Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Түркия: кыргыз келин жардамга муктаж


Түркиядагы ооруканалардын бири.
Түркиядагы ооруканалардын бири.

28-июлда Анталияда жол кырсыгына кабылган мекендешибиз өз атын коомчулукка айткысы келген жок. Кырсыкка себепкер болгон айдоочу да табыла элек. Жол кырсыгында оң бутунун согончогу жанчылып, оор операция жасалган 35 жаштагы келин Түркияда үй кызматында иштегенине жети ай болгон. Ооруканадан үйгө чыккан келин ушул тапта моралдык жана материалдык жардамга муктаж.

Жол кырсыгына кабылган мекендешибиз ысымын жашырып, Дамира деп атап коюубузду өтүндү. Дамиранын ооруканадан чыкканына бир айга чукулдап калды. Анын оң согончогуна оор операция жасалган.

- Кээде кечкисин дене табым көтөрүлүп жатат. Ооруканага барып турам. Улам кан алып текшерип, инфекция жок дешти. Бир жылга чейин ооруйт, чыда деп жатышат. Азыр бутум олчоюп шишип кеткендиктен сунуп отура албайм. Бутумду жерге койсом сыздап ооруйт. Ашып кетсе 5-10 мүнөт тикемен тура алам, анан жатышым керек.

Дамира кабылган каргашалуу кырсык 28-июлда түнкү 11де болгон. Катуу ылдамдыкта келаткан автоунаа мотоциклде бараткан Дамираны коюп, качып кеткен. Дароо полиция менен тез жардам чакырылып, кылмыш иши козголгон. Бирок унаанын айдоочусу ушул күнгө чейин табыла элек.

- Эки полиция кызматкеринин үйгө келип кеткенине бир аптадай эле болду, алардан да кабар жок. Келген полицияга телефон чалып, "эмне болду, таптыңарбы?" деп сурасам, "сен бизге тоскоол болбо, тапканда сага кабар беребиз" деп коюшту. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки адвокат жөнөтүшкөн, адвокатка чалсам "бул Кыргызстан эмес, тез арада баары бүтпөйт. Менин колумда сага окшогон 50 киши бар, мен кимисине жетишем? Акырындап болот, бир жылдын ичинде чечилет" деп койду.

Дамиранын кызыкчылыгын сотто анталиялык адвокат Дениз Гиргил коргойт. Ал кырсык болгон жердеги видеокамерадагы жазуунун табылбай жатканын биз менен байланышканда айтып берди:

- Кырсык болгон күнү ал жердеги коопсуздук камералар видеону жаздырбаптыр. Түркияда жолдогу коопсуздукту МОБЕСЕ деген системанын камералары тартат. Полиция МОБЕСЕден видео сураса, камера жаңы орнотулгандыктан видеону жаздырган эмес деген жооп болду. Ошентип полиция ишти жаап койгон экен. Мен өзүм окуя болгон жердеги машина саткан дүкөндүн, базардын коопсуздук камераларынын видеолорун сурап, жаздырып алдым. Ал жерде караңгы болсо да кырсык көрүнүп турат. Бирок Түркияда полиция жай иштейт. Мен Анталиянын прокуратурасына ишти кайра ачтырып, тыкыр териштирүү боюнча арыз жаздым.

Жолдун жээгиндеги дүкөндүн коопсуздук камерасына жол кырсыгы тартылып калган.
Жолдун жээгиндеги дүкөндүн коопсуздук камерасына жол кырсыгы тартылып калган.

Адвокат Дениз Гиргил эгер кырсыкка тиешеси бар киши кармалып, иши сотко өтсө, катуу жаза аларын эскертет.

- Айдоочу табылса качып кеткендиги үчүн жазасы катуу болот. Дагы бир жагдай - ал катуу ылдамдыкта келаткан. Мен айдоочу мас абалда болуш керек деп ойлоп жатам. Анткени катуу айдап, кырсык болгондон кийин токтобой качып кеткен.

Дамира учурда Анталияда батирде жашайт. Күнүнө жанына келип каралашкан кыргызстандык аял бар. 12-сентябрда кайра ооруканага барып бутундагы темирлерди алдырып, кайра башкасын койдуртат экен. Ооруканадагы бардык төлөмдөрдү медициналык камсыздандыруу фирмасы жабат. Бирок Дамира аны коюп кеткен айдоочунун табылбай жатканына жаны ачып турган кези:

- Күч органдары мени чет өлкөлүк деп карабай жатабы деп ойлоп турам. Менин эсимде калганы машина акыркы үлгүдөгү боз БМВ болчу. Мени сүзгөндө машинанын арткы кичинекей айнеги түшүп калган. Ичиндегилер ичип алганбы, айтор машинадан музыка жаңырып жаткан.

35 жаштагы Дамира жолдошу менен ажырашкан. Сегиз ай мурда Түркияга келген келиндин кырсыкка кабылганы тууралуу Кыргызстандагы ата-энеси, туугандары билишпейт. Ал Анталияда иштеп тапкан акчасын Кыргызстандагы жети жаштагы баласы менен сиңдисине салчу. Эми жол кырсыгынан кийин өзү жардамга муктаж.

Түркияда 14 миңдей кыргызстандык расмий катталса, Анталияда эле бейрасмий 6 миң мекендешибиз эмгектенет. Негизинен эмгек мигранттары туристтер арбын каттачу Стамбул, Анкара, Измир сыяктуу чоң шаарларда эмгектенишет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG