Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

ЕАЭБ: чек арадан кайткан азык-түлүк


Бишкектеги жашылча базары.
Бишкектеги жашылча базары.

Орусия жыл башынан бери Кыргызстандан барган 300 тоннадай жашылча менен мөмө-жемишти артка кайтарды. Буга чейин Казакстан да 47 жолу азык-түлүктү Бишкекке кайра жөнөткөн. Буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербегени себеп болгон. Тийиштүү органдар Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптары тууралуу ишкерлер эскертилип жатканын билдиришүүдө.

Кайра кайткан тонналаган азык

Орусиянын “Россельхознадзор” федералдык кызматы Кыргызстандан барган азык-түлүк менен жашылча, мөмө-жемишти кайтарган учурларын күн алыс жарыялагаса да, жыл башынан бери канча факт катталганын так билдирген эмес.

Маалымат каражаттары мекеменин сайтындагы кабарга гана таянып, ар бир окуяны өзүнчө жазып келатышат.

Февралда Орусиянын Айыл чарба көзөмөл башкармалыгынын Оренбург облустук бөлүмү кыргызстандык ишкерлер алып бараткан үч жарым тонна күрүч менен буурчакты киргизбей койгон.

Май айында болсо ушул эле Оренбургдагы аймактык мекеме Кыргызстандан бараткан 61 тонна азык-түлүктү (анын ичинде 19,3 тонна гиласты, 0,55 тонна бадыраңды, 21,42 тонна жемиш кагын, 20,5 тонна сабизди) Орусиянын аймагына өткөрүүгө уруксат бербей койгон.

Ушул эле айда “Россельхознадзордун” Новосибирск облустук башкармалыгы 62 тонна жашылчаны (22 тонна пияз жана 40 тонна капуста) кайра Бишкекке кайтарган. Ал эми август айынын башында, бир жума ичинде орусиялык көзөмөл мекемесинин бөлүмдөрү Кыргызстанга 125 тоннадан ашык азыкты (өрүк, сарымсак, жаңгак, сейдана, как) өткөрбөй койду.

Соңку эки күн ичинде эле Орусияга дагы 43 тонна жашылча жана жемиш (жүзүм, кулпунай, жаңгак ж.б.) киргизилген жок.

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Ошентип жыл башынан бери Орусиядан кайра кайтарылган азык-түлүктүн эсеби 294 тоннага жетти. Ачыкка чыкпаган маалыматтарды кошкондо көрсөткүч мындан да көбүрөөк болушу мүмкүн. Канткен күндө да бул товарлардын кайтарылышына фитосанитардык сертификаттардын жараксыз жана талапка жооп бербегени негиз болгон.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Фитосанитардык жана карантиндик департаменттин жетекчисинин орун басары Болот Жуманалиев буга ишкерлер өздөрү күнөөлүү деп эсептейт:

- Экспортерлор бизден фитосанитардык сертификатты албай эле, чек арадан түз өтүп кетип калып жатышат. Чек арага жеткенде эле "сертификаты жок" деп кире албай калат. Бул жерде биздин кызматкерлердин түздөн-түз күнөөсү жок. Ал эми сертификаттын мөөнөтү өтүп кеткенине ар кандай нерселер себеп болот. Маселен, ишкерлер азык-түлүгүнө сертификат алып, бирок жолдо автоунаасы бузулуп же чек арада туруп калганы үчүн кечирээк жетип калышы мүмкүн. Ошондо тастыктаманын мөөнөтү эскирип кетип, жараксыз болуп калат. Же товардын өзү бузулуп кетет да, адистер өткөрбөй коюшу мүмкүн.

Ошол эле учурда Казакстандын тийиштүү мекемеси Бишкектен барган азык-түлүктү кайтарган 47 факты катталганын Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине билдирген.

ЕАЭБдин пайдаланылбаган “жарыгы”

Экономист Айылчы Сарыбаев Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болуп туруп Кыргызстан бул уюмга кирген өлкөлөргө товар экспорттой албай жатканын сынга алат. Ал да мында ишкерлердин айыбы бар экенин айтып, бирок мамлекеттик органдарга да кине койду:

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

- ЕАЭБ оюнчук эмес. Биз мүчө боло калсак эле бардык товарларыбыз чек арадан агылып өтүп, сатыла баштайт дегенди түшүндүрбөйт. Бул уюмга кирген өлкөлөрдүн ар биринин өз эрежеси бар, чек арадан анын баарын санитардык жагын текшерип, анан киргизишет. Үч жыл ичинде биз ошону түшүнүп, даяр болушубуз керек эле. Ошол эле логистикалык борборлорду салып, жалпы стандартка туура келе тургандай азык-түлүктөрдү жөнөтүүгө өтүшүбүз керек. Тилекке каршы, даярдык иштерибиз чабал болду. Логистикалык борборлор да жетишсиз, түшүндүрүү иштери да жакшы жүрбөдү. Анын натыйжасы ушул.

Товарларын Орусияга же Казакстанга ташып барып, киргизе албай калган ишкерлердин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Дыйкандар жана багбандар түшүмүн көбүнчө ортомчуларга эле карматып, баш оорусу жок отурууну каалай тургандыгын айтышты.

Ноокат районундагы “Алтын алма” кооперативинин жетекчиси Кубаныч Капаров фитосанитардык текшерүүлөр коррупция менен, ал эми чек арадан өтүү машакат менен коштолорун кабарлады:

- Документтер туура болгондо деле, биздин чек арадан же казак-орус чек араларынан кызматкерлер акча сурап, ар нерсе кылып кыйнап жиберишет экен. Маселен, биздин алма жакшына болуп турса деле "тыюу салынган препараттар менен дарыланыптыр" деп ар кайсы шылтоону айтып пара сурашат. Биздин көп тааныштарыбыз ошентип, чек арага жеткенде мөмө-жемиштери көп жолу күйүп кетти. Ошондуктан биз жакшысы казактардын же орустардын өздөрүн эле "бул жактан алып кеткиле" деп, келишим түзүп алганбыз. Алар Ноокатка келип, алманы өздөрү ташып кетишет. Бир аз арзаныраак сатабыз албетте, бирок башка айла жок.

Актурпак күрүчү.
Актурпак күрүчү.

Ага карабай Айыл чарба министрлиги 2018-жылдын башынан бери азык-түлүктү Орусияга ташуу үчүн ишкерлерге 2843 сертификат берилгенин, ал эми Казакстанга ташуу үчүн 503 сертификат берилгенин ырастайт. Мекеме булардын баары канча тонна товар ташыганын тактабагаса да, "баары ошол өлкөлөргө чыгып кеткен" деп билдирүүдө.

Айрым ишкерлер деле уруксат кагаздары болсо Орусияга жашылча-жемиш экспорттоо татаал эмес экенин айтып жатышат. Алардын бири Ош шаарынан “Келечек” акционердик коомунун жетекчиси Мадамин Эргешов өз тажрыйбасын айтып берди:

- Биз жашылча-жемишти Якутия менен Казакстанга он жылдан бери экспорт кылабыз. Чынын айтыш керек, ЕАЭБге киргенден кийин чек арадан алып өтүү бизге кайра жеңилдеди. Жемиштерге Айыл чарба министрлигине караштуу Ош облустук фитосанитардык жана карантиндик инспекциясынан сертификат алабыз, ошону менен эле жеткирип жатабыз. Эч кандай кыйынчылык болгон эмес. Он жыл аралыгында бир да жолу азык-түлүгүбүз кайра кайткан учур болбоду.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда расмий түрдө мүчө болуп кирген. Бийлик бул уюм "Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жана жергиликтүү айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоого чоң өбөлгө түзөт" деп убада берген. Анткен менен үч жылдан бери ата мекендик дыйкан-фермерлер экспорт маселесинде бир катар мүшкүлдөргө туш болуп, үч жыл мурдагы үмүт акталбай жатканын айткандар бар.

Евразия Экономикалык Биримдигинде Кыргызстандан тышкары Орусия, Армения, Казакстан жана Беларус да бар. Ортодогу бажы тосмолору алынган, бирок фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн.

Расмий эсепке караганда, быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБден кирген импорту көбөйүп, экспорту азайып кетти. Өлкөнүн уюмдагы башкы соода өнөктөшү - мурдагыдай эле Орусия. Быйыл төрт айда Орусияга 102 миллион долларга товар экспорттолсо, 351 миллион долларлык товар импорттолгон. Көрүнүп тургандай, импорт экспорттон үч эсе көптүк кылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG