Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Түркия: Айнуранын айыгышы акчага такалат


Кырсыкка кабылган кыргызстандык мигранттын абалы.
Кырсыкка кабылган кыргызстандык мигранттын абалы.

Анталиянын Финике аймагында эки кабаттуу үйдөн 2-январь күнү кокустан кулап кетип, ооруканага түшкөн кыргызстандык эмгек мигрантынын абалы дурус. Бирок тез жардам бөлүмүнөн чыккандан кийин ал кантип дарыланары бүдөмүк бойдон турат. Анткени Түркиянын мыйзамдары боюнча медициналык камсыздамасы жок чет өлкөлүктөр бекер дарылана алышпайт. Айнура кырсыкка чейин улгайган адамды багып иштеп жүргөн.

51 жаштагы Айнуранын оң бутуна жана оң колуна оор операция жасалып, гипс коюлган. Ушул тапта Айнура Финике райондук ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланып жатат. Мекендешибиз өзүнүн абалы тууралуу “Азаттыкка” айтып берди:

- Догдур 2-январда операция жасагандан бери келип карап кетип жатат. Бирок жакшы деле каралган жокмун. Бутум, колум гипсте. Жакшы дарыланып алсамбы дегем. Кайра кеткенге акчам деле жок. Ушул билет жагынан жардам болсо дейм.

Айнуранын Анталияга келип иштей жатканына үч ай болгон. Финике аймагындагы батирде улгайган адамды карачу. Ал балкондун эскирген бетонун басып алып, болгон салмагы менен экинчи кабаттан кулап түшкөн.

- Жарык өчүп, эшик жабылып калып, мен балкондо калып калдым. Анан мен балкондон терезе аркылуу кирейин деп, бетонду басып экинчи кабаттан кулап түштүм.

Түрк мыйзамдарына ылайык медициналык камсыздамасы жок жарандарды мамлекеттик оорукананын тез жардам бөлүмү бир жума бекер дарылаганга милдеттүү. Бир жумадан кийин илдетине жараша башка бөлүмдөргө которулуп дарыланышы зарыл жана ал үчүн оорукананын бардык төлөмдөрүн төлөөгө милдеттүү. Ал эми Айнура иштеген үй-бүлөнүн кожоюну анын ооруканадагы чыгымдарын көтөрүүдөн баш тарткан.

- Кожоюнум башында "сени бир жумадан кийин алып чыгып кетем" деген. Бирок бүгүн келип, "эмне кылсаң ошо кыл" деп орой мамиле жасап кетти. Догдурлар да "сен өзүң баса аласың, сени ооруканадан чыгарабыз" дешти. Талаада кала жаздаганда Анталиядагы мекендештер келип дагы бир жума бекер дарыланганга уруксат алып беришти.

Айнура иштеген үй-бүлө “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Tүркия менен Кыргызстандын ортосунда 90 күндүк визасыз мөөнөт бар. Бул мөөнөт өткөн соң Түркияда жашап, эмгектенген кыргызстандык жаран расмий виза алууга милдеттүү. Эмгек визасын алуу кыйла кыйын болгондуктан, кыргызстандык мигранттардын дээрлик баары туристтик виза менен же мыйзамсыз иштешет.

Түркиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарына юридикалык көмөк көрсөтүп келген адвокат Мурат Эршахин Айнура медициналык камсыздамасы жок кандайча дарылана тургандыгына токтолду.

Эгер бейтаптын жекече медициналык камсыздамасы болгондо менчик ооруканага которулуп кеткени дурус болмок.

- Кырсык болгондон кийин бейтап оорукананын тез жардам бөлүмүнө түшкөн экен. Андыктан өкмөт бардык төлөмдөрдү өз мойнуна алат. Бирок бейтаптын жатканына бир жума болуптур, демек тез жардам зарыл болгон кырдаалдан чыккандыр. Ошондуктан эми аны дарыгерлер ооруканадан чыгарат же акы төлөнүүчү бөлүмгө которот. Эгер бейтаптын жекече медициналык камсыздамасы болгондо менчик ооруканага которулуп кеткени дурус болмок. Анткени жеке камсыздама аркылуу менчик ооруканалар менен келишим түзүп дарыланса болот.

Анталиядагы мекендештер кезеги менен ооруканага келип котормочулук жактан жардам берип жатышат. Кыргызстандык Шахназ Айнуранын абалын угуп, бир жумадан бери анын жанында каралашып жатканын айтты.

- Мен азыр жумушум жок жүргөм. Анан группалардан кыргыз эже ушундай абалда экенин окуп, өзүм келип жардам берип жүрөм. Азыр жанында отуруп, баш-көз болуп жатам...

Айнура ооруканадан чыккан соң барар жери жок. Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө анын абалы тууралуу кабар берилген.

Жалпысынан Түркияда 19 миңден ашуун кыргызстандык жаран расмий катталган. Анталия аймагында эле алты миңдей мекендештерибиз эмгектенет. Дээрли баары туристтик виза алып иштешет. Ал эми 2014-жылдан тартып Түркиянын Миграция департаменти виза алуу жараянына жекече медициналык камсыздама алуу милдеттенмесин киргизген. Департаменттин статистикасына ылайык Кыргызстандан келген эмгек мигранттары мурдагы жылдагыдан эки эсе көбөйгөн. Түркиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары негизинен үй кызматтарында, бала багуучу болуп, улгайган адамдарды карап, соода түйүңдөрүндө иштешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG