык-Көл АГРО” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Аскарбек Сулайманов Орусиянын бул кадамын бир нече себептер менен байланыштырууда:

Кармалган товарды дыйкандар эмес, алып-сатарлар ташып баратканын, алар жасалма сертификат сатып алып жолго чыкканын божомолдоп жатам.

- Биринчиден, "сертификаттар жасалма" деп атышат. Азыр бирдиктүү маалыматтар системасы аркылуу аны аныкташ оңой. Сертификаттар базага кирет да. Кармалган товарды дыйкандар эмес, алып сатарлар ташып баратканын, алар жасалма сертификат сатып алып жолго чыкканын божомолдоп жатам. Экинчи жагы Орусиянын ички саясаты менен байланыштуу. Алар өз өндүрүшүн коргош үчүн атайылап эле ушундай кадамга барган болушу ыктымал. Мындай аракет мурда деле болгон. Бирок кантсе да биринчи маселе Кыргызстандын өзүндө. Бизде мыйзамдар иштесе, товарлар ЕАЭБ салып берген лабораториялардын тастыктоочу документтери менен барса кармалмак эмес. Бизде лабораториялар бар, бирок тиешелүү адистер жетишпейт. Мисалы, Ысык-Көлдүн Түп районунда лаборатория иштегени менен вирусолог адистин жоктугуна байланыштуу сертификат берилбейт. Ушундай маселелерди бийлик комплекстүү карашы керек болчу. Лабораторияны куруп атканда кадр маселесин да эске алышса болмок. Азыр кармалган товарларды орус тарап артка кайтарып эле тим болуптур. Өздөрүнүн эсебинен жок кылдырып салган учурлар да болот. Бул бизге сабак болушу керек. Экспортко алып баратканда бүт баарын камдап алып чыккан туура. Бир чети, биздин чек арадан эле өткөрүлбөшү керек эле да. Документи толук болбогон өндүрүмдү кантип сыртка чыгарып жиберишти?

Расмий эсепке караганда, быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБден импорту көбөйүп, экспорту азайып кетти. Өлкөнүн уюмдагы башкы соода өнөктөшү - мурдагыдай эле Орусия. Быйыл төрт айда Орусияга 102 миллион долларга товар экспорттолсо, 351 миллион долларлык товар импорттолгон. Көрүнүп тургандай, импорт экспорттон үч эседен ашык көптүк кылат.

Академик Жамин Акималиев экспорттун азайышын сынга алып, мунун себебин Кыргызстандан Орусияга ташылган товарлар ара жолдо өткөрүлбөй же артка кайтарылып жатканынан көрөт:

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

- Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенине үч жылдын жүзү болду. Бирок өзүбүздүн азык-түлүктү биримдикке кирген өлкөлөргө чыгарууда ийгилик болбой жатат. Быйылкы жылды карасак, тескерисинче импорт көбөйүп, экспорт азайып кетти. Бул жерде биздин дыйкан-малчылардын күнөөсү жок. Буга эки мекеме күнөөлүү - Айыл чарба министрлиги менен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция. Алар үч жылдан бери биздин азык-түлүктү сыртка сатууга шарт түзө албай коюшту. Логистикалык борборлор, лабораториялар жакшы курулбай атат. Товарды алып баруу, жеткирүү ишке ашпай жатат. Жөнөкөй эле азык-түлүккө сертификатты да бере албай отурушат. Сертификат деген азык-түлүктүн паспорту да. Ошону дыйкандарды убара кылбай жакшылап уюштуруш керек эле. Дыйкандарды Казакстанга, Орусияга чуркатпай, Бишкектен болобу, Оштон болобу берсе болмок. Эл азык-түлүктү чек арадан өткөрө албай отурса, аларга жардам бергендин ордуна кайра дыйкандарды "силер бизден сертификат албай кетип калгансыңар" деп күнөөлөп жатат. Кайдан алат? Биздин өкмөт ушул маселеге көңүл буруп, эки мекемени иштетип, иштете албаса жетекчилерин алмаштырып, чечкиндүү кадамга барбаса, ЕАЭБден эч кандай пайда көрбөй калдык.

Ал эми агрардык маселелер боюнча адис, профессор Аманкул Зулпукаров сыртка товар ташыган ишкерлер өздөрү документ иштерине шалаакы мамиле кылып жатышканын белгиледи:

Аманкул Зулпукаров.
Аманкул Зулпукаров.

- Ар бир өндүрүмдүн сапаты боюнча документ алыш керек. Ошону албай, чала бүтүрүп барышат дагы, ал жактан өткөрбөй коюшат. Көп өндүрүмдүн сапаты аныкталбаса, ал жерде элдин саламаттыгына зыян келиши мүмкүн. Күнөө өзүбүздө эле. Бул жактан жөнөтүп атканда кагаздарды, документтерди туура толтуруп жиберишсин. Аны Айыл чарба министрлиги катуу көзөмөлгө алышы зарыл.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда расмий түрдө мүчө болуп кирген. Бийлик бул уюм "Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жана жергиликтүү айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоого чоң өбөлгө түзөт" деп убада берген. Анткен менен үч жылдан бери ата мекендик дыйкан-фермерлер экспорт маселесинде бир катар мүшкүлдөргө туш болуп, үч жыл мурдагы үмүт акталбай жатканын айткандар бар.

Фермер, айыл чарбасы боюнча эксперт Манас Саматов Евразия Экономикалык Биримдиги экономикалык эмес, саясий максатта түзүлгөн деп эсептейт:

Манас Саматов.
Манас Саматов.

- Бул биздин мамлекетке таңууланган долбоор. Эгерде экономика жана өндүрүш багытындагы долбоор болсо, мындай көрүнүштөр чыккан учурда аны иликтеп чыгып, кийин анын кайталанбашы үчүн иштер жүрүшү мүмкүн эле. Саясий максатта болгондуктан анын баш-аягын табуу кыйын. Кыргызстандан барган өндүрүм кармалып, артка кайтарылышы биринчи жолу болуп жаткан жери жок. "Лабораторияларды куруш керек, аларды текшерип лицензия бериш керек" дешти, аны да көрдүк. Орусиядан келген лабораториялардын аты эле болбосо, жабдуулары бүт эски. Өздөрүндө өтпөй калган товарды таңуулап сатыштын бир жолу болуп отурат. Ошондуктан, менин баамымда, мындай көрүнүштөр токтобойт, улана берет.

"Азаттык" "сертификаттары талапка жооп бербейт" деген негизде артка кайтарылып жаткан азыктардын чоо-жайын сурап Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине кайрылды. Мекеменин өкүлү Болот Жумалиев документтерин толуктап кеткен ишкерлерде маселе жаралбай турганын билдирди:

- Бизден сертификат алып кеткендерде эч кандай маселе жок. Жүктүн артка кайтарылышы бирин-серин эле болуп атат. Мисалы, күнүнө карантинге алынган 100-200 партия жүк өтсө, кээде артка кайтарууга ошонун бир пайызы гана туш болуп калат.

Сыртка чыгарыла турган өсүмдүктөрдү, жашылча-жемиштерди фитосанитардык көзөмөлдөө милдети мурда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясында болчу. 2016-жылы ал функцияны Айыл чарба министрлиги өзүнө алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG