Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 03:35

12-августтан тарта Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттери Кыргызстан үчүн толук кандуу иштей баштайт.

Кыргызстан ЕАЭБ талаптарын аткарууга даярбы, өлкө биримдикке киргени экомикалык өрүш алдыбы же башка мүчө мамлекеттерге көз каранды бойдон калдыбы, биримдиктин талаптарын кыргыз ишкерлери кандай өздөштүрүп жатат, кыргыз өкмөтү мындан ары кандай аракеттерди жасашы керек? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде “Арай көз чарай” берүүбүздө кеп кылабыз.

Талкууга кыргыз өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов, ЖИА бирикмесинин аткаруучу директору Фархат Пакыров жана Оштон экономика илимдеринин кандидаты, доцент Эркин Абдразаков катышты.

“Азаттык”: Калысбек мырза, 12-августтан баштап Евразия экономикалык биримдигинин регламенттери толук кандуу иштей баштайт деп айтылып жатат. Алгач айтсаңыз, ал кайсы регламенттер эле, аларды аткарууга Кыргызстан даярбы?

Калысбек Жумаканов: Ооба, 12-августтан баштап ЕАЭБдин техникалык регламенттери б.а. эрежелер, стандарттары Кыргызстан үчүн күчүнө кирет, иштей баштайт.

18 техникалык регламенттин экөө биздин тармакка түздөн түз тиешелүү: биринчиси - эт жана эт азыктары, экинчиси - сүт жана сүт азыктары жөнүндө техрегламенттер. Бул эт же сүт кандай өндүрүлүшү керек, кандай сакталышы керек, кандай ташып жеткирилиши керек деген талаптар, стандарттар.

Биз мындан башка да бир нече нормативдик документтерди ишке киргизип жатабыз. Буларды аткарылбай турган катуу талаптар катары кабыл албоо керек. Биз, ЕАЭБге мүчө болгонго чейин деле, акыркы эки жылдан бери ички эрежелерибиз, мыйзамдарыбыз менен иштеп келгенбиз. Мындан ары да тиешелүү документтерди уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагында иштей турган экономикалык, интеграциялык жалпы эрежелерге шайкеш келтирүүгө аракеттерди көрүп жатабыз. Биз бул убакка чейин ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жасап келдик, дагы улантабыз. Адистер болсо тиешелүү окуулардан өтүштү.

“Азаттык”: Кыргызстандын биримдиктин талаптарына, стандарттарына даяр болушуна, көнүп кетүүсү үчүн Орусия, Казакстандан каржылык жардам берилип жатты эле, алар толук келдиби?

Калысбек Жумаканов: Чек арадагы өткөрмө пункттарын жабдуу боюнча жардамдар Орусиядан келмек эле, алардын биринчи этабы аткарылды десек болот. Чек арадагы адистерди окутуу да каралган болчу, ал аткарылды. Экинчи этабына жардамды ушул жылдын ноябрь айына чейин берибиз деп жатышат. Бишкек менен Ошто эки лаборатория ишке берилди. Казакстан болсо “жол картасын” ишке киргизүүгө 100 миллион доллар бермек болгон, ал боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Азаттык”: Фархат мырза, акыркы эки жылда кыргыз ишкерлери уюмдун койгон талаптарын аткаруу, товарларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүнү кандай өздөштүрдү?

Фархат Пакыров: Биз, Кыргызстандын ишкер коомчулугу бул маселени бир жыл мурда эле көтөргөнбүз. “Берилген жеңилдиктердин мөөнөтү бүтөт, кийин көйгөйлөр жаралып калбасын” деп даярдыктарды баштаганбыз.

Жалпылап айтканда мындай, биз ишкерлер арасында сурамжылоо жүргүздүк, алардын кайсы бир бөлүгү буга чейин эле эл аралык стандарттар боюнча үчүнчү өлкөлөр менен иштеп келаткан тажрыйбалары бар экен.

Башкача айтканда, биздин ишкерлер Кытай, Жапония, Корея же Араб өлкөлөрү менен экспорттук кызматташтыкты мурда эле жүргүзүп келатканын байкадык. Алар үчүн ЕАЭБдин талаптары жолтоо болбойт, аткаруу жеңил десек болот. Мындан сырткары Бишкектеги орто чакан бизнестин өкүлдөрү да маалыматка жакын, жалпы процесске аралашып, активдүү болгондуктан буларда деле ЕАЭБ эрежелери маселе туудурбайт деп ойлойм. Ал эми аймактардагы ишкерлер арасында маселе бар, аларга маалымат жетпейт, түшүндүрүү иштери аз. Мисалы, Баткендеги биздин шериктеш-ишкер ЕАЭБдин талаптарын аткаруу үчүн дагы эки жылдай көп жумуштарды жасашыбыз керек турбайбы деп отурат...

Ош базары
Ош базары

“Азаттык”: Эркин мырза, аймактар демекчи Кыргызстандын түштүгүндө өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди дыйкандар биримдикке мүчө Орусия, Казакстанга алып чыгып сатууну көбүрөөк көздөшөт эмеспи. Кыргызстан мүчө болгондон бери ЕАЭБдин үзүрүн кыргыз ишкерлери көрүп жатабы, өсүш барбы?

Эркин Абдыразаков: Фархат мырза туура айтат, Бишкекке салыштырмалуу аймактарда жетиштүү маалымат жок. Мисалы, Кыргызстандын түштүгүн ала турган болсок эт, сүт азыктары дээрлик сыртка чыкпайт. Болгону аткезчилик жол менен Казакстанга жылкы, кой эти чыгат, анан бир аз Иранга чыгат деген маалыматтар бар, ирандыктар өздөрү учак менен ташып көрүштү окшойт, ал жагы деле жолго коюлбады.

“Кыргыз эт” деген мекеме түзүлгөндө көп үмүттөр бар эле. Аймактарда семинар-окууларды өткөрүштү. Өкмөттүн талабы бар эле “ар бир райондо стандартка ылайык мал союучу жай болсун” деген, ал дагы ишке ашпады.

Бизге кошуна Өзбекстан, Тажикстандын товарлары көп кирет. Тилекке каршы, биздин товарлар сыртка чыгып атаандаш боло албай жатат. Өткөндө Орусиянын Новосибирск шаарына барган 140 тонна жашылча-жемиш сертификаты, келишими жок деген шылтоо менен кайра артка кайтарылды. Бул факты дыйкандарды ЕАЭБдин деңгээлинде даярдабаганыбызды айтып турат. Ушунчалык чоң көлөмдөгү товар чек арадан өтүп жатканда мамлекеттик органдар да тыкыр көзөмөлгө алып, шарт түзүшү керек болчу...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG