Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

ЕАЭБ: өткөөл учурдун жеңилдиктери жоюлат


Техникалык регламент тигүү жана азык-түлүк тармагына таасирин тийгизет
Техникалык регламент тигүү жана азык-түлүк тармагына таасирин тийгизет

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Евразиялык экономикалык биримдиктин Кыргызстан үчүн берилген жеңилдик мөөнөтү аяктап, августтан тарта азыркысына кошумча 18 түрдүү техникалык регламент күчүнө кире турганын эскертти.

Олег Панкратов бул тигүү жана азык-түлүк тармагына таасир этерин айтып, мына ошого өндүрүшчүлөр даяр болушу керектигин билдирди. Ал техникалык регламенттин баалоо шайкештиги документи жок товарларга 100 миң сомдун айланасында акчалай жазана салына турганын белгиледи.

Эксперттер өкмөт берилген жеңилдик мөөнөтүн туура пайдаланып кала албаганын жана жаңы регламенттердин күчүнө кириши кыргызстандык өндүрүшчүлөр менен экспортерлор үчүн оор жүк боло турганын айтып чыгышты.

Жаңы регламенттер күчүнө кирет

2017-жылдын 12-августунан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргызстандын жаңы техникалык регламенттерди кабыл алуусунун өткөөл абалы соңуна чыгат. Мына ошону менен буга чейин бекитилген сапаттык жана техникалык стандарттарга кошумча 18 түрдүү техникалык регламент күчүнө кире турганы белгилүү болду. Бул тууралуу билдирген вице-премьер-министр Олег Панкратов алар тигүү жана азык-түлүк товарларына тиешелүү экенин айтты.

Олег Панкратов жана Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ саммитинде, 7-март, 2017
Олег Панкратов жана Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ саммитинде, 7-март, 2017

Ошол эле учурда Олег Панкратов улуттук техникалык регламенттин шайкештик документи дагы эки жылга чейин күчүн жоготпой турганын ырастады:

- Ишкердин колунда улуттук регламенттин документи болсо, же ал аны 11-августка чейин алса, анда алар товарларын ошонун негизинде дагы эки жылга чейин сатууга мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде ал товар буга чейин техникалык жөнгө салууга жатпаган болсо, анда аларды дагы бир жылга чейин базарга алып чыгууга болот. Бирок андан кийин мына ошондой шайкештик документи жок товарлар сатылып жатса, анда биздин мамлекеттик көзөмөл органдары мындай ишкердикти административдик жоопкерчиликке тартат.

ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

​ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

Кыргызстан өз продукциясын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмне үчүн эркин сата албай жатат? Кошуна Казакстанга жашылча-жемиш киргизүүгө эмне тоскоол болууда? Орусиядан помидор ташып келүүнүн зарылчылыгы эмнеде?

Вице-премьер-министр Олег Панкратовдун айтымында, техникалык регламенттен өткөрбөй иш алып барган ишкерлерге товарынын көлөмүнө жараша 100 миң сомдон жогору өлчөмдө акчалай жазана салынышы мүмкүн.

Техникалык жөнгө салуу үчүн отуздан ашуун сыноо жана текшерүү лабораториялары иштеп жатканы белгиленди. Алардын арасынан үчөө эл аралык сертификациялоо укугуна ээ.

Айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев кайра иштетүү тармагы жаңы регламент менен иштөөгө даяр экенин билдирди:

- Негизинен мына ошолордун арасынан сегиз техникалык регламент тамак-аш, кайра иштетүү тармагына тиешелүү. Анын ичинен үчөө горизонталдык деп аталат. Алар бардыгын техникалык жактан жөнгө салат. Бешөө болсо түздөн-түз тамак-аш жана кайра иштетүү тармагы өндүргөн товарлардын сапатын жөнгө салат. Ишкер чөйрө менен жолугушууларды өткөрдүк. Учурда кайра иштетүү тармагы негизинен жаңы техникалык регламентти кабыл алууга даяр.

Эксперттер күмөн санашат

Бирок өкмөт өкүлдөрүнүн мындай корутундусуна айрым эксперттер макул эмес. Алардын айтымында, өлкө Евразиялык экономикалык биримдиктин техникалык регламентине толук өтмөк турсун, буга чейин улуттук регламентин иретке сала албай келген.

Көз карандысыз экономист Абай Алымкулов Кыргызстан жаңы жүктөмдөгү техникалык регламентти кабыл алууга даяр эмес деген ойдо:

- Башка өлкөлөр эбак эле алдыга кетип, техникалык регламенттерин мурда эле өзгөртүп, жабдууларын жаңылап алышкан. Биз болсо кала бердик. Ошондуктан азыр жаңы техникалык регламенттер күчүнө кирсе, алардын товарлары биздин базарларды басып, биздики болсо, чек арадан ары чыга албай калчудай болуп турат. Биздикилер 2015-жылдан бери жөн эле жүрдү. Ал жактан шарттарды камсыздоого берилген эки жылды биздин мамлекет туура пайдалана алган жок. Техникалык жардам берүү жагын мына ушул багытка колдонуу зарыл эле.

Ошол эле кезде ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн товарларына берилген сапаттык стандарттарды ырастаган сертификаттарды Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр тааный турганы жарыяланды. Бирок кандайдыр бир себептер менен товарларды мыйзамсыз кармап, сатыкка чыгарууга тыюу салган учурда мындай маселени жөнгө салуунун тартибин Евразиялык комиссия тескей турганы айтылды.

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчи орун басары Аширбай Жусупов жагдай тууралуу буларды айтты:

- Мына ошондой суроолор пайда болсо, биз ЕЭАБдин комиссиясына кайрылып, кат жазабыз. Анан ал жактан ошондой маселелерди териштирип, тескеп чыгышат. Эгерде биздин өндүрүшчүлөр мына ошол бекитилген ченемдерди сактабай, анан алардын товарларынан кандайдыр бир зыяндуу заттар чыгып кала турган болсо, анда мына ошол мамлекеттин тиешелүү органдары жүктү кайра артына кайтарганга жана жазана салганга акысы бар. Мына ошондой нерселерге жол бербөө үчүн биз ондук көрсөткүчтөгү лабораториялардан текшерип, анан товарга корутунду чыгарып берүү ишин жолго коюп жатабыз.

Кыргызстан 2015-жылы август айында курамына Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения кирген Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп кирген. Анын астында биримдиктин аймагындагы товарларды техникалык жөнгө салуунун тартибине өтүү үчүн Кыргызстан үчүн эки жылдык өткөөл абал киргизилген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG