Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Назарбаев: Кыргызстанга жардам берүүнү улантабыз


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казакстан Кыргызстанга ЕАЭБ алкагында жардам берүүнү улантат. Бул тууралуу бүгүн уюмдун Бишкектеги саммитинде казак президенти Нурсултан Назарбаев айтты.

Назарбаев Казакстандын ЕАЭБ менен сырткы товар алмашуусу быйыл эки айда 37% өссө, Кыргызстан менен 41% жогорулаганын жана бул өсүштү сактап калуу зарылдыгын белгилеп, өнүгүүгө карай тоскоолдуктарды жоюу керектигин кошумчалады.

"Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө документтер Евразиялык комиссияга берилди. Мындан ары жардам берүү иштерин улантабыз" деди Назарбаев.

Ошону менен катар казак президенти "жол картасын" иштеп чыгууну, жаңы өлкөлөр менен келишимдерди түзүүнү сунуштап, мисалы, Иран, Сербия жана дагы бир катар өлкөлөр иштешүүгө даярдыгын билдирип жатканын айтты.

Назарбаев өз сөзүнүн аягында жыйынга катышып жаткан президенттерди Казакстанда өтө турган EXPO 2017 көргөзмөсүнө катышууга чакырды.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Бүгүнкү жыйынга бул мамлекеттердин президенттеринен тышкары Молдованын башчысы Игорь Додон катышууда. (SDz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG