Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Орусия берген 127 млн доллар кайда жумшалды?


Орус өкмөтү берген 127 миллион доллар кайда сарпталганы коомчулукта кайрадан кызыгуу жаратты.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирерде орус өкмөтү 200 млн долларлык жардам убада кылган. Каражат Кыргызстанды уюмдун шарттарына ыңгайлаштыруу үчүн жумшалмак.

Кийинчерээк эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимине ылайык, каржылык жардамдын 127 млн доллары орусиялык Crocus international жеке компаниясына которулмак. “Крокус” Кыргызстандын бажы пункттарын жаңылап, лабораторияларды курмак.

Бирок арадан эки жылдан ашуун убакыт өтсө да орусиялык компания өз милдеттерин толук аткара элек. Коомдук ишмер Эдил Байсалов 127 млн доллар башынан эле коррупциялык схема менен жеке колдорго берилгенин айтып келет.

- 127 млн доллардын 27 миллиону эле Кыргызстандын бажы пункттарын оңдогонго кенен жетмек. Лабораторияларга деле анча көп каражат кетмек эмес. Азыр ошол иштерге канча акча сарпталып жатканын биле албайбыз. Анткени алар жеке компания, бизге отчет бербейт. Ошондуктан Орусиянын 129 миллион долларын жеке компанияга карматкан жетекчилер Кыргызстанга чыккынчылык кылган. Бул биздин тарыхтагы коррупциялык эң чоң схема.

ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

​ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

Кыргызстан өз продукциясын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмне үчүн эркин сата албай жатат? Кошуна Казакстанга жашылча-жемиш киргизүүгө эмне тоскоол болууда? Орусиядан помидор ташып келүүнүн зарылчылыгы эмнеде?

Байсалов бул ишке "Крокустун" кожоюну менен Орусиянын федералдык бажы кызматынын мурдагы башчысы Андрей Белянинов аралашкан деп эсептейт. “Крокус интернэшнл” компаниясы орус ишкери, түбү азербайжандык Араз Агаларовго таандык. Ал жөнүндө “Нью-Йорк таймс” басылмасы жакында эле макала жарыялап, Агаларовдун Кыргызстандагы 127 млн доллар “олжосу” тууралуу да кеп козгогон.

Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “Крокус” тууралуу да пикирин билдирди. Мамлекет башчысы бул иште эч кандай коррупция жоктугун, Орусия өзү берген акчаны каалаган компанияга которорун айтты:

- Орусия эмерекке 200 млн доллар жардам берип жатса рахмат деш керек. Буюрса Казакстан да 100 млн доллар беребиз деп жатат. Биз алып атабыз. Шек санап жатсаңар текшергиле, уурдаган адамды каматкыла. Бирок канча казсаңар да бул иштен эч нерсе таппайсыңар.

Биздин ишкерлер айыл чарба азыктарын анализден өткөрүү үчүн Алматыга барып жатышат. Бишкекте эл аралык стандарттарга жооп берген лаборатория жок.
Руслан Акматбек

Анткен менен жергиликтүү ишкерлер Орусиянын каражатына курулмакчы болгон техникалык жабдыктар, лабораториялар кечеңдеп ЕАЭБдин пайдасын көрбөй жатканына нааразы. Жаш ишкерлер бирлигинин координатору Руслан Акматбек дыйкандар ветеринардык лаборатория үчүн Казакстанга барууга аргасыз экенин айтууда.

- Башында 127 млн жергиликтүүү ишканаларга берилсе иш кечеңдейт, ошондуктан орусиялык компанияга бердик, жада калса тендер өткөргөнгө убакыт жок дешкен. Эми болсо лабораториялар курулган жок. Биздин ишкерлер айыл чарба азыктарын анализден өткөрүү үчүн Алматыга барып жатышат. Бишкекте эл аралык стандарттарга жооп берген лаборатория жок.

“Баары Орусияда чечилет”

Ошол эле учурда Бажы кызматынын башчысы Азамат Сулайманов “Крокус интернэшнл” алган милдеттерин баскыч-баскыч менен аткарып жатат деп ырастоодо. Анын маалыматы боюнча, орусиялык компания ушул кезге чейин 19 миллион долларга жакын акчаны иштеткен. Сулайманов каражаттардын максаттуу сарпталышын эки өлкөнүн Бажы кызматтары көзөмөлдөйт деди:

- Орусия тарап башынан эле акчаны орусиялык ишкана иштетет деп талап койгон. Тагыраак айтканда, документтерди даярдоо, тендер өткөрүү, товарларды сатып алуу баары Орусияда жүргүзүлөт дешкен. Бирок биз менен макулдашылат. Алар биздин мамлекеттик органдар менен Кыргызстанга келе турган жабдыктардын сапаты боюнча макулдашат.

Деген менен бажы башчысы “Крокус интернэшнл” аткарчу иштер пландан бир жарым жылга кечеңдегенин, буга бюрократиялык тоскоолдуктар себеп экенин кошумчалады.

Орусия берген 200 млн доллардын калган 71 млн доллары үч багытта иштетилмек. 16 млн доллары Кыргызстандын маалыматтык системасын ЕАЭБдин талаптарына ылайыктоого жумшалса, 49 млн доллар менен бажы бекеттери жабдылмак. Ал эми калган 6 млн доллар адистерди даярдоого багытталат деп эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишиминде макулдашылган. Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда мүчө болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG