Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Анкарадагы Апалдын аргасыз абалы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын борбор шаары Анкарада мекендешибиз Апал жардамга муктаж. Эки ай мурун өзү менен чогуу келип иштеп жүргөн жолдошу ай-күнүнө жетип турган аялын таштап Кыргызстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес. Авиа агенттиктер кош бойлуу энеге учак билетин сатуудан баш тартышкан. Төрөткананын акчасын чогулта албаган Апал учурда мекендештеринин колдоосу менен жан багып жатат.

32 жаштагы Апал эки жыл мурун жети жаштагы уулун энесине таштап, жолдошу менен Түркиянын Анкара шаарына иштегени келген. Апалдын жолдошу келинчеги ай-күнүнө жетип турганын көрүп туруп, Кыргызстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес.

- 31-декабрда Жаңы жыл тосолу деп эле турганбыз. Бир маалда жолдошум "үйдөгүлөр телефон чалды, тез арада Кыргызстанга кетишим керек" деп шашкан бойдон учуп кетти. Мен да кошо кетейин десем, “сегиз айлык боюңда бар экен” деп мага билет сатпай коюшту. Ошол бойдон күйөөмдөн кабар жок.

Жаш жубайлар Анкара шаарында өзүнчө батирде туруп, Апал күндүз бирөөнүн үйүн тазаласа, кечинде кафелердин биринде идиш-аяк жууп, эки жумушта иштеген. Жолдошу Анкарадагы чоң курулуш фирмасында иштеп, жан багып жүрүшкөн. Күйөөсүнөн кабар ала албаган Апал анын мурун иштеген курулуш фирмасына барат.

- Мен акырын басып күйөөмдүн иштеген жерине бардым. Кожоюну мени көрүп чочуп, бир четинен боору ооруду окшойт. Көрсө күйөөм иштеген жеринен айлыгын толук алып, үстүнө дагы карыз алып кетиптир. Өзүмдү кармана албай шолоктоп ыйладым. Дагы эле кабар ала элекмин. "Эмне үчүн мени таштап кеттиң?” деп сурайын дедим эле. Өзүм дагы түшүнө албай эки ортодо калдым.

Апал ай-күнүнө жетип турган учуру. Күйөөсү менен Түркияда эки жылдан бери мыйзамсыз жашап, эмгектенип жүрүшкөн. Каражаттын тартыштыгынан улам Апал боюна бүткөндөн бери догдурга эки гана жолу көрүнгөн. Кош бойлуу эненин саламаттыгы начар.

- Азыр абалым кыйындады. Догдурга бир жолу барганымда "жети айлык төрөп калуу коркунучу бар" деп уколдорду жазган. Алты айлык боюмда болуп жүрүп иштедим. Ошондо акчасын төлөп бир аз көрүндүм. Эми иштейин десем да мүмкүнчүлүк болбой кор болуп турам. Анткени менин визам да, акчам да жок. Ооруканада бир көрүнгөнгө эле 300 лира (алты миң сом) сурайт. Төрөттө өзгөчө акчага муктажмын.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин өкүлдөрү Апал менен байланышкан. Анда мекендешибизге алдын-ала юридикалык колдоо көрсөтүлүп, төрөгөндөн кийин баласынын документтерин эмне кылыш керек экенин түшүндүрүшкөн.

Энис Зияли
Энис Зияли

Түркиядагы мигранттар менен тыгыз иштешкен адвокат Энис Зияли Апалдын абалын социалдык түйүндөн окуп билип калган. Тажрыйбалуу адис кош бойлуу келинге юридикалык кеңешин берип, ага Түркиядагы ушуга окшогон мисалдарды келтирген. Энис Зияли ошондой эле Түркияда мыйзамсыз жашап келген Апалдын төрөтүнө керектелчү каражатты өз чөнтөгүнөн чыгарарын айтты.

- Мыйзамдарга ылайык кош бойлуу аялдар төрөргө аз калган айларда учакка алынбайт. Бул үчүн пилот да, билет саткан фирма да, догдур да жоопкерчилик албайт. Андыктан Апал азыр Түркияда көз жарганга мажбур. Акча каражаты тартыш болгон учурда балким үйдө төрөшү мүмкүн. Бирок бул ыкма коркунучтуу жана кооптуу. Эң негизгиси - Апал азыр ооруканада төрөшү керек. Анткени төрөтканада көз жарса баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет. Ал документ менен метирка алып, андан кийин Кыргызстанга учуп кетсе болот.

Учурда Апал Анкара шаарында мекендештеринин үйүндө баш калкалап жүрөт. Социалдык түйүндөргө жагдайын жазып жардам сурагандан майнап чыккан эмес. Күйөөсүнүн кеткенине эки ай болсо да байланышкан эмес.

Түркиянын миграция департаментинин маалыматына ылайык, былтыр Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын саны мурунку жылдарга салыштырмалуу эки эсе көбөйгөн. Негизинен кыз-келиндер келип үй кызматтарында, бала багуучу, кары картаңдарды карап иштешет. Бирок үй-бүлөсү менен келип иштеген мекендештердин саны дагы арбын. Алардын дээрлиги кара жумуштарда, туристтик аймактарда тейлөө кызматтарында иштеп жан багышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG