Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:27

ЕАЭБ мигранттардын абалын оңдогон жок


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Рязань облусунда кулчулукта кармалып жүргөн он үч кыргызстандык кыз-келин куткарылды. Учурда алардын айлык акысын жана моралдык-материалдык кенемте өндүрүп берүү маселеси каралууда.

Байкоочулар Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенине карабай, мигранттарга мамиле өзгөрбөй келе жатканын белгилешүүдө.

Кулчулук азабы, кыйналган кыздар

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Орусияда кулчулукта иштеп жаткан кыргызстандык кыздар өз тааныштары аркылуу ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, кабар беришкен. Өкүлчүлүк кызматкерлери 18-мартта Мамлекеттик миграция кызматынын жана орус полициясынын өкүлдөрү менен кошо Рязандагы тигүү цехине барып, ал жердеги кыргызстандык жарандарды куткарып келишкен.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов "Азаттыкка" билдиришинче, кыргызстандык кыз-келиндер "Февраль" деп аталган ишканада кулчулукта жүргөнү аныкталган. Ал жерде жүз киши иштеп жатканы, анын 13ү кыргызстандыктар экени такталган.

- Паспортторун алып коюшкан. Сыртка чыга алышпайт. Фирманын ээси - орус жараны, ал эми негиздөөчүсү вьетнамдык экен. Тигүүчүлөрдүн көбү Вьетнамдан келиптир. Андан тышкары, Борбор Азиядан баргандар иштешкен. Жумушчулар кээде түнү менен иштегени, түшкү тамактанууга 40 мүнөт убакыт берилип, үлгүрбөй калгандарга 5000 рублдан айыппул салынганы да аныкталды.

Бакыт Сеитовдун маалыматы боюнча, орус полициясы тарабынан фирма жетекчилигине кылмыш иши козголду.

Кулчулукка кабылгандар Кыргызстандын түрдүү аймактарынан барышкан. Расмий маалыматтар боюнча, аларды Ош базарынын жанынан 39 жаштагы жаран "иш бар" деп алып кеткен. Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү ал жарандын тек-жайын ачык айткан жок, бирок кармалып, көрсөтмө берип жатканын кабарлады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маалыматтарга ылайык, кыргызстандык кыз-келиндер ишкана менен келишим түзгөндө аларга "12 сааттык иш болот, айлык акы айына эки жолу төлөнүп берилет, тамак-аш жана жатакана менен камсыз болот" деген убадалар берилген. Бирок иш жүзүндө тескерисинче кыздар саат 8:00дөн түнкү 2:00 - 4:00 чейин, 18-20 саат бою баш көтөрбөй иштешкен. Кыздардын түшүндүрмөсү боюнча, ишкана жетекчилери алардын документтерин алып коюшкан.

Кордукка чыдабаган кыргызстандык кыз жанын кыюу максатында кан тамырын кесип жиберген учурда да жетекчилик ал үчүн "Тез жардам" чакыруудан баш тарткан. ИИМдин өкүлчүлүгү бул кыздын абалы да учурда жакшы экенин маалымдады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяны кылдат иликтөөсүн өтүнүп, Орусиянын тиешелүү органдарына кайрылды. Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, учурда аларга айлык акысын өндүрүп берүү маселеси каралып жатат:

- Кыздар арыз жазганда айлык акысын, моралдык жана материалдык чыгымдары үчүн кенемте төлөп берүүсүн талап кылып жазышкан. Ошого жараша Тергөө комитети иш жүргүзөт. Кыздар Мамлекеттик миграция кызматына өздөрүнүн абалы тууралуу тааныштары аркылуу видео жиберип, билдиришкен. Азыр алар өздөрүнүн тааныш-туугандарынын жанында. Жардамга муктаждары жок, баары тарап кетишти.

Мыйзамдуу иштеген мигранттар аз

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, учурда Орусияда иштеген мигранттардын саны 640 миңдин айланасында. Укук коргоочулардын айтуусунда, алардын басымдуу бөлүгү эмгек шарттары сакталбаган, мыйзамсыз ишканаларда, цехтерде оор шарттарда иштешет. Алардын баамында, абал Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин деле оңолуп кеткен жок.

Москвадагы "Ноокат" фондунун жетекчиси, кыргызстандык мигрант Толкунбай Акматовдун "Азаттыкка" билдиришинче, кыргызстандыктарга иш таап, орношууда жеңилдиктер болгону менен, мыйзамдуу иштөө айрым учурларда мигранттар үчүн да, иш берүүчүлөр үчүн да пайдасыз:

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

- Мыйзамдуу, сегиз-он сааттан ашырбай, медициналык жана башка социалдык жеңилдиктери менен, салыктарын төлөп иштетүүдөн иш берүүчүлөр качышат. Анткени бул алар үчүн ашыкча чыгаша. Антип иштесе, айлыгы аз төлөнөт. Ошондуктан биздин мекендештер да мыйзамсыз, иш убактысынан ашыкча иштеп, бирок көбүрөөк айлык акы алгысы келишет.

Толкунбай Акматовдун сөзүнө караганда, Рязандагы окуя сыяктуу билбей туруп кулчулукка сатылгандардын көбү Орусияда жакын туугандары же жакшы тааныш-билиши жок, ортомчулар аркылуу кокусунан келип калган жарандар болуп чыгат:

- Ортомчулар кууратты. Алар Кыргызстанга барып, чоң-чоң базарлардан эле "Орусияда айлык акысы көп, тамак-ашы, жатаканасы бекер иш менен камсыз кылабыз" деп жарыя кылып, алдамчылык менен кыз-келиндерди, жигиттерди алып келип, бул жакта мыйзамсыз иштеп жаткан ишканаларга өткөрүп берип, ортодон акча алышат. Аларга алдангандардын көпчүлүгү - мурда-кийин Кыргызстандан чет жакка чыкпагандар.

Кысым азайган жок

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы августтан тарта мүчө болуп кирген. Анын эрежелерине ылайык, кыргызстандык мигранттардын макамы орус, казак, беларус жарандарынын макамы менен теңелип, жумушка эмгек келишиминин негизинде эле кире алышат. Бирок ошондо да кыргызстандык мигранттар үчүн каттоого туруу кыйын. Москвадагы "Мекеним Ала-Тоо" коомдук уюмунун жетекчиси Жамиляхан Бегиеванын айтуусунда, каттоого туруу кыйынчылыгынан улам, кыргызстандыктар кысымга туш болуп жатышат.

Жамиляхан Бегиева.
Жамиляхан Бегиева.

- Кыргыздарга батир берген кожоюндар алардын баарын каттоого коюуга макул эмес. Ошондуктан биздин мигранттар "каттоого туруу мыйзамын бузду" деген берене менен күнөөлөнүп жатат. Ушул маселени чечип беришсе жакшы болмок. Анча-мынча билбестиктен улам, оор акыбалга туш болгон мекендештерибизди эске албаганда, жалпысынан кыргызстандык мигранттарга жасалган мамиле жакшы.

Былтыр Сургут шаарында "каттоо мыйзамдарын бузган" деген айып менен кыргызстандык жубайлар кармалып, келинчеги кош бойлуу экенине карабай, тергөө абагында кармалып турган. Алардын колундагы "каттоосу бар" деген кагаз мыйзамсыз болуп чыккан. Каттоосу жок же катталуу дареги боюнча жашабаган мигранттарга 5 миң рубль айыппулдан тартып өлкөдөн чыгарууга чейин жаза каралган.

2016-жылы кышында Москванын четинде тигүү цехинде чыккан өрттөн кыргызстандык сегиз, ошол эле жылы августта "Печатный экспресс" деп аталган басмаканада чыккан өрттөн 14 кыз-келин өлгөн. Алардын улуусу 45, кичүүсү 17 жашта болгон.

7-мартта Новгород облусундагы Окулов райондук соту ал басмакананын башчысы Сергей Москвинди мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарган чечим кабыл алганы белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG