Линктер

жума, 20-апрель, 2018 Бишкек убактысы 14:57

Кыргызстанда 12-августтан тарта ЕАЭБдин жаңы техникалык регламенттери ишке кирет. Кыргыз өкмөтү аны утурлай маалымат жыйынын уюштуруп, өлкө, ошондой эле ишкерлер менен фермерлер жаңы шарттарга даяр деп билдирди.

Евразия экономикалык биримдигинин он сегиз техникалык регламенти бир нече баскыч аркылуу ишке кирет. Анын ичинен негизги бөлүгү 12-августтан тарта иштей баштайт. Бул негизинен азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу болмокчу. Вице-премьер-министр Олег Панкратовдун журналисттерге билдиргени боюнча, жаңы эрежелер киргени менен чоң өзгөрүүлөр болбойт. Эң башкысы ишкерлер, фермерлер санитардык талаптарды аткаруусу зарыл:

- Техникалык регламенттер азык-түлүктү жана товарды ички рынокко сатуу үчүн чыгарган ишкерлерге багытталат. Мындан биздин ишкерлер менен фермерлер чочулабай эле коюшса болот. Анткени бул жерде деле байкаларлык өзгөрүү болбойт. Кыргызстандын өзүндө коопсуздукту талап кылган улуттук техрегламенттер бар. Алар ЕАЭБ техникалык регламенттерине окшош эле. Ошондуктан жаңы техрегламенттердин ишке кирүүсү менен шарттар катаалдап, талаптар өзгөрөт деп күтүүгө болбойт.

Ошентсе да айрым өзгөрүүлөр бар. Алардын ичинде товар атайын каттоого алынып, коопсуздук көзөмөлүнөн өтүүгө тийиш. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Төлө Исаковдун айтымында, ички базарда да сапаттуу товарлардын сатылышы шартталат:

- Бүгүнкү күнү ЕАЭБ аймагында бардык мамлекеттер базарларында көзөмөлүн күчөтүп, сапатсыз тамак-аштарды элдин дастарконуна жеткирбей, жок кылуу аракеттерин көрүүнү сунуштап жатат. Бул бизге да тиешелүү. Дыйкандар, ишкерлер базарга саткан товарларына сөзсүз түрдө сапаттык сертификат кагазын алууга тийиш.

Казакстан убада кылган 100 млн долларын берет

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда кирген. Андан берки аралык Кыргызстан үчүн өткөөл учур деп саналып, өлкөнүн бул экономикалык интеграцияга ыраатташуусуна мүмкүнчүлүк берилген. Орусия, Казакстандын каржылык жардамы менен даярдалган 33 сыноочу лаборатория жана 11 сертификат берүүчү орган ЕАЭБнин бирдиктүү реестрине киргизилген. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык лабораторияларга жалпы суммасы 2 млн долларлык жабдыктар алынып келинди. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков маалымдап, Казакстан менен Орусиянын убада кылынган каражаттары сарпталып жатканын билдирди:

- Убада боюнча Орусия 200 млн, Казакстан 100 млн доллар бермек. Орусия негизинен бажы тармагын жаңылап-модернизациялоону каржылады. Мындан тышкары ветеринардык лабораторияларга заманбап жабдуулар коюлду. Ал эми Казакстан 100 млн доллардын 41 млн доллары боюнча сметасы бекитилди. Жакында жумуш башталат. Бул Жол картасында көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо, тагыраак айтсам, ЕАЭБ шарттарына ылайык иш алып баруу үчүн тиешелүү министрликтер менен тармактарга акча бөлүнүп берилет. Ал эми экинчи этап менен калган 59 млн доллардын сметасы даярдалып, Казакстан тарапка сунушталды, учурда казак тарап карап жатат.

Чакан жана орто бизнестин жагдайы

Ушул тапта кыргызстандык 21 ишкана Евразия экономикалык биримдигинин аймагына товар экспорттоо укугуна ээ болсо, дагы жети компания арыз тапшырган. Булар негизинен ири компаниялар. Ал эми чакан жана орто ишканалар мындай укуктан четте калып жатышканын, буга алардагы маалыматтары жана мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз экенин белгилешүүдө. Жаш ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Фархад Пакыров жаңы техрегламенттердин шартында иштөөгө толук түрдө даяр деп айтууга эртелик кылат деген пикирде:

Ишкерлерге үмүт берген кыргыз-чех форуму

Чехиянын борбору Прага шаарында 15-майда кыргыз-чех бизнес форуму ачылды.

- Кептин баары чакан жана орто ишкерлерде. Анткени Кыргызстандын экономикасынын негизги бөлүгүн ушулар түзөт. Бирок ушул катмар учурда 12-августтан тарта күчүнө кирүүчү техникалык регламенттердин шарттары менен толук тааныш эмес. Аларга маалымат жетиштүү берилген жок. Жалгыз экономика министрлиги гана эмес, айыл чарба министрлиги, санитардык көзөмөл жүргүзүүчү тармактар тиешелүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок. Азыр чакан жана орто бизнестегилер чочулап турган учур. Аларга жөнөкөй тил менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүгө тийиш болчу. Ошондуктан толук түрдө даярбыз деп айтууга эртерээк.

Кыргызстан агрардык өлкө катары ички жана сырткы рынокко негизинен жашылча-жемиш, эт-сүт азыктарын сатат. Ошондуктан жаңы техникалык регламенттердин ишке кирүүсү кандай өзгөртүүлөрдү алып келет деген суроого жооп таба албай тургандардын арасында дыйкандар менен малчылар басымдуу.

Баткендеги "Алыш-Дан" био-кооперативинин башчысы Турсунали Төлөмүшев ЕАЭБ тарабынан берилген эки жылдык өткөөл учур туура пайдаланылган жок деп эсептейт:

- Биздин ишкана даяр эмес. Анткени, жаңы техрегламент боюнча экспортко товар чыгаруучу ишкананын өзүнүн цехи болушу керек. Ал цехтер өндүрүштүн тазалыгы боюнча ХААСП стандартына ылайык болууга тийиш экен. Бул маалыматты биз эми гана, жакында Экономика министрлиги уюштурган экспорт кербенинде гана уктук. Эки жылдан бери неге ушундай талаптар тууралуу маалыматтар дыйкандарга, чакан ишкерлерге жеткирилген эмес?

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирсе, 200 млн керектөөчүсү бар базар ачылат, биздин таза, органикалык азыктарыбыз бул базарда кымбат баага сатылат деген сөздөр айтылып, бирок эки жылдан бери ал толук ишке аша элек. Өткөн жылы Казакстан жана Орусиянын чек арасынан миңдеген тонна жашылча-жемиштер кайтарылса, Казакстан өлкөдөгү эпизоотикалык абалды негиз кылып, айрым эт-сүт азыктарын алып кирүүгө тыюу салган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG