Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

ЕАЭБ: ишкерлерди сынаган регламент


Евразия экономикалык биримдигинин Кыргызстанга берген жеңилдик мөөнөтү аягына чыгууда. Август айынан тарта 18 техникалык регламент күчүнө кирген жатат.

Быйыл 12-августтан тартып Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында жаңы техникалык регламенттер күчүнө кирет. Күчүнө кирчү 18 техникалык регламент тигүү жана азык-түлүк тармагына тиешелүү болуп, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайыкташтырат.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакировдун айтымында, жаңы өзгөрүүлөр боюнча ишкерлерге маалымат берилип, тиешелүү даярдыктар көрүлүп жатат:

- Биринчиден, Кыргызстандын техникалык регламенттери иштеп эле келаткан. Эми алардын ордуна Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттери иштей баштайт. Анын негизинде капиталдуу түрдө өзгөрүү болот деп айта албайбыз. Бирок анча-мынча өзгөрүүлөр болуп, кошумча талаптар киргизилет. Акыркы бир жылдан бери ишкерлерге түшүндүрүү, даярдык иштери жүргүзүп келет.

Элдар Абакиров белгилегендей, жаңы эрежелерге ылайык, азык-түлүктөрдү ЕАЭБдин базарына чыгаруунун бирдиктүү системасы түзүлөт. Анын алкагында, Кыргызстандагы укуктук база экономикалык биримдиктин эрежелерине шайкеш келтирилди.

Жаңы талаптар суроо жаратты

Ишке киргени жаткан техникалык регламенттердин сегизи тамак-аш продукциясынын коопсуздугун жөнгө салат. Алар өлкөдө өндүрүлгөн тамак-ашты Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө экспорттоого жол ачарын Айыл чарба министрлигине караштуу Тамак-аш жана кайра иштетүү бөлүмүнүн башчысы Атамбек Ботоев билдирди:

- Негизинен бул техрегламенттерди киргизүү биз ЕАЭБдин аймагындагы керектүү базарларга биздин республикабызда өндүрүлгөн чийки жана кайра иштетилген тамак-аш азыктарын сапаттуу түрдө жеткирүү болуп саналат.

Ошентип, Кыргызстан кийинки айдан тарта тамак-аш жана тигүү тармагында Евразия экономикалык биримдигинин башка мүчөлөрү аткарган талапка ылайык иш алып барганы жатат. Бирок дал ушул талаптарды ата мекендик өндүрүүчүлөр аткарып, башка өлкөдөгү атаандаштар менен теңата иштөөгө мүмкүнчүлүгү барбы деген суроо турат.

Курамында тамак-аш жана тигүү жаатында иш алпарган ишкерлер бар Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыровдун айтымында, жаңыдан күчүнө кирчү регламент тууралуу жергиликтүү өндүрүүчүлөргө толук маалымат жетишпей жатат:

- Учурда Экономика министрлиги бир аз иш-чараларды өткөрүүгө аракет кылып жатат. Бирок бул жетишсиз деп айтсак болот. Себеби, аймактагы ишкерлердин баары эмне болот, кандай өзгөрүүлөр болот, эмнеге даярданышыбыз керек деп тынымсыз сурап жатышат. Анан бул жерде бир эле Экономика министрлиги эмес, өкмөттүн башка түзүмдөрү, Айыл чарба министрлиги, Ветеринардык көзөмөл боюнча инспекция бизнеске, ишкерлерге такыр эле маалымат берген жок.

"Даяр эмеспиз"

Дал ушундай эле пикирге Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров да кошулат. Эл өкүлүнүн айтымында, тиешелүү органдар тезинен даярдыкты күчөтпөсө, ар кыл нааразылык жаратышы мүмкүн:

- Өкмөт техникалык регламент боюнча иш алпарууга аракет кылганы менен толук кандуу болбой жатат. Азык-түлүк жана башка техрегламенттер кирген соң ар бир продукция өлкөгө кирип же чыгып жатканда кандай кагазга оролот дегенден тарта сапатына чейин талаптар пайда болот. Буга даяр эмес экенибиз анык. Өкмөт даярбыз дегени менен быйыл жыл башында транспорт, автоунааларды каттоого байланыштуу маселе көтөрүлгөндө чабалдыгын көрсөтүп, дүрбөлөң түшпөдүбү.

Бакиров айтып жаткан, Евразия экономикалык биримдигине мүчө эмес өлкөлөрдөн кирген автоунааларды милдеттүү каттоодон өткөрүү боюнча жобонун күчүнө кириши нааразылык жараткан. Анда автоунааны кароодон өткөрүп, сертификатты берген лабораториялар Кыргызстанда даяр болбогондуктан, Казакстанга барууга туура келген. бул автоколдонуучулар арасында нааразылык пайда кылып, өкмөт сын уккан.

Кыргызстан 2015-жылы август айында курамына Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения кирген Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп кирген. Анын астында биримдиктин аймагындагы товарларды техникалык жөнгө салуунун тартибине өтүү үчүн Кыргызстан үчүн эки жылдык өткөөл абал киргизилген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG